Кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди
29 марта 2019
КР БШК Баткен, Алай, Кара-Буура, Аламүдүн жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды.
Баткен, Алай, Кара-Буура, Аламүдүн жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү: К.Т. Таабалдыеванын, Г.М. Адылованын, М.М. Козуевдин, К.К. Абдыкеримованын, А.М. Султанованын, Н.А. Жунушованын, Т.К. Молдобаеванын, А.А. Жумадылованын, М.О. Дуйшееванын комиссиялардын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде токтом кабыл алынды.
- Баткен АШКнын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Таабалдыева Караматхан Турдубаевна, Адылова Гүлбара Мажитовна комиссиянын курамынан чыгарылып, “Замандаш” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Токтосунов Бакытбек Гайбиллаевич, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Аширкулов Байсалбек Мурзахматович резервден комиссиянын курамына киргизилди;
- Алай АШКнын “Бир Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясынан көрсөтүлгөн Козуев Максатбек Муртазаевич комиссиянын курамынан чыгарылып, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Примкулова Калбү Жанибековна резервден комиссиянын курамына киргизилди;
- Кара-Буура АШКнын “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Абдыкеримова Клара Кушубековна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Султанова Агила Мелисбековна комиссиянын курамынан чыгарылып, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Алымкулов Марлис Ажыбекович, Саадабекова Колзада Замудиновна резервден комиссиянын курамына киргизилди;
- Аламүдүн АШКнын “Туран” демократиялык партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Жунушова Назгуль Айдаркановна, “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Молдобаева Толкун Кубанычбековна комиссиянын курамынан чыгарылды, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Исакова Асель Кавакбековна, Тезекчиева Элиза Аблабековна резервден комиссиянын курамына киргизилди;
- Жайыл АШКнын “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Жумадылова Аида Асанбековна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Дуйшеева Миргуль Омурбековна комиссиянын курамынан чыгарылды, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Рыскулова Алия Насыралиевна, Сегизбаев Нааматбек Бектурганович резервден комиссиянын курамына киргизилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
