2019-жылы 4-октябрда Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү

04 октября 2019

2019-жылы 4-октябрда Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.

9 добуш алган Советбек уулу Майрамбек Ильич айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Ильич айылдык кеңешинде бардыгы 11 депутат бар, алардын 9у катышты. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 1 талапкер катталган.

Депутаттар талапкерге салыштырмалуу “бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн көпчүлүк добуш бергенине байланыштуу 2019-жылы 17-сентябрда Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болбой калганын эске салабыз.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү