Молдокулов Мурат Джакшимбекович Талас облусунун Кара-Буура районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

24 октября 2019

2019-жылы 24-октябрда КР БШКнын мүчөлөрү Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Молдокулов Мурат Джакшимбековичти Талас облусунун Кара-Буура районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланды деп тааныды.

Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 9-октябрда болуп өттү.

Талас облусунун Кара-Буура районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.

Молдокулов Мурат Джакшимбекович

Туулган датасы:

02.05.1964-ж.

Жашаган жери:

Талас облусу, Кара-Буура району, Жоон-Дөбө айылы.

Yй-бүлөлүк абалы:

Үй-бүлөлүү.

Билими:

Жогорку, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институту (адистиги-зоотехник, диплом ТВ-1 № 124413, каттоо номуру №51665, 1990-ж 16-июнь).

Эмгек жолу:

1981-1985-ж.ж. - Лущихин атындагы совхоз, чабан;
1990-1994-ж.ж. - Лущихин атындагы госплемзавод, зоотехник;
2000-2001-ж.ж. - Ак-Чий айыл өкмөтү, салык боюнча инспектору;
2003-2006-ж.ж. - Кара-Буура райондук СФ башкармалыгы, жетектөөчү адис;
2009-2019-ж.ж. - “АВП-Жоон-Дөбө”, директор.

Соттуулугу жөнүндө маалымат:

Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык-аналитикалык борбору 2019-ж. 10-октябрда берген маалымкатка ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок.

Мамлекеттик тилди билүүсү жөнүндө маалымат:

30.09.2019-ж. «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин №0002108 сертификаты берилген, мамлекеттик тилди билүү деңгээли – В2.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү