Байзак, Эмгекчил жана Аманбаев айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоосу дайындалды
05 апреля 2019
Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 29-мартындагы №16 буйругу менен Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы Насыбалы у. К., өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Нарын облусунун Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 29-мартындагы №03-пр буйругу менен Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысы Айдарбек у. Т., өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Талас облусунун Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 29-мартындагы №18 буйругу менен Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысы М.Темирбеков, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
КР БШКнын токтомуна ылайык, Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак, Нарын районунун Эмгекчил жана Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2019-жылдын 24-апрелине саат 9-00дөн 12-00гө чейинкиге дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Жумгал, Нарын жана Кара-Буура АШКна тапшырылды.
Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
