Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
2019-жылдын 14-февралында КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кемин, Москва, Ош, Жайыл, Нарын, Сузак, Аксы, Токтогул жана Бишкек аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
- Чүй облусунун Кемин районундагы Ильич айылдык кеңешиндеги депутат Калмурат у К. өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Э.Мамытовага өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылдык кеңешиндеги депутат А.Вонхун өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – М.Магезага өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылдык кеңешиндеги депутат Х.Исхаков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Ш.Ягузовго өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаардык кеңешиндеги «Элдик-Народная» депутаттык фракциясынын депутаты Э.Назарбеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Г.Брагинага өткөрүлүп берилди («Элдик-Народная депутаттык фракциясынан);
- Ош шаардык кеңешиндеги «КСДП» депутаттык фракциясынын депутаты Х.Исмаилов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Анарбек у. С. өткөрүлүп берилди («КСДП» депутаттык фракциясынан);
- Нарын облусунун Нарын районундагы Эмгек-Талаа айылдык кеңешиндеги депутаты Темиркул у.Ж. каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат кийинки талапкер – А. Исаковага өткөрүлүп берилди.
- Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак айылдык кеңешиндеги депутаты К.Абдукадировго соттун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргендигине байланушту ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат кийинки талапкер – Ф.Эгамбердиевге өткөрүлүп берилди.
- Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Суу айылдык кеңешиндеги депутаты Т.Эшалиевдин каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат кийинки талапкер – У.Төрөкуловага өткөрүлүп берилди.
- Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Бел-Алды айылдык кеңешиндеги депутат Б.Багымбаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Тилеген у. Ж. өткөрүлүп берилди;
- Бишкек шаардык кеңешиндеги «Мекеним-Кыргызстан» депутаттык фракциясынын депутаты О.Жолдошов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер –. Н.Каримовго өткөрүлүп берилди («Мекеним Кыргызстан» депутаттык фракциясынан);
- Бишкек шаардык кеңешиндеги «Мекеним-Кыргызстан» депутаттык фракциясынын депутаты Апсатар у. А. өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер –. А.Куручбековго өткөрүлүп берилди («Мекеним Кыргызстан» депутаттык фракциясынан).
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кара-Буура, Талас жана Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди
КР БШК Кара-Буура, Талас жана Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервиндерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды.
Кара-Буура, Талас жана Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү: Кемелбек уулу М., С.Т. Бейшеновдун комиссиялардын курамдарынан, К.И. Ибраимовдун комиссиянын резервинен чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде токтом кабыл алынды.
- Кара-Буура АШКнын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Кемелбек уулу Максат курамынан чыгарылды; “Замандаш” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Б.Бодошова резервден комиссиянын курамына киргизилди;
-Талас АШКнын “Туран” демократиялык партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн С.Бейшенов курамынан чыгарылды, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн М.Жумалиев резервден комиссиянын курамына киргизилди;
- Кара-Кулжа АШКнын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн К.Ибраимов резервинен чыгарылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоосу дайындалды
Чүй облусунун Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 7-мартындагы №58-р буйругу менен Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысы К.Уметалиев, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
КР БШКнын токтомуна ылайык, Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылдын 2-апрелине саат 9-00дөн 12-00гө чейинкиге дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Жайыл АШКна тапшырылды.
Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди
2019-жылдын 14-мартында КРнын БШКсы 2019-жылдын 6-мартында Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитти.
Протоколдордун негизинде:
Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Каныбеков Кубанычбек Каныбекович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Шайланган айыл өкмөт башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Талас аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 15-мартында партиялар үчүн "Саясий партиялар: ишин укуктук камсыздоонун жана өнүгүү практикасынын эл аралык тажрыйбасы” деген темада семинар өтөт
Стратегияны жүзөгө ашыруу алкагында Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топтун демилгеси менен ЕККУнун Программалык офисинин, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын колдоосу алдында 2019-жылдын 15-мартында саясий партиялар үчүн "Ишин укуктук камсыздоонун жана өнүгүү практикасынын эл аралык тажрыйбасы” деген темада семинар өтөт.
Иш-чаранын максаты – чет өлкөлөрдөгү партиялык мыйзамдар жана партиялык практиканын тажрыйбасы менен тааныштыруу, Кыргыз Республикасында саясий партиялардын ишин укуктук камсыздоонун негизги параметрлери боюнча пикир алмашуу, анын ичинде партиялык түзүм жана курулуш, шайлоого байланыштуу партиялык чечимдерди кабыл алуу тартиби, партияларды каржылоонун, үгүт жүргүзүүнүн айкындуулугу ж.б. маселелер бар.
Эл аралык практика тууралуу маалымат берүү үчүн семинарга ЕККУнун (БДИПЧтин) саясий партиялардын ишмердиги боюнча эксперттери чакырылган.
Семинарга Кыргызстандын саясий партияларынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, аталган Жумушчу топтун мүчөлөрү, жарандык коомдун, ЖМКнын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер катышат.
Семинар Бишкек шаарынын Орозбеков, 87 көчөсүндөгү Park Hotel Bishkek мейманканасында өтөт.
Өткөрүү убактысы: саат 9:30дөн 17:00гө чейин.
ЖМКнын өкүлдөрүн 0312665452, 0701702880 тел. боюнча катталуусун өтүнөбүз.
Программа семинара «Политические партии: международный опыт правового обеспечения деятельности и практики развития»
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 14-мартында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 14- март 2019-ж.
Убактысы: 12:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2019-жылдын 6-мартында өткөрүлгөн Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Кара-Буура, Талас жана Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кемин, Москва, Ош, Жайыл, Нарын жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктоосу!
Урматтуу айымдар!
Сиздерди жаз майрамы 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөгүбүздөн куттуктайбыз!
Сиздер мээримиңиздер менен жашоонун көркүн ачып, үйгө кут, өмүргө кубаныч алып келесиздер, энелик сезимиңиздер менен келечек муунга тирек болуп бересиздер.
Аялзатына кыргыздар ар дайым аяр мамиле жасап, сый-урмат көргөзүп келген. Эл башкарган эрендердин акылына акыл кошуп, журт башкарган айымдар көп болгон.
Сиздердин кайраттуулугуӊуздар, жоопкерчиликтүүлүгүӊүздөр, активдүү жарандык позицияңыздар жана кайдыгер карабаганыңыздар - өлкөнүн алдыга тынымсыз өнүгүшүнүн, гүлдөп өсүшүнүн жана бардык кыргызстандыктардын бакубат турмушунун кепилдиги.
Коомубуздун ынтымагына жана биримдигине дагы сиздердин кошкон салымыңыздар абдан жогору. Биздин аялзат өлкөбүздүн коомдук-саясий турмушуна, мамлекетти башкарууга мындан дагы активдүү катышыш керек.
Жергиликтүү кеңештерде аялдар көбүрөөк болсо, жергиликтүү жамааттын эң керектүү, эң орчундуу социалдык маселелери биринчи иретте чечиле баштайт.
Жогорку Кеңеште, аткаруу бийлигинде дагы аялдар өлкөбүзгө эң зарыл болгон мыйзамдарды жана чечимдерди конструктивдүү талкуу менен кабыл алууга өз салымын кошо алат деген ойдобуз.
Жакында туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеңеш шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясын кабыл алып, анын иш-планына аялдардын коомдук–саясий процесстерге, шайлоого катышуусун активдештирүүгө багытталган бир нече милдеттер киргизилди. Анда жергиликтүү (айылдык) кеңештерге аялдар үчүн 30% квота белгилөө, ошондой эле аялдар арасында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча иш-чаралар каралган. Азыркы учурда, талапкер катары айылдык кенештердин шайлоосуна 7% гана аялдар катышып жатканы өкүнүчтүү.
Бул иштерди биз – Борбордук шайлоо комиссиясы, жергиликтүү органдар менен, аялдардын уюмдары менен жүргүзүүгө даярбыз.
Урматтуу асылзат айымдар!
Сиздерди майрамыңыздар менен чын дилибизден куттуктайбыз! Баарыңыздарга бекем ден соолук, бакубат турмуш, бакыт-таалай каалайбыз!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 6 мартында Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
2019-жылдын 6-мартындагы Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды.
Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 11 добуш алган Каныбеков Кубанычбек Каныбекович шайланды. Бекмолдо айылдык кеңешиндеги 21 депутаттан 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 5 талапкер аттанган.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Орозбеков, Бел-Алды жана Казан-Куйган айыл өкмөтөрүнүн башчыларын шайлоосу дайындалды
Баткен облусунун Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 25-февралындагы № 1-5/46-б буйругу менен Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жолдошов, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 26-февралындагы № 32 буйругу менен Бел-Алды айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайылов, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 26-февралындагы № 104 буйругунун негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Нарын облусунун Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 4-мартындагы № 01пр буйругу менен Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башчысы З.Эсенгулов, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
КР БШКнын токтомуна ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Бел-Алды жана Нарын облусунун Нарын районунун Казан-Куйган айыл өкмөттөрүүнүн башчыларын шайлоо 2019-жылдын 23-мартына саат 9-00дөн 12-00гө чейинкиге дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Кадамжай, Токтогул жана Нарын АШКна тапшырылды.
Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
2019-жылдын 5-мартында КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Аламүдүн, Ысык-Ата, Кочкор, Жалал-Абад жана Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
- Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айылдык кеңешиндеги депутаты К.Термечиковдун каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат кийинки талапкер –С.Жилинага өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаардык кеңешиндеги “КСДП” депутаттык фракциясынан депутат Э.Шекеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Э.Мамыркуловага өткөрүлүп берилди (“КСДП” депутаттык фракциясынан);
- Нарын облусунун Кочкор районундагы Кара-Суу айылдык кеңешиндеги депутаты Т.Курткаевдин каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат кийинки талапкер – М.Эсенгуловго өткөрүлүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги “Мекеним-Кыргызстан” депутаттык фракциясынан депутат Д.Жээнбеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Тыныбек уулу З. өткөрүлүп берилди (“Мекеним-Кыргызстан” депутаттык фракциясынан);
- Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кеңешиндеги “ Өнүгүү-Прогресс” депутаттык фракциясынан депутат Ч.Мадиев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Т.Мырзаматовага өткөрүлүп берилди (“Өнүгүү-Прогресс” депутаттык фракциясынан).
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Талас облусунун Талас районунун Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди
2019-жылдын 5-мартында КРнын БШКсы 2019-жылдын 27-февралында Талас облусунун Талас районунун Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитти.
Протоколдордун негизинде:
Талас облусунун Талас районунун Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Токтомушов Шаршенбек Сапарович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Шайланган айыл өкмөт башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Талас аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 5-мартында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 5- март 2019-ж.
Убактысы: 14.00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2019-жылдын 27-февралында өткөрүлгөн Талас облусунун Талас районунун Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнун жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
2. Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө.
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Аламүдүн, Ысык-Ата, Кочкор, Жалал-Абад жана Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
4. "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын арызы жөнүндө.
(Баяндамачы – М. А. Камчибекова, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
5.Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
2019-жылдын 28-февралында КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Чүй, Сузак, Кара-Суу, Ош, Бишкек, Ак-Суу, Ноокат, Кадамжай, Алай, Майлуу-Суу, Нарын шаардык, Тоң жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
- Чүй облусунун Чүй районунун Ибраимов айылдык кеңешиндеги депутат Б.Абдыгулов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – А.Момункуловго өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Чүй районундагы Ибраимов айылдык кеңешиндеги депутат Б.Алиев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Курманкул уулу А. өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Чүй районундагы Кош-Коргон айылдык кеңешиндеги депутат Э. Суйлайманов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – К.Маликовго өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Чүй районунун Онбир-Жылгы айылдык кеңешиндеги депутат Ж,Сманалиева депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Д.Тологоновго өткөрүлүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы С.Атабеков айылдык кеңешиндеги депутаты Т.Ормонов каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат кийинки талапкер – Б.Абиловго өткөрүлүп берилди.
- Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы С.Атабеков айылдык кеңешиндеги депутат А.Жаркынов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Ф.Эргешовага өткөрүлүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Жаңгак шаардык кеңешиндеги “КСДП” депутаттык фракциясынан депутат М.Аликеев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – У.Юсуповго өткөрүлүп берилди (“КСДП” депутаттык фракциясынан);
- Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кеңешиндеги “Республика-Ата-Журт” саясий фракциясынын депутаты А.Сагындыков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Ч.Токтоназаровага өткөрүлүп берилди (“Республика-Ата-Журт” саясий фракциясынан);
- Ош облусунун Ноокат районундагы Сары-Колот айылдык кеңешиндеги депутат К.Сейткулов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – З.Кокоевге өткөрүлүп берилди;
- Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Таш айылдык кеңешиндеги депутаты Н.Зулпукаров каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат кийинки талапкер – Н.Абдиевге өткөрүлүп берилди.
- Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төөлөс айылдык кеңешиндеги депутат Н.Аширматов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Х.Шарапидиновго өткөрүлүп берилди;
- Ощ облусунун Алай районунун Булөлү айылдык кеңешиндеги депутат К.Бабыев депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Ш.Ибраимовго өткөрүлүп берилди;
- Ош облусунун Алай районунун Будалык айылдык кеңешиндеги депутат С.Жунусов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – М.Алипсатаровго өткөрүлүп берилди;
- Ош облусунун Алай районунун Будалык айылдык кеңешиндеги депутат М.Алиев депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Ш.Оторовго өткөрүлүп берилди;
- Ош облусунун Алай районунун Жаңы-Алай айылдык кеңешиндеги депутат Р.Кеңешов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – С.Машеровго өткөрүлүп берилди;
- Ош шаардык кеңешиндеги «Мекеним Кыргызстан» депутаттык фракциясынын депутаты Т.Шаванов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – К.Уркунбаевге өткөрүлүп берилди («Мекеним Кыргызстан» депутаттык фракциясынан);
- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айылдык кеңешиндеги депутат А.Адыгулов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Н.Сариевге өткөрүлүп берилди;
- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата шаардык кеңешиндеги “Улуу Кыргызстан” депутаттык фракциясынын депутаты М.Чекиров өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – М.Жукешовго өткөрүлүп берилди (“Улуу Кыргызстан” депутаттык фракциясынан);
- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата шаардык кеңешиндеги “Улуу Кыргызстан” депутаттык фракциясынын депутаты Б.Иманбеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – А.Балтабаевге өткөрүлүп берилди (“Улуу Кыргызстан” депутаттык фракциясынан);
- Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Улахол айылдык кеңешиндеги депутат Б.Базарбеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – А.Акматовго өткөрүлүп берилди;
- Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айылдык кеңешиндеги депутат А.Батырканов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Имангазы уулу У. өткөрүлүп берилди;
- Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен шаардык кеңешиндеги “Республика” депутаттык фракциясынын депутаты Н.Мамажанов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Зиядилла уулу Э. өткөрүлүп берилди (“Республика” депутаттык фракциясынан);
- Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен шаардык кеңешиндеги “Джаны-Доор” депутаттык фракциясынын депутаты К.Джайнаков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Г.Маматалиевага өткөрүлүп берилди (“Джаны-Доор” депутаттык фракциясынан);
- Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешиндеги “Ата-Тоо ынтымагы” депутаттык фракциясынын депутаты А.Токторалиев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер –А.Мусаевге өткөрүлүп берилди (“Ата-Тоо ынтымагы” депутаттык фракциясынан);
- Бишкек шаардык кеңешиндеги “Өнүгүү-Прогресс” депутаттык фракциясынан бош калган мандат кийинки талапкер Э.Досиевге өткөрүлүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү-
Кененирээк билүү >>
Жумгал, Алай, Чоң-Алай жана Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди
КР БШК Жумгал, Алай, Чоң-Алай жана Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервиндерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды.
Жумгал, Алай, Чоң-Алай жана Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү: А.Б. Орозобековдун, Р.К. Жээнбековдун, З.А. Сейдалиевдин, Д.С. Кулубаеванын, А.Р. Исаеванын комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде токтом кабыл алынды.
- Жумгал АШКнын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн А.Орозобеков курамынан чыгарылды; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн С.Айрыгомова резервден комиссиянын курамына киргизилди;
-Алай АШКнын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Р.Жээнбеков курамынан чыгарылды, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Ч.Убукеева резервден комиссиянын курамына киргизилди.
- Чоң-Алай АШКнын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн З.Сейдалиев курамынан чыгарылды, “Республика-Ата Журт” саясий партиясынан көрсөтүлгөн М.Садыков резервден комиссиянын курамына киргизилди;
- Чүй АШКнын “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Дж.Кулубаев, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн А.Исаева комиссиянын курамынан чыгарылсын, “Элдик-Народная” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Т.Кадырбаев, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн С.Ивкина резервден комиссиянын курамына киргизилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кээ бир айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын шайлоосу дайындалды
Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 06-февралындагы № 35-Б буйругу менен Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мурзакматов, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 12-февралындагы № 43-Б буйругу менен Төш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы У.Кожокматов, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Ош облусунун Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 20-февралындагы № 53 буйругу менен Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жумаев, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Ысык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 20-февралындагы № 9 буйругу менен Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысы К.Азизов, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
КР БШКнын токтомуна ылайык, Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр айыл өкмөттөрүүнүн башчыларын шайлоо 2019-жылдын 19-мартына саат 9-00дөн 12-00гө чейин жана Чүй облусунун Сокулук районунун Төш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылдын 19-мартына саат 15-00дөн 18-00гө чейин дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Сокулук, Кара-Кулжа жана Тоң АШКна тапшырылды.
Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди
2019-жылдын 28-февралында КРнын БШКсы 2019-жылдын 19-февралында Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитти.
Протоколдордун негизинде:
- Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Омаралиев Руслан Намазалиевич айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Шайланган айыл өкмөт башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Сокулук аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
29.09.2026
КР БШКнын 2026-жылдын 30-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
29.09.2026
КР БШКда президенттик шайлоого даярдык боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен кеңешме өттү
29.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Индияда шайлоону башкаруу органдарынын потенциалын чыңдоо боюнча эл аралык семинарга катышууда
28.09.2026
Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуу
26.09.2026
ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу
25.09.2026
Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө