Башкы Жаңылыктар БШКда Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө убактылуу жүргөн же …

БШКда Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө убактылуу жүргөн же жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыздоону өркүндөтүү маселелери боюнча кеңешме өттү

20-Мар, 2019

БШКда Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө убактылуу жүргөн же жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыздоону өркүндөтүү маселелери боюнча БШКнын жетекчилигинин дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кээ бир башчылары менен кеңешмеси өттү.

Кеңешмеге төмөнкүлөр катышты: К. Өмүралиев – КРдин Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Ж. Кулубаев – КРдин Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Б. Отунбаев – КРдин АКШдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси; Б. Мукашев – КРдин Россия Федерациясындагы кеңешчи-кенже элчиси; Э. Сопоков – Стамбул шаарындагы башкы консул; Б. Салимжанов – Екатеринбург шаарындагы башкы консул; А. Асанбаев – Тышкы иштер министринин кеңешчиси; А. Букалаев – КР ИИМдин консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары; М. Бейшенов – КР Өкмөтүнө караштуу Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын бөлүмүнүн башчысы; А. Смагулов – КР Өкмөтүнө караштуу МККнын стратегиялык өнүктүрүү жана интеграциялык процесстер секторунун башчысы.

Күн тартибине төмөнкү маселелер киргизилди:

* 2018-2020-жылдары шайлоо жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу шарттарын жакшыртуу боюнча чаралардын планы тууралуу БШКнын маалыматы;

* Инклюзивдүүлүктү кеңейтүү боюнча көрүлгөн чаралары тууралуу МККнын маалыматы.

БШКнын башчысы 2010-жылдан 2017-жылга чейин кыргыз жарандарынын чет өлкөлөрдө добуш берүүгө катышуусу жөнүндө маалыматтарды талдоо алардын шайлоого катышуу деңгээли төмөн экенин көрсөткөнүн, ошондуктан мамлекет тарабынан жарандардын өз шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу шарттарын жакшыртуу үчүн чараларды көрүүсүнүн зарылдыгы талап кылынып жатканын маалымдады.

2018-2020-жылдары шайлоо жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясында чет өлкөлөрдө убактылуу жүргөн же жашаган жарандардын шайлоо процесстерине тартылышын жакшыртуу маанилүү максаттардын бири болуп саналат. Ага жетүү үчүн Стратегияны жүзөгө ашыруу боюнча чаралардын планында төмөнкүлөр каралган:

- чет өлкөлөрдө шайлоо участокторунун санын көбөйтүү. Мында чет өлкөлөрдө шайлоо участокторун дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде гана эмес, КР ТИМдин жаран жүргөн мамлекет менен макулдашуу боюнча башка жерлерде дагы уюштуруу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу пландалууда;

- жарандардын арыз берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, алар арыздарын УШКларга гана бербөөгө тийиш. Мында арыз берүү учурунда жарандардын анык иденттештирилүүсүн жана аутенттештирилүүсүн камсыздоо зарыл шарт болуп саналат;

- шайлоочулардын тизмелерин тактоонун мөөнөттөрүн көбөйтүү;

- КР жарандарынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерде биометрикалык каттоодон өтүүсүн, анын ичинде чет өлкөлөрдөгү мекемелер аркылуу биометрикалык паспорт берүүнү ж.б. жигерлештирүү.

Бул маселелерди жигердүү талкуулоонун жүрүшүндө чет өлкөлөрдө убактылуу жашаган же жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын натыйжалуу камсыздоо үчүн КРдин чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары тарабынан төмөнкүдөй бир катар маселелер көтөрүлдү:

- шайлоочулардын тизмелери боюнча биргелешкен ишти (БШК, МКК, ТИМ) кыйла эрте жана натыйжалуу жүргүзүү зарылдыгы белгиленди;

- чет өлкөлөрдө УШК саны көбөйтүлгөн учурда аларды зарыл болгон бардык жабдыктар – АЭУ, иденттештирүү техникасы менен кошумча камсыздоону, операторлорду, комиссия мүчөлөрүн окутууну кароо, анын ичинде дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлеринин саны чектелгенин эске алуу (АЭУ);

- участокторду түзүү учурунда дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн имарат-жайларынын аянтын жана шайлоочулардын тизмелерин тактоо процессинде шайлоочулардын саны көбөйгөн учурда АЭУнун жабдыктарын батыруу мүмкүнчүлүгүн эске алуу;

- мөөнөтүнөн мурда добуш берүү практикасын киргизүүнүн мүмкүнчүлүгүн карап көрүү;

- дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн шайлоочулардын жалпы тизмесине онлайн боюнча кирүүсүн камсыздоо мүмкүнчүлүгү ж.б.

Кеңешменин жыйынтыгында төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:

1. Өз ара биргеликте аракеттенип, кеңири маалыматтык-түшүндүрүү өнөктүгүн жүргүзүү, чет өлкөлөрдө жүргөн жарандар, алардын бирикмелери менен өз ара аракетешүүнүн жана кабарлоонун ар кыл формаларын – жолугушууларды, электрондук жөнөтүүлөрдү, социалдык түйүндөрдү колдонуп, өз ара аракетешүүнү жигерлештирүү.

Бул үчүн дипломатиялык өкүлчүлүктөр тигил же бул өлкөдө жүргөн жарандардын бирикмелеринин колдонуудагы байланышуу маалыматтарын БШКга берип, шайлоолордун ортосундагы мезгилде КРдин чет өлкөлөрдө жүргөн жарандардын бирикмелери менен БШКнын Жумушчу тобунун жолугушууларын уюштуруу;

2. Жарандар жүргөн чет өлкөлөрдүн жарандарынын чет өлкөлөрдө добуш берүүсүн уюштуруунун мыкты тажрыйбаларын изилдеп, ал боюнча сунуштарды берүү.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>