2019-жылы 1-октябрда Нарын шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү

01 октября 2019

2019-жылы 1-октябрда Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү.

25 добуш алган Молдокадыров Нурбек Асыранкулович Нарын шаарынын мэри болуп шайланды.

Нарын шаардык кеңешинде бардыгы 31 депутат бар, добуш берүүгө алардын баары катышты. Нарын шаарынын мэри кызмат ордуна 3 талапкер катталган.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү