КР БШКнын Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясындагы тутумдук администратору Бакиров Байгазы Эркиналыевичтин дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу КР БШК көңүл айтат

07 октября 2019

КР БШКнын Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясындагы тутумдук администратору Бакиров Байгазы Эркиналыевичтин дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтат жана орду толгус жоготуунун кайгысын тең бөлүшөт.

Бакиров Байгазы Эркиналыевич 1981-жылы 19-декабрда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылында туулган.

Өзүнүн эмгек жолун 2003-жылы Базар-Коргон районунун аймактык ооруканасында оператор болуп иштөөдөн баштаган.

2004-2005-ж.ж. Базар-Коргон районунун айыл чарба департаментинде оператор;

2005-2011-ж.ж. Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясында “ШАЙЛОО” ГАСтын тутумдук администратору;

2011-жылдын августунан тартып, КР БШКнын Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясындагы тутумдук администратору болуп иштеп келди.

Жемиштүү эмгеги үчүн Бакиров Б.Э. 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы инспектору деген класстык ченге ээ болгон.

Эмгектенген мезгилинде Байгазы Эркиналыевич өзүн кесиптештеринин арасында кадыр-баркка ээ жогорку деңгээлдеги адис катары көрсөткөн.

Байгазы Эркиналыевич мыкты бүлөчүл адам, камкор жубай жана төрт баланын сүйгөн атасы болгон.

Н.К. Шайлдабекова, А.Г. Бекматов, А.Ж. Эшимов, А.Т. Асаналиев, Г.М. Баатырова, Г.К. Джурабаева, Е.Дж. Джилкичиева, Н.Т. Арипов, Б.С. Кадыров, А.Б. Абдрахматова, А.С. Сатыгулов, К.М. Осмоналиев жана КР БШКнын аппараты