Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэрин, Ысык-Көл районунун Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитилди
16 октября 2018
2018-жылдын 16-октябрында КРнын БШКсы 2018-жылдын 12-сентябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэрин, Ысык-Көл районунун Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорун бекитти.
Протоколдордун негизинде:
- Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылып, Каниметов Адыл Жанкорозович мэр болуп шайланды;
- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Кочоров Эсенгелди Мукамбетович өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Шайланган мэр жана айыл өкмөт башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Каракол жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
