2019-жылдын 2-апрелинде Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
02 апреля 2019
2019-жылдын 2-апрелинде Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды.
Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 14 добуш алган Джунушев Бактыбек Кадырбекович шайланды. Ак-Башат айылдык кеңешиндеги 21 депутаттан 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 3 талапкер аттанган.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
