КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16 октября 2018
2018-жылдын 16-октябрында КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Алай, Кара-Суу, Ноокен жана Токтогул АШКнын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
- Ош облусунун Алай айылдык кеңешиндеги депутат К.Сагынбаев депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Т.Бопоевге өткөрүлүп берилди;
- Ош облусунун Алай районунун Ленин айылдык кеңешинин депутаты Э.Чынгараев каза болгондугуна байлануштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер – Б.Айдаралиевге өткөрүлүп берилди;
-Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан айылдык кеңешиндеги депутат И.Абылкасымов каза болгондугуна байлануштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер – Д.Акбураевге өткөрүлүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Кочкор-Ата шаардык кеңешиндеги депутат ”Өнүгүү-Прогресс” деп.фракциясынан З.Атчабаров өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер –С.Орозматовго (”Өнүгүү-Прогресс” деп.фракциясы) өткөрүлүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Уч-Терек айылдык кеңешиндеги депутат А.Байышов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер –Б.Ажыкуловго өткөрүлүп берилди;
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
