2019-жылдын 8-апрелинде Беловодск жана Ак-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү
08 апреля 2019
2019-жылдын 8-апрелинде Чүй облусунун Москва районунун Беловодск, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды.
Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 17 добуш алган Ешалиев Кубанычбек Жолдошбекович шайланды. Беловодск айылдык кеңешиндеги 31 депутаттан 30 депутат катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 3 талапкер аттанган;
Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 12 добуш алган Буланбеков Уланбек Эсенбекович шайланды. Ак-Дөбө айылдык кеңешиндеги 21 депутаттан 20 депутат катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 3 талапкер аттанган.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
