Жаңы технологияларды колдонууда жана шайлоонун айкындуулугун камсыздоодо Кыргызстандын тажрыйбасы Түркияда презентацияланды
26 сентября 2019
Жаңы технологияларды колдонууда жана шайлоонун айкындуулугун камсыздоодо Кыргызстандын тажрыйбасы Анкара шаарында дүйнөнүн 13 өлкөсүнөн шайлоо комиссияларынын 40тан ашык мүчөсү, ошондой эле шайлоо процесси чөйрөсүндөгү эксперттери катышкан “Айкындуулук жана байкоо жүргүзүү: шайлоодо маалыматтык технологияларды натыйжалуу пайдалануу” деген Эл аралык симпозиумда презентацияланды.
Симпозиумга КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасынын орун басары Эшимов А.Ж., КР БШК мүчөлөрү Джурабаева Г.К. жана Сатыгулов А.С. катышты.
КР БШК мүчөсү Джурабаева Г.К. “Айкындуулукту камсыздоодо каражат катары маалыматтык технологияларды пайдалануу боюнча Кыргызстандын тажрыйбасы жөнүндө” деген темада баяндама жасады.
Маалыматтык технологиялар дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө шайлоо процессинин ажырагыс бөлүгү болуп калууда. Кыргызстан шайлоонун айкындуулугуна жана аныктыгына жетүүгө көмөктөшүүчү шайлоо процессине алдыңкы технологияларды киргизген Орто Азия өлкөлөрүндөгү алгачкы өлкөлөрдүн бири болуп калды.



КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
