КР БШК мүчөлөрү Грузиянын Батуми шаарында шайлоону башкаруу органдарынын жыл сайынкы 9-конференциясына катышууда

26 марта 2019

2019-жылдын 26-27-мартында Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясы “Шайлоонун адилдиги (Electoral Integrity): санарип доорундагы киберкоопсуздук жана маалыматтын аныктыгы” деген темада шайлоону башкаруу органдарынын жыл сайынкы 9-конференциясын өткөрүүдө.

Конференцияга дүйнө өлкөлөрүнөн келген шайлоону башкаруу органдарынын жетекчилери, окумуштуулар жана эксперттер шайлоонун адилдигине жана ишенимдүү маалыматты таратуу процессине байланыштуу проблемаларды талкуулоо үчүн катышууда.

Конференцияга Кыргыз Республикасынан БШК Төрагасынын орун басары А. Эшимов жана БШК мүчөсү К. Осмоналиев катышууда.

Конференциянын негизги темасынын алкагында төмөнкү маселелер каралууда:

- “Шайлоого технологиялык коркунучтун эл аралык перспективалары” – д-р Беата Мартин-Розумилович, Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондусунун (IFES) Европа жана Евразия боюнча региондук директору;

- “Интернет-добуш берүүнүн коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыздоо – Эстониянын мисалы” –Тит Райдма мырза, Эстониянын Улуттук шайлоо комитетинин мүчөсү;

- “Шайлоодо киберкоопсуздук боюнча ведомстволор ортосундагы кызматташуу” – Питер Вольф мырза, эл аралык уюм – IDEAнын шайлоо процесстерин техникалык жактан тейлөө боюнча менеджери;

- “Чехия Республикасында шайлоодо маалыматтарды топтоонун, иштеп чыгуунун жана коопсуздукту камсыздоонун тутуму” – Ева Крампова айым, Чехия статистикалык башкармалыгынын биринчи вице-президенти;

- “Грузиянын EMBи заманбап чакырыктардын алдында: киберчабуул жана маалыматты бурмалоо – жалган жаңылыктар” - Тамар Жвания, Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы ж.б.

Конференция Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгында өткөрүлүүдө. Ушуга байланыштуу БШК Төрагасынын орун басары А. Эшимов Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атынан юбилей менен куттуктап, кесипкөй чоң жамаатка шайлоо тутумун андан ары өркүндөтүүдө, Грузия элинин өнүгүшү жана гүлдөп-өсүшү үчүн койгон максаттарга жетүүдө ийгиликтерди каалады.

БШК мүчөсү К. Осмоналиев тегерек үстөлдө “КР БШКнын маалыматтык тутумунун киберкоопсуздугун уюштуруу” деген темада баяндама жасады. Ал Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан технологиялар менен пайдаланылуучу жаңы шайлоо модели тууралуу айтып берди. Шайлоо модели добуштарды жана маалыматтардын жыйындысын автоматтык түрдө саноо тутумун, шайлоочуларды биометрикалык маалыматтар боюнча иденттештирүүнү жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча программалык-аппараттык чараларды ичине камтыйт. КР БШКнын маалыматтык коопсуздук саясаты КР БШКнын колдо бар маалыматтык ресурстарды коргоонун программалык-аппараттык каражаттарын пайдалануу жолу менен коргоо тармагындагы ишмердигинин негизги багыттарын, максаттарын, милдеттерин жана маанилүү принциптерин чагылдырат.

Санариптик жетишкендиктердин доорунда шайлоону башкаруу процессинде анык маалыматты баштапкы булактардан таратуу процессин үзгүлтүккө учуратуучу көптөгөн коркунучтар болот. Маалыматты атайылап бурмалоо, ошондой эле киберчабуул шайлоону администрациялоого, шайлоонун натыйжаларына жана жалпы эле шайлоо процессине карата коомчулуктун ишенимин олуттуу түрдө кетириши мүмкүн. Тиешелүү киберкоопсуздукту камсыздоо коомчулукка анык маалыматты жеткирүүдө пайдаланылуучу каражаттардын коопсуздугун кепилдейт, ал шайлоону башкаруунун ар бир органы үчүн маанилүү жана шайлоо боюнча эксперттердин талкуусунун негизги темаларынын бири болуп саналат. Шайлоо процессинин коопсуздугун камсыздоо, жалпыга маалымдоо каражаттарын, социалдык түйүндөрдү маалыматты бурмалоону четтетүү жана болтурбай коюу үчүн пайдалануу мындан ары дагы талкуулоо үчүн маанилүү проблема болуп саналат.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

 

​​​​​