Башкы Жаңылыктар Бишкекте “Саясий партиялар: ишин укуктук камсыздоонун жана өнүгүү …

Бишкекте “Саясий партиялар: ишин укуктук камсыздоонун жана өнүгүү практикасынын эл аралык тажрыйбасы” деген темада семинар өтүп жатат

15-Мар, 2019

2019-жылдын 15-мартында Бишкекте Кыргыз  Республикасынын  шайлоо жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топтун демилгеси менен ЕККУнун Программалык офисинин, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын колдоосу алдында  “Саясий партиялар: ишин укуктук камсыздоонун жана өнүгүү практикасынын эл аралык тажрыйбасы” деген темада семинар өтүүдө.

Туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеңеш 2018-жылдын 13-августунда жактырган Кыргыз  Республикасынын  шайлоо жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясында саясий партиялар жөнүндө Кыргыз  Республикасынын мыйзамын жаңы редакцияда иштеп чыгуу жана кабыл алуу боюнча чаралар каралган.  

Иш-чаранын максаты – чет өлкөлөрдөгү партиялык мыйзамдар жана партиялык практиканын тажрыйбасы менен тааныштыруу, Кыргыз  Республикасында саясий партиялардын ишин укуктук камсыздоонун негизги параметрлери боюнча пикир алмашуу, анын ичинде партиялык түзүм жана курулуш, шайлоого байланыштуу партиялык чечимдерди кабыл алуу тартиби, партияларды каржылоонун, үгүт жүргүзүүнүн айкындуулугу ж.б. маселелер бар.

 Саясий партиялардын ишмердиги боюнча эл аралык практика тууралуу маалымат берүү үчүн семинарга ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун эксперттери Марчин Валецки, Гиа Нодиа жана Александр Кынев чакырылган.

Эл аралык эксперттер төмөнкү өңүттөр боюнча сессия өткөрүшөт:

- саясий партиялардын жана партиялык тутумдардын типологиясы. Парламенттик типтеги партиялардын түзүмү жана уюмдашуусу. Саясий партиялардын ишин жөнгө салуунун эл аралык стандарттары;

- жарандардын кызыкчылыктарын билдирген институт катары саясий партиялардын ишинин айкындуулугу. Талапкерлерди көрсөтүү, талапкерлердин тизмелерин түзүү, добуш берүү ж.б. маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуунун тартиби;

- саясий партиялардын ишин каржылоонун укуктук негиздери. Каржылоо булактары, отчёттуулук, шайлоочуларды кабарландыруу, шайлоо фондуларын түзүүнүн жана чыгымдоонун айкындуулугу. Үгүт иши.

Семинардын жүрүшүндө эксперт Э. Мамбеталиева Кыргыз  Республикасындагы саясий партиялар  боюнча учурдагы кырдаал тууралуу кыскача баяндады. Эксперт  Ж. Абдыкадырова партиялар жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр боюнча мыйзамдар жана сунушталып жаткан демилгелер, ошондой эле, 2018-2020-жылдарга Кыргыз  Республикасынын  шайлоо жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясында каралган чаралар тууралуу обзор жасайт.

Саясий партиялар жөнүндө жаңы мыйзамды иштеп чыгуунун максаты төмөнкүлөр:

- парламенттик типтеги партияларды өнүктүрүү үчүн укуктук шарттарды түзүү;

- саясий партиялардын ишинин айкындуулугун камсыздоо: талапкерлерди көрсөтүүнүн, талапкерлердин тизмелерин түзүүнүн айкын тартибин белгилөө;

- саясий партиялардын каржылык отчётторду, өз иши тууралуу отчётторду жарыялоосу тууралуу талаптарды белгилөө;

- шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде каржылоонун айкындуулугун камсыздоо боюнча талаптарды белгилөө.

Семинарга төмөнкүлөр катышууда: КР Президентинин Аппаратынын Жетекчиси – Кыргыз Республикасынын  шайлоо жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Д. Эсеналиев, Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топтун мүчөлөрү, саясий партиялардын, жарандык коомдун өкүлдөрү жана көз карандысыз  эксперттер.

Семинардын катышуучулары проблемаларды аныктоо жана аларды чечүүнүн жолдорун изилдөө үчүн төмөнкү багыттар боюнча чакан топторго бөлүндү: саясий партиялардын ишинин айкындуулугу жана   саясий партияларды каржылоо.

Маалымат үчүн:  Учурда Кыргыз Республикасында 1999-жылы кабыл алынган “Саясий партиялар жөнүндө” мыйзам колдонулууда. Топтолгон тажрыйбаны жана эл аралык укук колдонуу практикасын эске алып, 2003-жылдан тартып, мезгил-мезгили менен “Саясий партиялар жөнүндө” мыйзамды өркүндөтүү демилгеленип келүүдө. Ар түрдүү себептерге байланыштуу ал демилгелер кабыл алынбай, “Саясий партиялар жөнүндө” мыйзам боюнча иштер улантылууда.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын 2026-жылдын 9-октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
08-Окт, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 9-октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүлүүчү жери:  Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 503-кабат, жыйындар залы          Өткөрүү убактысы:  Саат 11:00                                                                        1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу ‎” токтом долбоору жөнүндөБаяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы 2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы  3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы 4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                           Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы           5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайлаган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                 Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу                            
Кененирээк билүү >>
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>