2019-жылы 1-октябрда Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
01 октября 2019
2019-жылы 1-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
8 добуш алган Джумалиев Эдиль Асыкбаевич Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Көк-Жар айылдык кеңешинде бардыгы 11 депутат бар, добуш берүүгө алардын баары катышты. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 2 талапкер катталган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
