Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШК жер-жерлерде шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутууда
2019-жылдын 19-майына дайындалган айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдануу алкагында КР БШКнын борбордук аппаратынын эксперттери 2019-жылдын 22-апрелинен 27-апрелине чейин аймактык жана участоктук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутат.
Окутуу шайлоо комиссияларынын ишин натыйжалуу пландоо көндүмдөрүн калыптандырууга, АШК жана УШКлардын иш-милдеттерин ар кыл деңгээлдерде аткарууга жана бийликтин жергиликтүү органдары менен өз ара аракеттешүүгө багытталган.
Окутуу программасына төмөнкү маселелер киргизилген:
- шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын этаптар боюнча иштери;
- АШК жана УШКлардын иш эрежелери боюнча нускама;
- шайлоочулардын тизмелери, шайлоо бюллетендери менен иштөө боюнча блоктор;
- добуш берүү күнүнө чейин жана добуш берүү күнү шайлоону даярдоо жана натыйжаларды чыгаруу;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн шайлоонун жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, УШКлардын жайдан тышкары добуш берүү боюнча проблемалары;
- ыйгарым укуктарын аткарбаган шартта АШК мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги жана ыйгарым укуктарды аткарбагандыктын кесепеттери;
- байкоочулар, ЖМК өкүлдөрү, эл аралык байкоочулар.
Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2019-жылдын 19-майына Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош, Талас жанаЧүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо дайындалган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 19-майында өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоодо депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү аяктады
2019-жылдын 18-апрелинде 2019-жылдын 19-майында өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоодо депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү аяктады.
Он эки айылдык кеңешке шайлоодо мандаттардын саны 212ни түзөт. 12 айылдык кеңешке бардыгы 512 талапкер көрсөтүлдү.
Бардык 512 талапкер – өзүн өзү көрсөткөндөр, саясий партиялардан талапкерлер көрсөтүлгөн жок.
Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кенешинде 2 округ, 11 мандат бар. 36 талапкер көрсөтүлдү.
Талас облусунун Кара-Буура районунда шайлоо 3 айылдык кенеште өтөт: Шекер (2 округ), Бейшеке (3 округ) жана Бакыян (1 округ). Мандаттардын жалпы саны – 53. 124 талапкер көрсөтүлдү.
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кенешинде 2 округ, 11 мандат бар. 23 талапкер көрсөтүлдү.
Ош облусунун Ноокат районунун Н. Исанов айылдык кенешинде 6 округ, 31 мандат бар. 65 талапкер көрсөтүлдү.
Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кенешинде 2 округ, 11 мандат бар. 28 талапкер көрсөтүлдү.
Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз -Адыр айылдык кенешинде 3 округ, 21 мандат бар. 63 талапкер көрсөтүлдү.
Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кенешинде 2 округ, 11 мандат бар. 29 талапкер көрсөтүлдү.
Баткен облусунун Баткен районунда шайлоо 3 айылдык кенеште өтөт: Актатыр (3 округ), Самаркандек (4 округ) жана Аксай (4 округ). Мандаттардын жалпы саны – 63. 144 талапкер көрсөтүлдү.
Эми аймактык шайлоо комиссияларындагы тиешелүү жумушчу топтор 10 календардык күндүн ичинде көрсөтүлгөн документтердин талапкерлердин көрсөтүү тартибине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамдын талаптарына ылайыктыгын текшерет.
Депутаттыкка талапкерлерди каттоо мыйзамдарга ылайык добуш берүү күнүнө чейин 20 күн мурда – 2019-жылдын 29-апрелине чейин аяктайт.
Добуш берүү2019-жылдын 19-майында өтөт.
2019-жылдын 19-майына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо боюнча маалымат
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 19-майына дайындалган Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо боюнча маалымат
2019-жылдын 19-майына дайындалган Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо боюнча маалымат. 2019-жылдын 19.04. абалы боюнча.
Кененирээк билүү >>
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоосу дайындалды
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 12-апрелиндеги №26 буйругу менен Саруу айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Абдрахманов өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
КР БШКнын токтомуна ылайык, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылдын 6-майына саат 9-00дөн 12-00гө чейинкиге дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Жети-Өгүз АШКна тапшырылды.
Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
2019-жылдын 18-апрелинде КР БШК Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ала-Бука, Чаткал, Аламүдүн, Кочкор, Нарын шаардык, Лейлек жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
- Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Чаткал айылдык кеңешиндеги депутат Ш.Атабаев депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – У.Абдыкеримовго өткөрүлүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айылдык кеңешиндеги депутат А.Максымбеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Ж.Дадабаевге өткөрүлүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айылдык кеңешиндеги депутат Э.Батырбеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – А.Орозбаевге өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылдык кеңешиндеги депутат А.Токтомбеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – А.Чекировага өткөрүлүп берилди;
- Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешиндеги «Республика-Ата-Журт» депутаттык фракциясынан депутат Н.Омуракунов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Д.Зайдиновго өткөрүлүп берилди («Республика-Ата-Журт» саясий партиясынан);
- Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айылдык кеңешиндеги депутат Ч.Ишенов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – А.Сатыбалдиевге өткөрүлүп берилди;
- Баткен облусунун Лейлек районунун Сумбула айылдык кеңешиндеги депутат Ф.Нарзуллаев депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – А.Сулаймановго өткөрүлүп берилди;
- Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаардык кеңешиндеги «КСДП» депутаттык фракциясынан депутат М.Узаковго соттун өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотулду, бош калган мандат кийинки талапкер – Э.Мамаражаповго өткөрүлүп берилди («КСДП» саясий партиясынан);
- Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айылдык кеңешиндеги депутат Т.Райимбердиев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – М.Жалиевге өткөрүлүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Аксы жана Ат-Башы аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди
КР БШК Аксы, Ат-Башы аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү: Ө.Ж. Узенбаеванын, Р.Т. Абдылдаевдин, Г.Т. Султангазиеванын комиссиялардын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды.
- Аксы АШКнын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Узенбаева Өмүркан Жаманкуловна комиссиянын курамынан чыгарылып, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Апсаматов Ашыммырза Тургунович резервден комиссиянын курамына киргизилди;
- Ат-Башы АШКнын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдылдаев Руслан Токтокадырович, Султангазиева Гүлнура Тураровна комиссиянын курамынан чыгарылып, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Алымбекова Акылай Ишеналиевна, Темирбеков Муратбек Темирбекович резервден комиссиянын курамына киргизилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Беловодск жана Ак-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди
2019-жылдын 18-апрелинде КРнын БШКсы 2019-жылдын 8-апрелинде Чүй облусунун Москва районунун Беловодск, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорун бекитти.
Протоколдордун негизинде:
- Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Ешалиев Кубанычбек Жолдошбекович шайланды;
- Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн шайланган башчысын шайлоо өттү деп табылып, айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Буланбеков Уланбек Эсенбекович шайланды.
Шайланган айыл өкмөт башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Москва жана Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияларына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 19-майына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо боюнча маалымат
2019-жылдын 19-майына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо боюнча маалымат. 2019-жылдын 17.04. абалы боюнча.
2019-жылдын 19-майына дайындалган Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо боюнча маалымат. 2019-жылдын 17.04. абалы боюнча.
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 17-апрелинде Өзгөн шаарынын мэри шайланды
2019-жылдын 17-апрелинде Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын мэрин шайлоо өткөрүлдү. Өзгөн шаардык кеңешинде 31 депутат бар, 31 тең катышты. Добуш берүүнүн натыйжасында, Өзгөн шаардык кенешинин депутаттарынын добуштарынын көпчүлүк санын, тактап айтканда 16 добушун «Өнүгүү-Прогресс» депутаттык фракциясынан Халматов Мухтаржан Маматжанович алды. Мэр башчылыгына 2 талапкер аттанган.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 18-апрелинде өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 18 апрель 2019-ж.
Убактысы: 14:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Чүй облусунун Москва районунун Беловодск, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Ысык-Көл облусунун Жети-өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнун башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Аксы, Ат-Башы аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнундө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ала-Бука, Чаткал, Аламүдүн, Кочкор, Нарын шаардык, Лейлек жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 19-майына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо боюнча маалымат
2019-жылдын 19-майына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо боюнча маалымат. 2019-жылдын 15.04. абалы боюнча
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 19-майына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо боюнча маалымат
2019-жылдын 19-майына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо боюнча маалымат. 2019-жылдын 12.04. абалы боюнча
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
2019-жылдын 10-апрелинде КР БШК Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Бишкек, Нарын шаардык, Кадамжай, Ак-Суу, Тоң, Москва, Өзгөн жана Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
- Бишкек шаардык кеңешиндеги «Мекеним Кыргызстан» депутаттык фракциясынан депутат П. Десятников өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, кийинки кандидатты аныктап, ал талапкер боюнча тиешелүү документтерди такталганча чейин мандат бош калат;
- Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешиндеги «Кыргызстан» депутаттык фракциясынан депутат Р.Алимова өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Ж.Таалайбековго өткөрүлүп берилди («Кыргызстан» саясий партиясынан);
- Баткен облусунун Айдаркен шаардык кеңешиндеги «Республика» депутаттык фракциясынан депутат А.Якубов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – О.Тиллабаевге өткөрүлүп берилди («Республика» саясий партиясынан);
- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Каракол айылдык кеңешиндеги депутат М.Термечиков депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Ө. Кидебаевге өткөрүлүп берилди;
- Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр айылдык кеңешиндеги депутат У.Мааткеримов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Ж.Өмүракуновго өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Москва районунун Фрунзе айылдык кеңешиндеги депутат Р.Омаралиев депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – А.Камбарбаевге өткөрүлүп берилди;
- Ош облусунун Өзгөн районундагы Салам-Алик айылдык кеңешиндеги депутаты М.Абдыкадыровдун каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат кийинки талапкер – З.Рахманбердиевага өткөрүлүп берилди;
- Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылдык кеңешиндеги депутат Б. Төрөгелдиева депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Н.Темирбаевге өткөрүлүп берилди;
- Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Жар айылдык кеңешиндеги депутаты М.Токтомуратов каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат кийинки талапкер – Ж.Одоновго өткөрүлүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
К. Белекбаев атындагы Алай, Кара-Булак жана Целинный айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоосу дайындалды
Ош облусунун Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 21-февралындагы № 35- буйругу менен К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кенеш у. Б., өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Чүй облусунун Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 08-апрелиндеги № 94-р буйругу менен Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Бейшеев, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Чүй облусунун Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 05-апрелиндеги № 82-р буйругу менен Целинный айыл өкмөтүнүн башчысы Дж.Орозалиев, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
КР БШКнын токтомуна ылайык, Ош облусунун Алай районунун К. Белекбаев атындагы Алай, Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак жана Москва районунун Целинный айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2019-жылдын 30-апрелине саат 9-00дөн 12-00гө чейинкиге дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Алай, Кемин жана Москва АШКна тапшырылды.
Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 19-майына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо боюнча маалымат
2019-жылдын 19-майына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо боюнча маалымат.
Кененирээк билүү >>
КРнын БШКсы Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата шайлоо округдарынын жана участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитти
2019-жылдын 10-апрелинде КРнын БШКсы шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү боюнча Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен берилген сунушунун негизинде Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата токтом кабыл алды.
Жалпысынан 4 шайлоо округу жана 4 шайлоо участкасы түзүлдү.
2019-жылдын 4-апрелиндеги ПЖ № 44 Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоосу 2019-жылдын 19 майына дайындалган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
29.09.2026
КР БШКнын 2026-жылдын 30-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
29.09.2026
КР БШКда президенттик шайлоого даярдык боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен кеңешме өттү
29.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Индияда шайлоону башкаруу органдарынын потенциалын чыңдоо боюнча эл аралык семинарга катышууда
28.09.2026
Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуу
26.09.2026
ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу
25.09.2026
Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө