Дуулатов Равшанбек Пайызкулович Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
30 сентября 2019
2019-жылы 30-сентябрда КР БШКнын мүчөлөрү Ала-Бука аймакктык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Дуулатов Равшанбек Пайызкулович Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланды деп тааныды.
Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 17-сентябрда болуп өттү.
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.
Дуулатов Равшанбек Пайызкулович
1982-жылы 26-февралда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ызар айылында туулган.
Билими жогорку. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетин “экономика жана компанияда башкаруу” адистиги боюнча бүтүргөн (диплом №УВ150037383 2015-ж. 4-март).
Эмгек жолу:
11.02.2017 ж.- азыркы кунго чеин – Т. Балтагулов айыл өкмөтү, каржы жана экономика бөлүмдүн башчысы;
01.09.2016 ж. – Т. Балтагулов айыл өкмөтү, каржы жана экономика бөлүмдүн башчысынын милдетин аткаруучу;
02.11.2015 ж. – Т. Балтагулов айыл өкмөтү, инвестиция тартуу боюнча башкы адиси;
10.10.2014 ж. – Т. Балтагулов айыл өкмөтү, мат. Бухгалтери;
09.08.2013 ж. – Т. Балтагулов айыл өкмөтү, бухгалтер-кассир;
01.08.2011 ж. – Т. Балтагулов айыл өкмөтү, билим берүү бөлүмдүн мат. бухгалтери;
05.01.2011 ж. – Т. Балтагулов айыл өкмөтү, эсеп бухгалтери;
09.08.2008 ж. – Т. Балтагулов айыл өкмөтү, аскердик-эсепке алуу столдун инспектору;
1999ж. - “Тендик” дыйкан чарбасы, мүчө.
Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн, эки баланын атасы
Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык-аналитикалык борбору берген маалымкатка ылайык Дуулатов Равшанбек Пайызкуловичтин Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
