Чүй облусунун Москва районунун Беловодск, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоосу дайындалды

20 марта 2019

Чүй облусунун Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 15-мартындагы №50-р буйругу менен Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Толомушев, өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Талас облусунун Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 19-мартындагы №№Б-1/VI буйругу менен Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Оморканов, өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

КР БШКнын токтомуна ылайык, Чүй облусунун Москва районунун Беловодск, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2019-жылдын 8-апрелине саат 9-00дөн 12-00гө чейинкиге дайындалды.

Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Москва жана Бакай-Ата АШКна тапшырылды.

Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү