Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо дайындалды

30 сентября 2019

КР БШКнын 2019-жылдын 30-сентябрдагы токтому менен Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2019-жылдын 18-октябрына (саат 9-00дөн 12-00ге чейин) дайындалды.

Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 25-сентябрындагы №191-б. буйругу менен Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Кабаев Шекербек, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

Чүй облусунун Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 12-июлундагы №55-р. буйругу менен Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысы Касыров Тилек Касырович, Ивановка айылдык кеңешинин ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү 2018-жылдын 6-июлундагы №40/х-28 токтомунун негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү