Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди
10.04.2019

Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди

2019-жылдын 10-апрелинде КРнын БШКсы 2019-жылдын 2-апрелинде Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитти. Протоколдордун негизинде, Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Джунушев Бактыбек Кадырбекович шайланды. Шайланган айыл өкмөт башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Жайыл аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Алай жана Чоң-Алай  аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди
10.04.2019

Алай жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди

КР БШК Алай жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү: А.И.Абылаеванын, М.К.Эргешованын комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды. - Алай АШКнын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абылаева Айчурек Исмаиловна комиссиянын курамынан чыгарылып, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Базарбек уулу Курсант резервден комиссиянын курамына киргизилди; - Чоң-Алай АШКнын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Эргешова Миңайым Камчыбековна комиссиянын курамынан чыгарылды, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Бакыбекова Апиза Жунусовна резервден комиссиянын курамына киргизилди. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 10-апрелинде өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
09.04.2019

2019-жылдын 10-апрелинде өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 10 апрель 2019-ж. Убактысы: 14:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. 2019-жылдын 19-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. 2019-жылдын 19-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)  3. Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө.  (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)  4. Ош облусунун Алай районунун К. Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоону дайындоо жөнундө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 5. Алай жанаЧоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)  6. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Нарын шаардык, Кадамжай,  Ак-Суу, Тоң, Москва, өзгөн жана Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу  (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)  7. Ар түрдүү маселелер  
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 19-майына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо боюнча маалымат
08.04.2019

2019-жылдын 19-майына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо боюнча маалымат

2019-жылдын 19-майына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо боюнча маалымат    
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 8-апрелинде Беловодск жана Ак-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү
08.04.2019

2019-жылдын 8-апрелинде Беловодск жана Ак-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү

2019-жылдын 8-апрелинде Чүй облусунун Москва районунун Беловодск, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды. Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 17 добуш алган Ешалиев Кубанычбек Жолдошбекович шайланды. Беловодск айылдык кеңешиндеги 31 депутаттан 30 депутат катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 3 талапкер аттанган; Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 12 добуш алган Буланбеков Уланбек Эсенбекович шайланды. Ак-Дөбө айылдык кеңешиндеги 21 депутаттан 20 депутат катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 3 талапкер аттанган. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
05.04.2019

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

2019-жылдын 5-апрелинде КР БШК Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кадамжай, Талас жана Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти. Ошентип: - Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылдык кеңешиндеги депутат Г.Закиров өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – С.Махсудовго өткөрүлүп берилди; - Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешиндеги депутат А. Мурзакозуев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Б.Мадаминовго өткөрүлүп берилди; - Талас облусунун Талас районундагы Арал айылдык кеңешиндеги депутат Н. Жекшеналиева өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Г.Омушевага өткөрүлүп берилди; - Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешиндеги «Ата-Журт» депутаттык фракциясынан депутат К.Бектемиров өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – К.Абдырамановго өткөрүлүп берилди («Ата-Журт» саясий партиясынан). КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Байзак, Эмгекчил жана Аманбаев айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоосу дайындалды
05.04.2019

Байзак, Эмгекчил жана Аманбаев айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоосу дайындалды

Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 29-мартындагы №16 буйругу менен Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы Насыбалы у. К., өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. Нарын облусунун Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 29-мартындагы №03-пр буйругу менен Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысы Айдарбек у. Т., өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. Талас облусунун Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 29-мартындагы №18 буйругу менен Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысы М.Темирбеков, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. КР БШКнын токтомуна ылайык, Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак, Нарын районунун Эмгекчил жана Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2019-жылдын 24-апрелине саат 9-00дөн 12-00гө чейинкиге дайындалды. Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Жумгал, Нарын жана Кара-Буура АШКна тапшырылды. Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди
05.04.2019

Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди

КР БШК Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Шарапидинов Хайрулла Анваридинович комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде, шайлоо комиссиянын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды. - Кызыл-Кыя АШКнын «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Шарапидинов Хайрулла Анваридинович комиссиянын курамынан чыгарылып, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдикаримова Гулзада Орозбаевна резервден комиссиянын курамына киргизилди. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоосу дайындалды
05.04.2019

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоосу дайындалды

2019-жылдын 4-апрелиндеги ПЖ № 44 Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоосу 2019-жылдын 19 майына дайындалды КРнын БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык өз отурумунда Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чараларынын календардык планын жана чыгымдар сметасын бекитти.  КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 19-майына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо боюнча маалымат
04.04.2019

2019-жылдын 19-майына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо боюнча маалымат

2019-жылдын 04.04. абалы боюнча   Эскертүү: жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн башталып, 2019-жылдын 18-апрелинде саат 24.00тө аяктайт № Айылдык кеңештердин аталыштары Округдардын аталыштары (мандат) Мандаттардын саны Көрсөтүлгөн талапкерлерди саны Алардын ичинен: Партиялардын аталыштары Өзүн өзү көрсөтүү саясий партиялар Баары: 12 34 212 60 60     Нарын облусу Жумгал АШК 1 Көкой №1 Көкой 9 9 9     №2 Эмел-Арал 2 1 1       Жыйынтыгы:   11 10 10     Талас облусу Кара-Буура АШК 1 Шекер №1 Арчагүл 6 2 2     №2 Шекер 15 9 9     2 Бейшеке №1 Кара-Буура 5 1 1     №2 Бейшеке 7         №3 Кара-Суу 9 4 4     3 Бакыян №1 Бакыян 11 8 8       Жыйынтыгы:   53 24 24     Ош облусу Кара-Кулжа АШК 1 Кенеш Кенеш 8         Пор 3           Жыйынтыгы:   11         Ноокат АШК 1 Н. Исанов Чеч-Дөбө 5         Жаркоргон 6         Кошчан 8 1 1     Жаңыбазар 3 2 2     Күнгөй Кожоке 6 1 1     Карабаш 3           Жыйынтыгы:   31 4 4     Алай АШК 1 Кабылан-Көл Кабылан-Көл 8 1 1     Күнгөй 3 3 3       Жыйынтыгы:   11 4 4     Кара-Суу АШК 1 Отуз-Адыр Борбордук 9 7 7     Кара-Дөбө 5         Кыш-Абад 7 1 1       Жыйынтыгы:   21 8 8     Чүй облусу Жайыл АШК 1 Кызыл-Дыйкан Кызыл-Дыйкан 7         Петропавловка 4           Жыйынтыгы:   11         Баткен облусу БаткенАШК 1 Актатыр Рават 7         Актатыр 11         Ортобоз 3         2 Самаркандек Жаныбак 4         Ортосай 5 4 4     Самаркандек 7 6 6     Паскыарык 5         3 Аксай Учдөбө 5         Көкташ 8         Аксай 6         Таштумшук 2           Жыйынтыгы:   63 10          
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 5-апрелинде өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
03.04.2019

2019-жылдын 5-апрелинде өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 5 апрель 2019-ж. Убактысы: 14:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы     1.2019-жылдын 19-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чараларынын календардык планы жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Дюшембаева Г.К., пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. 2019 жылдын 19-майында Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын саясий партияларынын жана талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө (Баяндамачы – Дюшембаева Г.К., пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак, Нарын районунун Эмгекчил жана Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 5. Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 6. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп беүү жөнүндөгү Кадамжай, Талас, жана Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 7. Ар түрдүү маселелер  
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 2-апрелинде Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
02.04.2019

2019-жылдын 2-апрелинде Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү

2019-жылдын 2-апрелинде Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды. Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 14 добуш алган Джунушев Бактыбек Кадырбекович шайланды. Ак-Башат айылдык кеңешиндеги 21 депутаттан 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 3 талапкер аттанган. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жамааты КР БШКнын Төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун апасы Саадат Бекматованын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат
02.04.2019

