Новопавловка, Төш-Булак, Карагуз, Көл-Төр, Орозбеков, Бел-Алды, Казан-Куйган айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди
29 марта 2019
2019-жылдын 29-мартында КРнын БШКсы 2019-жылдын 19, 23-мартында өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка, Төш-Булак, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Карагуз, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр, Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Бел-Алды, Нарын облусунун Нарын районунун Казан-Куйган айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитти.
Протоколдордун негизинде:
- Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Ысакулов Залкар Максатбекович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды;
- Чүй облусунун Сокулук районунун Төш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Баяке уулу Болоткан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды;
- Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Карагуз айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Мамишов Дагыбек Алимбекович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды;
- Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Мааткеримов Улан Абдылдабекович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды;
- Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Алиев Алтынбек Ганыевич айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды;
- Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Бел-Алды айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Багымбаев Болот Тияншанович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды;
- Нарын облусунун Нарын районунун Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Ырысбек уулу Элдар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Сокулук, Кара-Кулжа, Тоң, Кадамжай, Токтогул жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
