КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

20 марта 2019

2019-жылдын 20-февралында КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Майлуу-Суу, Нарын, Талас, Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.

Ошентип:

- Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кеңешиндеги «КСДП» депутаттык фракциясынын депутаты А.Мурзамаметов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Ж.Калиевге өткөрүлүп берилди («КСДП» депутаттык фракциясынан);

- Нарын облусунун Нарын районундагы Учкун айылдык кеңешиндеги депутат Имер к. А. өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – М.Калыбековго өткөрүлүп берилди;

- Талас облусунун Талас районундагы Өмүралиев айылдык кеңешиндеги депутат У.Ташибеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Т.Бейшеналиевге өткөрүлүп берилди;

- Талас облусунун Талас районундагы Кара-Суу айылдык кеңешиндеги депутат Э.Береналиев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Т.Уметалиевге өткөрүлүп берилди;

- Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр айылдык кеңешиндеги депутаты Б.Джумалиев каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат кийинки талапкер – Н.Мокотаевге өткөрүлүп берилди.

- Чүй облусунун Жайыл районундагы Сары-Коо айылдык кеңешиндеги депутат А.Баков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Табалды к. Л. өткөрүлүп берилди.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү