КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
29 марта 2019
2019-жылдын 29-мартында КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Манас, Жети-Өгүз, Ак-Талаа жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
- Талас облусунун Манас районунун Покровка айылдык кеңешиндеги депутат Ж.Мураталиева депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – М.Муратовго өткөрүлүп берилди;
- Талас облусунун Талас районунун Осмонкулов айылдык кеңешиндеги депутат Султанбек уулу Б. депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Э.Чаловго өткөрүлүп берилди;
- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Жаргылчак айылдык кеңешиндеги депутат А.Кошумбаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Т.Кулубаевге өткөрүлүп берилди;
- Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айылдык кеңешиндеги депутат У.Керимбаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – С.Абдраимовго өткөрүлүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
