2019-жылдын 23-мартында кээ бир айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын шайлоосу өттү

23 марта 2019

2019-жылдын 23-мартында Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков, Нарын облусунун Нарын районунун Казан-Куйган жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Бел-Алды айыл өкмөттөрүнүн  башчылары шайланды.

Натыйжада:

- Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 13 добуш алган Алиев Алтынбек Ганыевич шайланды. Орозбеков айылдык кеңешиндеги 21 депутаттан 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 3 талапкер катталган. 
- Нарын облусунун Нарын районунун Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 6 добуш алган Ырысбек уулу Элдар шайланды. Казан-Куйган айылдык кеңешиндеги 11 депутаттан 11 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 4 талапкер катталган.
- Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Бел-Алды айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 7 добуш алган Багынбаев Болот Тияншанович шайланды. Бел-Алды айылдык кеңешиндеги 11 депутаттан 11 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер катталган. 
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү