КР БШК Чүй облусунда шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр жана кезектеги шайлоолордун графигин эске алуу менен шайлоого даярдануунун актуалдуу маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү ишин өткөрдү

28 октября 2019

Үстүбүздөгү жылы 28-октябрда КР БШК Өкмөттүн Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү менен биргеликте райондордун акимдери, облустун ЖӨБүнүн аткаруу органдарынын башчылары, АШК төрагалары, БШКнын Чүй облусу боюнча атайын өкүлдөрү жана тутумдук администраторлору үчүн маалыматтык-түшүндүрүү ишин өткөрдү.

Кеңешменин катышуучулары шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр жана алдыда – 2020-жылы өтүүчү жергиликтүү кеңештерге жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоолорго байланыштуу зарыл актуалдуу чаралар жөнүндө маалымат алышты.

КР БШКнын Төрагасы Н.К. Шайлдабекова кеңешменин катышуучуларына республикалык жана жергиликтүү деңгээлдеги шайлоолордун графиги тууралуу маалымат берди. Маселен, графикке ылайык 2020-жылы 12-апрелде Чүй облусунда Токмок шаардык кеңешти шайлоону кошо алганда 3 жергиликтүү кеңеште шайлоо өтөт.  2021-жылы апрелде 5 шаардык кеңешти шайлоону кошо алганда 101 жергиликтүү кеңеште, 2022-жылы 5 айылдык кеңеште жана Кара-Балта шаардык кеңешине, ошондой эле 2023-жылы 2 жергиликтүү кеңеште шайлоо өтөт.

Маалымат үчүн: Чүй облусунда облустук маанидеги бир шаар –– Токмок шаары, сегиз район жана 332 калктуу пункт бар. 112 жергиликтүү кеңеш, анын ичинде 7 шаардык (Токмок, Кемин, Орловка, Кант,Шопоков,Кара-Балта, Кайында), 105 айылдык кеңеш бар, алардагы мандаттардын жалпы саны 1 812ни түзөт. Жергиликтүү шайлоолор көп мандаттуу 283 округда өтөт. Шайлоону уюштуруу үчүн  9 аймактык жана 396 участоктук шайлоо комиссиялары иштейт.

БШКнын Төрагасы Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтарына ылайык шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандардын саны дайыма өсүп келатканын белгиледи: 2 жыл ичинде жалпысынан республика боюнча шайлоочулардын саны 2017-жылдын октябрындагы шайлоочулардын тизмесине карата 300 миңден ашык адамга көбөйдү жана 3 335 718 адамды түздү.

Чүй облусунда шайлоочулардын саны бүгүнкүгө карата 550 018  адамды түзөт б.а. 2017-жылга салыштырганда 59 901 миң адамга көбөйдү. Ошону менен бирге биометрикалык каттоодон өтпөгөн, ошол себептүү шайлоочулардын тизмесине кирбей калган жарандардын саны республика боюнча аз эмес жана жарандарды биометрикалык каттоо үчүн натыйжалуу маалыматтык жана уюштуруу чараларын көрүү, ыңгайлуу шарттарды түзүү талап кылынат.

БШКнын Төрагасы мурда – 2017-жылы БШК, Өкмөт, маморгандар жана ЖӨБ органдары тарабынан жер-жерлерде көчөлөрдүн жана калктуу пункттардын аталыштарын инвентарлаштыруу боюнча натыйжалуу чоң иштер жүргүзүлгөнүн, анын негизинде “Даректүү регистр” МТ маалыматтары, ошол сыяктуу эле – шайлоо участокторунун чек аралары жана схемалары жаңыланып, ал өз кезегинде шайлоочулардын тизмелерин түзүүнү жакшыртууга түрткү болгонун эске салды.

Бул чаралар жарандарды биометрикалык каттоодон өткөрүүнүн жол-жоболорун жана шарттарын, биометрикалык паспортторду берүүнү жакшыртуу боюнча жүргүзүлгөн иштер менен бирге 2017-жылдагы шайлоонун алдында 200 миңден ашык жаранды шайлоочулардын тизмесине киргизүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

БШК алдыда 2020-жылы апрелде Чүй облусунда 3 жергиликтүү кеңешке жана 2020-жылы октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоолорду эске алуу менен ошондой ишти алдын ала жүргүзүүнүн маанилүүлүгү жана максатка ылайыктуулугу жөнүндө пикирин билдирди.

Өз тарабынан БШК жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоонун  өтө зарыл ушул маселелери боюнча маморгандар жана ЖӨБ органдары менен өз ара аракеттешүүгө даяр экендигин билдирди. Ошондой эле мыйзамдардагы өзгөртүүлөр, өткөрүлгөн шайлоолордун райондор жана айыл аймактары боюнча статистикасы жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү ишин жүргүзүү БШК тарабынан улантыла бермекчи.

Маалыматтык-түшүндүрүү ишин жүргүзүү республиканын башка облустарында дагы улантылмакчы.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү