Башкы Жаңылыктар 2018-жылдын 18-сентябрында өткөрүлгөн Баткен облусундагы Лейлек районунун Исфана …

2018-жылдын 18-сентябрында өткөрүлгөн Баткен облусундагы Лейлек районунун Исфана шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитилди

16-Окт, 2018

2018-жылдын 24-августунда Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин №533 буйругу менен А.Д. Анарботоев Баткен облусундагы Лейлек районунун Исфана шаарынын мэринин кызматынан бошотулган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын №172 токтому менен Баткен облусундагы Лейлек районунун Исфана шаарынын мэрин шайлоо 2018-жылдын 18-сентябрына дайындалган.

2018-жылдын 11-сентябрында Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын №6 чечими менен Исфана шаарынын мэринин кызматына эки талапкер катталган: “КСДП” жана “Ата-Мекен” депутаттык фракцияларынан – Хамраев А.Н., “Республика Ата-Журт” депутаттык фракциясынан – Касымов А.С.

2018-жылдын 19, 20-сентябрында КР БШКга Исфана шаарынын мэрлигине талапкер А.С.Касымовдон, Исфана шаардык кеңешинин депутаттарынан жана төрагасынан 2018-жылдын 18-сентябрында болуп өткөн Исфана шаарынын мэрин шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузуулар жөнүндө арыздар келип түшкөн.

Кыргыз Республикасында Шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардан жана шайлоо процессинин башка субъектилеринен келип түшкөн арыз жана даттанууларды кароо боюнча жумушчу топтун чечими менен, арызга шаардык кеңештин 16 депутаты тарабынан кол коюлгандыгын эске алып, “кээ бир депутаттарга басым көрсөтүлгөндүгүн” текшерүү максатында, арыздар укук коргоо органдарына жиберилген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө шаардык кеңештин депутаттары жана шайлоо процессинин катышуучулары сурамжыланып, түшүндүрмөлөр алынган.

Басым жасоо, көрсөтмө берүү, эрк-ниетин эркин билдирүүгө тоскоолдук кылуу жөнүндө маалыматтар ырасталбагандыктан, Кыргыз Республикасынын ИИМнин Баткен облустук ИИБнын Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн 2018-жылдын 11-октябрындагы токтому менен, КР КЖКнын 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун жана 156-1-беренесинин негизинде, кылмыштын курамы жок болгондуктан кылмыш ишин козгоодон баш тартылган.

2018-жылдын 11-октябрында КР БШКга Исфана шаардык кеңешинин 17 депутатынан шайлоо, шайлоо мыйзамдарына ылайык өткөндүгү жана талапкерлер добуш берүүнүн жыйынтыктары менен макул болгондугу жөнүндө кайрылуу келип түшкөн.

Жогоруда баяндалгандарды эске алып, Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын №3 токтому менен бекитилген “Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:        

  1. Баткен облусундагы Лейлек районунун Исфана шаардык кеңешинин депутаттарынын кайрылуусун текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча укук коргоо органдарынын маалыматы эске алынды.

  2. Исфана шаарынын мэрин шайлоодогу 2018-жылдын 18-сентябрындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 21-сентябрындагы протоколдору бекитилип, Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Лейлек районунун Исфана шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылып, мэр шайланган Хамраев Абдивали Набиевич таанылды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>