Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы КР БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун апасы Саадат Бекматова дүйнөдөн кайтты.
Саадат Бекматова 1963-1967-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты болгон, элге, өлкөгө сиңирген ак ниет, үлгүлүү эмгеги Өкмөт тарабынан жогору бааланып, Эмгек Кызыл Туу, “Ардак Белгиси” ордендери, мамлекеттик башка медалдар, ардак грамоталар менен сыйланган.
Биз орду толгус жоготуу кайгысын тең бөлүшүп, Саадат Бекматованын үй-бүлөсүнө, туугундарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жамааты