КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
05 апреля 2019
2019-жылдын 5-апрелинде КР БШК Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кадамжай, Талас жана Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
- Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылдык кеңешиндеги депутат Г.Закиров өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – С.Махсудовго өткөрүлүп берилди;
- Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешиндеги депутат А. Мурзакозуев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Б.Мадаминовго өткөрүлүп берилди;
- Талас облусунун Талас районундагы Арал айылдык кеңешиндеги депутат Н. Жекшеналиева өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Г.Омушевага өткөрүлүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешиндеги «Ата-Журт» депутаттык фракциясынан депутат К.Бектемиров өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – К.Абдырамановго өткөрүлүп берилди («Ата-Журт» саясий партиясынан).
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
