КР БШК жергиликтүү кеңештердин сегиз депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

30 сентября 2019

2019-жылы 30-сентябрда КР БШК Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Алай, Чоң-Алай, Токтогул, Ысык-Ата, Кемин, Тоң, Түп жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.

Төмөнкү депутаттар өз каалоолору боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушту

Ош облусу:

Карыпбеков Бактияр (Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Маркаев Дүйшөбайга өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусу:

Жумалиев Алмаз (Токтогул районунун М.Абдылдаев айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Озубеков Миргазыга өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусу:

Абдиев Жыргалбек (Тоң районунун Төрт-Күл айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Намазов Кбунычбекке өткөрүп берилди.

Баткен облусу:

Имаралиев Шарабидин (Баткен районунун Кыштут айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Атамалиев Айдаралиге өткөрүп берилди.

Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга айкалышпаган кызмат орунуна дайындалганына байланыштуу, берген арыздарынын негизинде төмөнкү депутаттар өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушту

Ош облусу:

Раимбеков Абдыганы (Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Масабиров Нурсейитке өткөрүп берилди.

Чүй облусу:

Усупов Эркинбек (Ысык-Ата районунун Ивановка айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Джусумалиев Куванычка өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусу:

Асанбеков Таланбек (Түп районунун Талды-Суу айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Казыбеков Уланга өткөрүп берилди.

Каза болгонуна байланыштуу Чүй облусунун төмөнкү депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду:

Байгазиев Бакытбек (Кемин районунун Чоң-Кемин айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Султангзиев Нурбекке өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусунда төмөнкүлөр өз каалоолору боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарылды:

Талапкер Молдалиев Максат (Тоң районунун Төрт-Күл айылдык кеңеши).

Талапкер Мамбекова Гульзат (Тоң районунун Төрт-Күл айылдык кеңеши).

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү