Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
29.03.2019

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

2019-жылдын 29-мартында КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Манас, Жети-Өгүз, Ак-Талаа жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти. Ошентип: - Талас облусунун Манас районунун Покровка айылдык кеңешиндеги депутат Ж.Мураталиева депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – М.Муратовго өткөрүлүп берилди; - Талас облусунун Талас районунун Осмонкулов айылдык кеңешиндеги депутат Султанбек уулу Б. депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Э.Чаловго өткөрүлүп берилди; - Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Жаргылчак айылдык кеңешиндеги депутат А.Кошумбаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Т.Кулубаевге өткөрүлүп берилди; - Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айылдык кеңешиндеги депутат У.Керимбаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – С.Абдраимовго өткөрүлүп берилди. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КРнын БШКсы 2019-жылдын 19-майына дайындалган кээ бир айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоого карата шайлоо округдарынын жана участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитти
29.03.2019

КРнын БШКсы 2019-жылдын 19-майына дайындалган кээ бир айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоого карата шайлоо округдарынын жана участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитти

2019-жылдын 29-мартында КРнын БШКсы шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү боюнча Баткен, Жумгал, Кара-Кулжа, Алай, Ноокат, Кара-Суу, Кара-Буура жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын сунуштарынын негизинде: - Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айылдык кенешинин; - Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айылдык кенешинин; - Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айылдык кенештеринин; - Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кенешинин; - Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кенешинин; - Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз -Адыр айылдык кенешинин; - Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кенешинин; - Ош облусунун Ноокат районунун Н. Исанов айылдык кенешинин; - Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айылдык кенешинин; - Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке айылдык кенешинин; - Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айылдык кенешинин; - Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кенештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын жана участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитти. Жалпысынан 34 шайлоо округу жана 41 шайлоо участкасы бекитилди. Маалымат үчүн: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 23-беренесинин 3-пунктуна ылайык жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын сандык курамы тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин калкынын санын эсепке алуу менен белгиленет. КР Улуттук статистикалык комитети берген маалыматка ылайык 2019-жылдын 1-январына карата абал боюнча Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер (6023) жана Бейшеке (6164) айылдык кеңештеринин депутаттарынын сандык курамы 11 мандаттан 21 мандатка, Ош облусунун Ноокат районунун Н. Исанов (21079) айылдык кеңешинин депутаттарынын сандык курамы 21 мандаттан 31 мандатка көбөйдү. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 29-мартында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
28.03.2019

2019-жылдын 29-мартында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 29- март 2019-ж. Убактысы: 12.00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. 2019-жылдын 19-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 2. 2019-жылдын 19-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 3. 2019-жылдын 19, 23-мартында өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка, Төш-Булак, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Карагуз, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр, Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Бел-Алды, Нарын облусунун Нарын районунун Казан-Куйган айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 4. Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 5. Баткен, Алай, Кара-Буура, Аламүдүн жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 6. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Манас, Жети-Өгүз, Ак-Талаа жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 7.Ар түрдүү маселелер  
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү Грузиянын Батуми шаарында шайлоону башкаруу органдарынын жыл сайынкы 9-конференциясына катышууда
26.03.2019

КР БШК мүчөлөрү Грузиянын Батуми шаарында шайлоону башкаруу органдарынын жыл сайынкы 9-конференциясына катышууда

2019-жылдын 26-27-мартында Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясы “Шайлоонун адилдиги (Electoral Integrity): санарип доорундагы киберкоопсуздук жана маалыматтын аныктыгы” деген темада шайлоону башкаруу органдарынын жыл сайынкы 9-конференциясын өткөрүүдө. Конференцияга дүйнө өлкөлөрүнөн келген шайлоону башкаруу органдарынын жетекчилери, окумуштуулар жана эксперттер шайлоонун адилдигине жана ишенимдүү маалыматты таратуу процессине байланыштуу проблемаларды талкуулоо үчүн катышууда. Конференцияга Кыргыз Республикасынан БШК Төрагасынын орун басары А. Эшимов жана БШК мүчөсү К. Осмоналиев катышууда. Конференциянын негизги темасынын алкагында төмөнкү маселелер каралууда: - “Шайлоого технологиялык коркунучтун эл аралык перспективалары” – д-р Беата Мартин-Розумилович, Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондусунун (IFES) Европа жана Евразия боюнча региондук директору; - “Интернет-добуш берүүнүн коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыздоо – Эстониянын мисалы” –Тит Райдма мырза, Эстониянын Улуттук шайлоо комитетинин мүчөсү; - “Шайлоодо киберкоопсуздук боюнча ведомстволор ортосундагы кызматташуу” – Питер Вольф мырза, эл аралык уюм – IDEAнын шайлоо процесстерин техникалык жактан тейлөө боюнча менеджери; - “Чехия Республикасында шайлоодо маалыматтарды топтоонун, иштеп чыгуунун жана коопсуздукту камсыздоонун тутуму” – Ева Крампова айым, Чехия статистикалык башкармалыгынын биринчи вице-президенти; - “Грузиянын EMBи заманбап чакырыктардын алдында: киберчабуул жана маалыматты бурмалоо – жалган жаңылыктар” - Тамар Жвания, Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы ж.б. Конференция Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгында өткөрүлүүдө. Ушуга байланыштуу БШК Төрагасынын орун басары А. Эшимов Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атынан юбилей менен куттуктап, кесипкөй чоң жамаатка шайлоо тутумун андан ары өркүндөтүүдө, Грузия элинин өнүгүшү жана гүлдөп-өсүшү үчүн койгон максаттарга жетүүдө ийгиликтерди каалады. БШК мүчөсү К. Осмоналиев тегерек үстөлдө “КР БШКнын маалыматтык тутумунун киберкоопсуздугун уюштуруу” деген темада баяндама жасады. Ал Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан технологиялар менен пайдаланылуучу жаңы шайлоо модели тууралуу айтып берди. Шайлоо модели добуштарды жана маалыматтардын жыйындысын автоматтык түрдө саноо тутумун, шайлоочуларды биометрикалык маалыматтар боюнча иденттештирүүнү жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча программалык-аппараттык чараларды ичине камтыйт. КР БШКнын маалыматтык коопсуздук саясаты КР БШКнын колдо бар маалыматтык ресурстарды коргоонун программалык-аппараттык каражаттарын пайдалануу жолу менен коргоо тармагындагы ишмердигинин негизги багыттарын, максаттарын, милдеттерин жана маанилүү принциптерин чагылдырат. Санариптик жетишкендиктердин доорунда шайлоону башкаруу процессинде анык маалыматты баштапкы булактардан таратуу процессин үзгүлтүккө учуратуучу көптөгөн коркунучтар болот. Маалыматты атайылап бурмалоо, ошондой эле киберчабуул шайлоону администрациялоого, шайлоонун натыйжаларына жана жалпы эле шайлоо процессине карата коомчулуктун ишенимин олуттуу түрдө кетириши мүмкүн. Тиешелүү киберкоопсуздукту камсыздоо коомчулукка анык маалыматты жеткирүүдө пайдаланылуучу каражаттардын коопсуздугун кепилдейт, ал шайлоону башкаруунун ар бир органы үчүн маанилүү жана шайлоо боюнча эксперттердин талкуусунун негизги темаларынын бири болуп саналат. Шайлоо процессинин коопсуздугун камсыздоо, жалпыга маалымдоо каражаттарын, социалдык түйүндөрдү маалыматты бурмалоону четтетүү жана болтурбай коюу үчүн пайдалануу мындан ары дагы талкуулоо үчүн маанилүү проблема болуп саналат. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү     ​​​​​
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 23-мартында кээ бир айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын шайлоосу өттү
23.03.2019

2019-жылдын 23-мартында кээ бир айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын шайлоосу өттү

2019-жылдын 23-мартында Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков, Нарын облусунун Нарын районунун Казан-Куйган жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Бел-Алды айыл өкмөттөрүнүн  башчылары шайланды. Натыйжада: - Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 13 добуш алган Алиев Алтынбек Ганыевич шайланды. Орозбеков айылдык кеңешиндеги 21 депутаттан 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 3 талапкер катталган.  - Нарын облусунун Нарын районунун Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 6 добуш алган Ырысбек уулу Элдар шайланды. Казан-Куйган айылдык кеңешиндеги 11 депутаттан 11 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 4 талапкер катталган. - Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Бел-Алды айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 7 добуш алган Багынбаев Болот Тияншанович шайланды. Бел-Алды айылдык кеңешиндеги 11 депутаттан 11 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер катталган.  КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу!
22.03.2019

КР БШКнын шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу!

Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, саясий партиялардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары! Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 18-мартындагы ПЖ №41 Жарлыгы менен Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдык кеңештеринин, Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңешинин, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешинин, Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңешинин, Ноокат районунун Исанов айылдык кеңешинин, Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин, Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке, Бакыян айылдык кеңештеринин, Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин депутаттарын кезектеги шайлоо 2019-жылдын 19-майына дайындалды. Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоочулар! Шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо укугуна ээ. Шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет. Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар бул процедурадан жашаган жериндеги Мамлекеттик каттоо кызматынын органдарында биометрикалык каттоо пункттарынын дарегине барып өтө алышат. Эске сала кетсек, биометрикалык маалыматтары боюнча шайлоочуларды идентификациялоо башка шайлоочу үчүн добуш берүүнү жана шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоону жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк берет. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен www.shailoo.srs.kg порталынан текшере алышат. Шайлоочулардын тизмеси тийиштүү шайлоо участокторунда добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганда, б.а. 2019-жылдын 4-апрелине чейин илинет, Сиз ошол жерден өзүңүз жөнүндө маалыматтарды тактасаңыз болот. Сиз кандай болбосун ката же так эместиктерди, ошондой шайлоочулардын тизмесинде жок экениңизди тапсаңыз, Сиз добуш берүү күнүнө чейин 15 календарлык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2019-жылдын 4-майына чейин, тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына арыз менен Сиздин жергиликтүү жамаатка тиешелүү экендигиңизди тастыктаган ID-картанын көчүрмөсүн тиркөө менен кайрылууга укуктуусуз. Бул арыз токтоосуз участкалык шайлоо комиссия тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кароо үчүн жөнөтүлөт. Урматтуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын мүчөлөрү, саясий партияларынын өкүлдөрү! “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, 21 жаш куракка толгон, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укуктуу. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-пунктуна ылайык, талапкерлерди көрсөтүү укугу шаарлардын жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга, айылдык аймактын жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык. Саясий партиянын жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чечими жашыруун добуш менен кабыл алынат. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү саясий партиянын съездинде (конференциясында), анын региондук бөлүмүнүн чогулушунда (конференциясында) жүзөгө ашырылат. Саясий партиялар башка саясий партиялардын мүчөлөрү болуп саналган адамдарды талапкерликке көрсөтүүгө укуксуз. Өзүн өзү көрсөтүү тартибинде айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерди көрсөтүү тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына талапкер болуп көрсөтүлүүгө ниеттенгендиги жөнүндө арыз берүү жолу менен жүргүзүлөт. Айылдык кеңештердин депутаттарын кезектеги шайлоодо айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларга зарыл болгон документтерди берүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда б.а. 2019-жылдын 18-апрелинде, саат 24.00гө чейин аяктайт. Айылдык кеңештердин депутаттарын кезектеги шайлоодо депутаттыкка талапкерлерди каттоо добуш берүү күнүнө чейин 20 календарлык күн калганда б.а. 2019-жылдын 29-апрелине чейин аяктайт. Талапкерлерди каттоодо талапкерлерге жана саясий партияларга көмөк көрсөтүү тартибинде КР БШКнын расмий сайтында арыздардын формалары жана талапкерлерге карата талаптары жөнүндө эскертмелер жайгаштырылган. Шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелерин сактоо үчүн КР БШКнын сайтында тиешелүү нускамалар жана жоболор жайгаштырылган. Урматтуу аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү! Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессинде, айрыкча ишке ашырылып жаткан шайлоо системасын реформалоо алкагында жергиликтүү деңгээлде негизги роль аймактык шайлоо комиссияларынын жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө таандык. Калктын бүткүл шайлоо процесске болгон ишениминин деңгээли Сиздердин иш-аракеттериңиздерге байланыштуу. Ачыктык, айкындуулук, чындык бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын ишинин негизи. Биздин шайлоону кандай өткөргөндүгүбүз Кыргызстандын туруктуулугуна жана демократияны бекемдөөгө түздөн-түз таасир берет. Шайлоонун жаңы модели бул өлкөнүн түп тамырынан өзгөртүүгө карата ири кадам. Өзгөчө жоопкерчилик аймактык шайлоо комиссияларга жүктөлгөн, алар шайлоочулар менен гана эмес, талапкерлер жана саясий партиялар менен түздөн-түз ишти, аймактык шайлоо комиссияларда шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо процессинен баштап, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо менен аяктап, уюштурат. Ушул процесстин негизги талаптары болуп шайлоонун бардык катышуучуларына карата бейтарап жана тең мамилени камсыз кылуу калууга тийиш! Көп мандаттуу шайлоо округдар боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кезектеги шайлоону өткөрүү үчүн аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен шайлоо округдардын схемаларын жана чек араларын добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күн калгандан кечиктирбестен б.а. 2019-жылдын 30-мартына чейин иштеп чыгат жана КР БШКга бекитүү үчүн берет. Шайлоочулар үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, КР мыйзамдарына ылайык, добуш берүүнү өткөрүү жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө үчүн, шайлоо участкалар жергиликтүү жана башка шарттарды эсепке алуу менен түзүлүүгө тийиш. Шайлоо участкалар тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялар тарабынан добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калгандан кечиктирбестен б.а. 2019-жылдын 4-апрелине чейин ар бир шайлоо участогунда 2500дөн ашык эмес шайлоочу деген эсепте түзүлөт. Шайлоо округдардын чек араларынын участкалардын чек аралары менен кесилишине жол берилбейт. Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү! Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кезектеги шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышууну пландаштырган жалпыга маалымдоо каражаттары, обо убакыт бергендик үчүн акынын өлчөмү жана башка шарттары, басма аянты жөнүндө маалыматтарды тиешелүү телерадиоберүү уюму, мезгилдүү басма сөз редакциясы тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясына, шайлоону дайындоо жөнүндө чечим жарыялангандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен берүүгө тийиш. Обо убакыт бергендик үчүн акынын өлчөмү жана башка шарттары, басма аянты жөнүндө маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясына коштоочу кат менен, берүүгө тийиш. Жазуу жүзүндөгү тапшырыктар түшкөндөн кийин, КР Мыйзамы менен белгиленген талаптарды аткарган маалыматтык массалык каражаттар 2019-жылдын 30-мартына чейин 2019-жылдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредиттелинет. Мында, КР БШК маалыматтык массалык каражаттарынын аккредитациясын алар шайлоо мыйзамдарынын талаптарын бузган учурда чакыртып алууга укуктуу. Эскерте кетсек, шайлоо алдындагы үгүт кээ бир жергиликтүү кеңештерге депутаттарды кезектеги шайлоосунда айылдык кеңештерге депутаттарды кезектеги шайлоосунда айылдык кеңештерге талапкерлер катталгандан кийин б.а. 2019-жылдын 29-апрелинен тартып башталат. Ушул шайлоонун өзгөчөлүгүн эске алганда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларды маалымдоодо жана үгүт жүргүзүүдө регионалдык жалпыга маалымдоо каражаттаардын ролу жана катышуусу абдан маанилүү. Борбордук шайлоо комиссиясы регионалдык жалпыга маалымдоо каражаттарларды маалыматтык өнөктүккө активдүү катышууга чакырат жана өз кезегинде шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү, шайлоо комиссиялардын иши тууралуу бардык зарыл маалыматтарды берүүгө даяр. Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары! Кыргыз Республикасында шайлоо процесстин айкындуулугун жана адилеттүүлүгүн камсыз кылган, эркин, атаандаштык жана адилеттүү шайлоонун жалпы таанылган эл аралык стандарттарына ылайык мыйзам чыгаруу жана практикалык механизмдердин системасы түзүлүп, өнүгүп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы 2019-жылдын 19-майына дайындалган шайлоону өткөрүү максатында шайлоо процесстин бардык субъектилерин шайлоо мыйзамдардын ченемдеринин талаптарын так сактоону жана шайлоо процесстин башка катышуучулары менен өз ара аракеттенүүдө ич ара сый-урматты жана чыдамдуулукту сактоону суранат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өз жагынан шайлоо процесстин бардык катышуучулары үчүн ачыктыкты, айкындуулукту кепилдейт жана шайлоо мыйзамдын нугунда, тынч, стабилдүү атмосферада өтүү үчүн болгон аракетин жумшайт жана биздин өлкөнүн жарандарынын шайлоо укуктарын толугу менен ишке ашыруу үчүн бардык керектүү шарттарды түзөт.   Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 21-март – Нооруз майрамы  менен куттуктоосу!
20.03.2019

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 21-март – Нооруз майрамы менен куттуктоосу!

Ардактуу мекендештер! Сиздерди  жаңырган жылыңыздар – Нооруз майрамыңыздар менен чын дилибизден  куттуктайбыз! Жазгы күн менен түн теңелип, жыл жаңырган, молчулуктун, токчулуктун башаты болгон, сабырдуулукту, өз ара түшүнүшүүнү, ишенимди арттырган, кубанычтын, тазалануунун, мээримдүүлүктүн жана ынтымактын улуу майрамы – Нооруз кут болсун! Эзелтен Нооруз жаратылыштын жаңырышы, кышкы ызгаардан соң жаздын келиши, жаңы тиричиликтин башталышы катары кабыл алынып келген. Элибиздин турмушунда өзгөчө орун ээлеп, кылымдарды карыткан, аруу ниетке жетелеп, илгери үмүт улаган бул майрам руханий мазмуну, терең философиялык мааниси менен баалуу.         Урматтуу кыргызстандыктар! Жаз күнүндөй жаркыраган Нооруз майрамында сиздерге бакыт-таалай, бакыбат турмуш каалайбыз. Элибизде –ынтымак, жергебизде тынчтык, кут,  береке болсун! Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
Чүй облусунун Москва районунун Беловодск, Талас облусунун  Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоосу дайындалды
20.03.2019

Чүй облусунун Москва районунун Беловодск, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоосу дайындалды

Чүй облусунун Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 15-мартындагы №50-р буйругу менен Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Толомушев, өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. Талас облусунун Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 19-мартындагы №№Б-1/VI буйругу менен Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Оморканов, өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. КР БШКнын токтомуна ылайык, Чүй облусунун Москва районунун Беловодск, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2019-жылдын 8-апрелине саат 9-00дөн 12-00гө чейинкиге дайындалды. Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Москва жана Бакай-Ата АШКна тапшырылды. Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
20.03.2019

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

2019-жылдын 20-февралында КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Майлуу-Суу, Нарын, Талас, Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти. Ошентип: - Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кеңешиндеги «КСДП» депутаттык фракциясынын депутаты А.Мурзамаметов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Ж.Калиевге өткөрүлүп берилди («КСДП» депутаттык фракциясынан); - Нарын облусунун Нарын районундагы Учкун айылдык кеңешиндеги депутат Имер к. А. өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – М.Калыбековго өткөрүлүп берилди; - Талас облусунун Талас районундагы Өмүралиев айылдык кеңешиндеги депутат У.Ташибеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Т.Бейшеналиевге өткөрүлүп берилди; - Талас облусунун Талас районундагы Кара-Суу айылдык кеңешиндеги депутат Э.Береналиев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Т.Уметалиевге өткөрүлүп берилди; - Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр айылдык кеңешиндеги депутаты Б.Джумалиев каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат кийинки талапкер – Н.Мокотаевге өткөрүлүп берилди. - Чүй облусунун Жайыл районундагы Сары-Коо айылдык кеңешиндеги депутат А.Баков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Табалды к. Л. өткөрүлүп берилди. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык айрым айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоосу дайындалды
20.03.2019

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык айрым айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоосу дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 18-мартындагы ПЖ № 41 Жарлыгына ылайык: - Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айылдык кенешинин; - Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айылдык кенешинин; - Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айылдык кенештеринин; - Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кенешинин; - Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кенешинин; - Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз -Адыр айылдык кенешинин; - Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кенешинин; - Ош облусунун Ноокат районунун Н. Исанов айылдык кенешинин; - Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айылдык кенешинин; - Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке айылдык кенешинин; - Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айылдык кенешинин; - Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кенешинин шайлоолору 2019-жылдын 19-майына дайындалды. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык КРнын БШКсы отурумунда Кыргыз Республикасынын айрым айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чараларынын календардык планын жана чыгымдар сметасын бекитти.   КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКда Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө убактылуу жүргөн же жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыздоону өркүндөтүү маселелери боюнча кеңешме өттү
20.03.2019

БШКда Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө убактылуу жүргөн же жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыздоону өркүндөтүү маселелери боюнча кеңешме өттү

БШКда Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө убактылуу жүргөн же жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыздоону өркүндөтүү маселелери боюнча БШКнын жетекчилигинин дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кээ бир башчылары менен кеңешмеси өттү. Кеңешмеге төмөнкүлөр катышты: К. Өмүралиев – КРдин Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Ж. Кулубаев – КРдин Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Б. Отунбаев – КРдин АКШдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси; Б. Мукашев – КРдин Россия Федерациясындагы кеңешчи-кенже элчиси; Э. Сопоков – Стамбул шаарындагы башкы консул; Б. Салимжанов – Екатеринбург шаарындагы башкы консул; А. Асанбаев – Тышкы иштер министринин кеңешчиси; А. Букалаев – КР ИИМдин консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары; М. Бейшенов – КР Өкмөтүнө караштуу Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын бөлүмүнүн башчысы; А. Смагулов – КР Өкмөтүнө караштуу МККнын стратегиялык өнүктүрүү жана интеграциялык процесстер секторунун башчысы. Күн тартибине төмөнкү маселелер киргизилди: * 2018-2020-жылдары шайлоо жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу шарттарын жакшыртуу боюнча чаралардын планы тууралуу БШКнын маалыматы; * Инклюзивдүүлүктү кеңейтүү боюнча көрүлгөн чаралары тууралуу МККнын маалыматы. БШКнын башчысы 2010-жылдан 2017-жылга чейин кыргыз жарандарынын чет өлкөлөрдө добуш берүүгө катышуусу жөнүндө маалыматтарды талдоо алардын шайлоого катышуу деңгээли төмөн экенин көрсөткөнүн, ошондуктан мамлекет тарабынан жарандардын өз шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу шарттарын жакшыртуу үчүн чараларды көрүүсүнүн зарылдыгы талап кылынып жатканын маалымдады. 2018-2020-жылдары шайлоо жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясында чет өлкөлөрдө убактылуу жүргөн же жашаган жарандардын шайлоо процесстерине тартылышын жакшыртуу маанилүү максаттардын бири болуп саналат. Ага жетүү үчүн Стратегияны жүзөгө ашыруу боюнча чаралардын планында төмөнкүлөр каралган: - чет өлкөлөрдө шайлоо участокторунун санын көбөйтүү. Мында чет өлкөлөрдө шайлоо участокторун дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде гана эмес, КР ТИМдин жаран жүргөн мамлекет менен макулдашуу боюнча башка жерлерде дагы уюштуруу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу пландалууда; - жарандардын арыз берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, алар арыздарын УШКларга гана бербөөгө тийиш. Мында арыз берүү учурунда жарандардын анык иденттештирилүүсүн жана аутенттештирилүүсүн камсыздоо зарыл шарт болуп саналат; - шайлоочулардын тизмелерин тактоонун мөөнөттөрүн көбөйтүү; - КР жарандарынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерде биометрикалык каттоодон өтүүсүн, анын ичинде чет өлкөлөрдөгү мекемелер аркылуу биометрикалык паспорт берүүнү ж.б. жигерлештирүү. Бул маселелерди жигердүү талкуулоонун жүрүшүндө чет өлкөлөрдө убактылуу жашаган же жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын натыйжалуу камсыздоо үчүн КРдин чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары тарабынан төмөнкүдөй бир катар маселелер көтөрүлдү: - шайлоочулардын тизмелери боюнча биргелешкен ишти (БШК, МКК, ТИМ) кыйла эрте жана натыйжалуу жүргүзүү зарылдыгы белгиленди; - чет өлкөлөрдө УШК саны көбөйтүлгөн учурда аларды зарыл болгон бардык жабдыктар – АЭУ, иденттештирүү техникасы менен кошумча камсыздоону, операторлорду, комиссия мүчөлөрүн окутууну кароо, анын ичинде дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлеринин саны чектелгенин эске алуу (АЭУ); - участокторду түзүү учурунда дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн имарат-жайларынын аянтын жана шайлоочулардын тизмелерин тактоо процессинде шайлоочулардын саны көбөйгөн учурда АЭУнун жабдыктарын батыруу мүмкүнчүлүгүн эске алуу; - мөөнөтүнөн мурда добуш берүү практикасын киргизүүнүн мүмкүнчүлүгүн карап көрүү; - дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн шайлоочулардын жалпы тизмесине онлайн боюнча кирүүсүн камсыздоо мүмкүнчүлүгү ж.б. Кеңешменин жыйынтыгында төмөнкүдөй чечим кабыл алынды: 1. Өз ара биргеликте аракеттенип, кеңири маалыматтык-түшүндүрүү өнөктүгүн жүргүзүү, чет өлкөлөрдө жүргөн жарандар, алардын бирикмелери менен өз ара аракетешүүнүн жана кабарлоонун ар кыл формаларын – жолугушууларды, электрондук жөнөтүүлөрдү, социалдык түйүндөрдү колдонуп, өз ара аракетешүүнү жигерлештирүү. Бул үчүн дипломатиялык өкүлчүлүктөр тигил же бул өлкөдө жүргөн жарандардын бирикмелеринин колдонуудагы байланышуу маалыматтарын БШКга берип, шайлоолордун ортосундагы мезгилде КРдин чет өлкөлөрдө жүргөн жарандардын бирикмелери менен БШКнын Жумушчу тобунун жолугушууларын уюштуруу; 2. Жарандар жүргөн чет өлкөлөрдүн жарандарынын чет өлкөлөрдө добуш берүүсүн уюштуруунун мыкты тажрыйбаларын изилдеп, ал боюнча сунуштарды берүү. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 19-мартында кээ бир айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын шайлоосу өттү
19.03.2019

2019-жылдын 19-мартында кээ бир айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын шайлоосу өттү

2019-жылдын 19-мартында Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка жана Төш-Булак, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр жана Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды. Натыйжада: - Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 14 добуш алган Ысакулов Залкар Максатбекович шайланды. Новопавловка айылдык кеңешиндеги 21 депутаттан 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 3 талапкер катталган; -Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 6 добуш алган Мааткеримов Улан Абдылдабекович шайланды. Көл-Төр айылдык кеңешиндеги 11 депутаттан 10 катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 4 талапкер катталган; -Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 18 добуш алган Мамишов Дагыбек Алимбекович шайланды. Кара-Гуз айылдык кеңешиндеги 21 депутаттан 18 катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер катталган; - Чүй облусунун Сокулук районунун Төш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 6 добуш алган Баяке уулу Болоткан шайланды. Төш-Булак айылдык кеңешиндеги 11 депутаттан 11 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 1 талапкер катталган. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 20-мартында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
19.03.2019

2019-жылдын 20-мартында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 20- март 2019-ж. Убактысы:12 :00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. 2019-жылдын 19-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын айрым айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чараларынын календардык планы жөнүндө (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 2. 2019-жылдын 19-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын айрым айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоого, өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жана Кыргыз Республикасынын саясий партияларынын жана талапкерлердин шайлоо фондунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө (Баяндамачы – Дюшембаева Г.К., пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Майлуу-Суу, Нарын, Талас, Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 4. Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)      
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке чыгышты
16.03.2019

КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке чыгышты

Бүгүн, 2019-жылдын 16-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Республиканын шаарларын жана калктуу конуштарынын аймактарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлык ишембиликти колдоого алып,  жетекчилик жана аппараттын кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке чыгышты. Ишембиликте КР БШКга жанаша жайгашкан аймакты жалбырактардан жана турмуш-тиричилик таштандыларынан тазалап, бак-дарактарды акташты. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасына жана бөлүм башчыга “Кыргызтест” сертификат тапшырды
15.03.2019

КР БШКнын төрагасына жана бөлүм башчыга “Кыргызтест” сертификат тапшырды

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси 2019-жылдын 14-мартында Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №757 токтомунун негизинде мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер арасында жүргүзүлгөн тесттин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоонун жыйынтыгына ылайык сертификаттарды тапшыруу аземин өткөрдү. Расмий иш чарада тест боюнча мыкты жетишкендиктерин көрсөткөн мамлекеттик жана муниципалдык органдардын 60 кызматкерине сертификаттар тапшырылды. Аталган сертификатка Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабекова жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Программалык-техникалык камсыздоо жана маалыматтар коопсуздугу бөлүмүнүн бөлүм башчысы Акимбаев Аскар ээ болду. Сертификатты тапшыруу аземинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын өкүлдөрү катышып куттуктоо сөздөрүн айтышты. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкекте “Саясий партиялар: ишин укуктук камсыздоонун жана өнүгүү практикасынын эл аралык тажрыйбасы” деген темада семинар өтүп жатат
15.03.2019

Бишкекте “Саясий партиялар: ишин укуктук камсыздоонун жана өнүгүү практикасынын эл аралык тажрыйбасы” деген темада семинар өтүп жатат

2019-жылдын 15-мартында Бишкекте Кыргыз  Республикасынын  шайлоо жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топтун демилгеси менен ЕККУнун Программалык офисинин, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын колдоосу алдында  “Саясий партиялар: ишин укуктук камсыздоонун жана өнүгүү практикасынын эл аралык тажрыйбасы” деген темада семинар өтүүдө. Туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеңеш 2018-жылдын 13-августунда жактырган Кыргыз  Республикасынын  шайлоо жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясында саясий партиялар жөнүндө Кыргыз  Республикасынын мыйзамын жаңы редакцияда иштеп чыгуу жана кабыл алуу боюнча чаралар каралган.   Иш-чаранын максаты – чет өлкөлөрдөгү партиялык мыйзамдар жана партиялык практиканын тажрыйбасы менен тааныштыруу, Кыргыз  Республикасында саясий партиялардын ишин укуктук камсыздоонун негизги параметрлери боюнча пикир алмашуу, анын ичинде партиялык түзүм жана курулуш, шайлоого байланыштуу партиялык чечимдерди кабыл алуу тартиби, партияларды каржылоонун, үгүт жүргүзүүнүн айкындуулугу ж.б. маселелер бар.  Саясий партиялардын ишмердиги боюнча эл аралык практика тууралуу маалымат берүү үчүн семинарга ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун эксперттери Марчин Валецки, Гиа Нодиа жана Александр Кынев чакырылган. Эл аралык эксперттер төмөнкү өңүттөр боюнча сессия өткөрүшөт: - саясий партиялардын жана партиялык тутумдардын типологиясы. Парламенттик типтеги партиялардын түзүмү жана уюмдашуусу. Саясий партиялардын ишин жөнгө салуунун эл аралык стандарттары; - жарандардын кызыкчылыктарын билдирген институт катары саясий партиялардын ишинин айкындуулугу. Талапкерлерди көрсөтүү, талапкерлердин тизмелерин түзүү, добуш берүү ж.б. маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуунун тартиби; - саясий партиялардын ишин каржылоонун укуктук негиздери. Каржылоо булактары, отчёттуулук, шайлоочуларды кабарландыруу, шайлоо фондуларын түзүүнүн жана чыгымдоонун айкындуулугу. Үгүт иши. Семинардын жүрүшүндө эксперт Э. Мамбеталиева Кыргыз  Республикасындагы саясий партиялар  боюнча учурдагы кырдаал тууралуу кыскача баяндады. Эксперт  Ж. Абдыкадырова партиялар жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр боюнча мыйзамдар жана сунушталып жаткан демилгелер, ошондой эле, 2018-2020-жылдарга Кыргыз  Республикасынын  шайлоо жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясында каралган чаралар тууралуу обзор жасайт. Саясий партиялар жөнүндө жаңы мыйзамды иштеп чыгуунун максаты төмөнкүлөр: - парламенттик типтеги партияларды өнүктүрүү үчүн укуктук шарттарды түзүү; - саясий партиялардын ишинин айкындуулугун камсыздоо: талапкерлерди көрсөтүүнүн, талапкерлердин тизмелерин түзүүнүн айкын тартибин белгилөө; - саясий партиялардын каржылык отчётторду, өз иши тууралуу отчётторду жарыялоосу тууралуу талаптарды белгилөө; - шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде каржылоонун айкындуулугун камсыздоо боюнча талаптарды белгилөө. Семинарга төмөнкүлөр катышууда: КР Президентинин Аппаратынын Жетекчиси – Кыргыз Республикасынын  шайлоо жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Д. Эсеналиев, Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топтун мүчөлөрү, саясий партиялардын, жарандык коомдун өкүлдөрү жана көз карандысыз  эксперттер. Семинардын катышуучулары проблемаларды аныктоо жана аларды чечүүнүн жолдорун изилдөө үчүн төмөнкү багыттар боюнча чакан топторго бөлүндү: саясий партиялардын ишинин айкындуулугу жана   саясий партияларды каржылоо. Маалымат үчүн:  Учурда Кыргыз Республикасында 1999-жылы кабыл алынган “Саясий партиялар жөнүндө” мыйзам колдонулууда. Топтолгон тажрыйбаны жана эл аралык укук колдонуу практикасын эске алып, 2003-жылдан тартып, мезгил-мезгили менен “Саясий партиялар жөнүндө” мыйзамды өркүндөтүү демилгеленип келүүдө. Ар түрдүү себептерге байланыштуу ал демилгелер кабыл алынбай, “Саясий партиялар жөнүндө” мыйзам боюнча иштер улантылууда. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 356 358 … 483