Ноокен жана Каракол АШКнын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди
16 октября 2018
КР БШК Жалал-Абад облусунун Ноокен, Ысык-Көл облусунун Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды.
Ноокен, Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү: Т.Г. Абдувалиевдин, Т.Т. Калдыбаевдин, Ш.Р. Кылычбаеванын комиссиялардын курамдарынан, Кадыракун уулу К. комиссиянын резервинен чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде токтом кабыл алынды.
Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдувалиев Таалайбек Гапурович комиссиянын курамынан чыгарылып; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Ташиева Айгерим Дуйшеновна резервден комиссиянын курамына киргизилди.
Ысык-Көл облусунун Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
- “Мекен Ынтымагы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Калдыбаев Таалайбек Толкунович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Кылычбаева Ширин Рысалиевна комиссиянын курамынан чыгарылды;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Кадыракун уулу Калысбек комиссиянын резервинен чыгарылды;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Атантаева Жыпаркүл Идирисовна, Турдукеев Замирбек резервден комиссиянын курамына киргизилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