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жамааты КР БШКнын Төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун апасы Саадат Бекматованын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы КР БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун апасы Саадат Бекматова дүйнөдөн кайтты. Саадат Бекматова 1963-1967-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты болгон, элге, өлкөгө сиңирген ак ниет, үлгүлүү эмгеги Өкмөт тарабынан жогору бааланып, Эмгек Кызыл Туу, “Ардак Белгиси” ордендери, мамлекеттик башка медалдар, ардак грамоталар менен сыйланган.  Биз орду толгус жоготуу кайгысын тең бөлүшүп, Саадат Бекматованын үй-бүлөсүнө, туугундарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жамааты
Кененирээк билүү >>
Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын мэрин шайлоосу дайындалды
29.03.2019

Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын мэрин шайлоосу дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 26-мартындагы № 158 буйругу менен Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын мэри С.Пратов, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. КР БШКнын токтомуна ылайык, Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын мэрин шайлоосу 2019-жылдын 17-апрелине саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүү дайындалды. Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Өзгөн АШКна тапшырылды. Маалымат үчүн: "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбачыл субъекттердин жетекчилик кызматтарында 5 жылдан кем эмес иш стажы бар, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны шаарга мэр боло албайт. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Новопавловка, Төш-Булак, Карагуз, Көл-Төр, Орозбеков, Бел-Алды, Казан-Куйган айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди
29.03.2019

Новопавловка, Төш-Булак, Карагуз, Көл-Төр, Орозбеков, Бел-Алды, Казан-Куйган айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди

2019-жылдын 29-мартында КРнын БШКсы 2019-жылдын 19, 23-мартында өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка, Төш-Булак, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Карагуз, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр, Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Бел-Алды, Нарын облусунун Нарын районунун Казан-Куйган айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитти. Протоколдордун негизинде: - Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Ысакулов Залкар Максатбекович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды; - Чүй облусунун Сокулук районунун Төш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Баяке уулу Болоткан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды; - Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Карагуз айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Мамишов Дагыбек Алимбекович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды; - Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Мааткеримов Улан Абдылдабекович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды; - Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Алиев Алтынбек Ганыевич айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды; - Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Бел-Алды айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Багымбаев Болот Тияншанович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды; - Нарын облусунун Нарын районунун Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Ырысбек уулу Элдар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Сокулук, Кара-Кулжа, Тоң, Кадамжай, Токтогул жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларына тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди
29.03.2019

Кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди

КР БШК Баткен, Алай, Кара-Буура, Аламүдүн жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды. Баткен, Алай, Кара-Буура, Аламүдүн жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү: К.Т. Таабалдыеванын, Г.М. Адылованын, М.М. Козуевдин, К.К. Абдыкеримованын, А.М. Султанованын, Н.А. Жунушованын, Т.К. Молдобаеванын, А.А. Жумадылованын, М.О. Дуйшееванын комиссиялардын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде токтом кабыл алынды. - Баткен АШКнын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Таабалдыева Караматхан Турдубаевна, Адылова Гүлбара Мажитовна комиссиянын курамынан чыгарылып, “Замандаш” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Токтосунов Бакытбек Гайбиллаевич, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Аширкулов Байсалбек Мурзахматович резервден комиссиянын курамына киргизилди; - Алай АШКнын “Бир Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясынан көрсөтүлгөн Козуев Максатбек Муртазаевич комиссиянын курамынан чыгарылып, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Примкулова Калбү Жанибековна резервден комиссиянын курамына киргизилди; - Кара-Буура АШКнын “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Абдыкеримова Клара Кушубековна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Султанова Агила Мелисбековна комиссиянын курамынан чыгарылып, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Алымкулов Марлис Ажыбекович, Саадабекова Колзада Замудиновна резервден комиссиянын курамына киргизилди; - Аламүдүн АШКнын “Туран” демократиялык партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Жунушова Назгуль Айдаркановна, “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Молдобаева Толкун Кубанычбековна комиссиянын курамынан чыгарылды, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Исакова Асель Кавакбековна, Тезекчиева Элиза Аблабековна резервден комиссиянын курамына киргизилди; - Жайыл АШКнын “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Жумадылова Аида Асанбековна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Дуйшеева Миргуль Омурбековна комиссиянын курамынан чыгарылды, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Рыскулова Алия Насыралиевна, Сегизбаев Нааматбек Бектурганович резервден комиссиянын курамына киргизилди. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 355 357 … 483