Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
2019-жылы 22-ноябрда Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
2019-жылы 22-ноябрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
8 добуш алган Рысдавлетов Илясбек Рахманалыевич Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Көк-Таш айыл өкмөтүндө бардыгы 11 депутат бар, добуш берүүгө алардын баары катышты. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына 2 талапкер катталган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК студенттер үчүн ачык эшиктер күнүн өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын түзүлгөнүнүн 30 жылдыгын майрамдоо алкагында борбордун ЖОЖдорунун студенттери үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Иш-чарага Ж. Баласагын атындагы КУУнун, КМКТАУнун, “Манас” КТУнун, БААУнун, КРПБАнын, КМЮУнун, КЭУнун, БМУнун, КММАнын, ИИМдин Академиясынын жана КМАУнун студенттери катышты. Чогулгандарга Борбордук шайлоо комиссиясынын иши менен таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк түзүлдү.
КР БШКнын башчысы “Жаштар жана шайлоо. Келечек үчүн жоопкерчилик” деген темада баяндама жасады. Ал студенттерге эл аралык шайлоо стандарттары жана Кыргызстандагы шайлоо тутумунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып берди.
Конрад Аденауэр атындагы Фондунун Борбордук Азия регионундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ронни Хайне куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал жаштарды маанилүү коомдук-саясий процесстерге жигердүү катышууга чакырып, өлкөнүн келечеги, өнүгүүсү жаңы муундун саясий турмушка катышуусуна жараша болорун белгиледи.
Андан ары иш-чаранын алкагында КР БШК аппаратынын программалык-техникалык камсыздоо жана маалыматтардын коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы А. Акимбаев чыгып сүйлөп, Кыргызстанда колдонулуучу заманбап технологиялар жөнүндө маалымат берди.
Иш-чарада ар бир студентке шайлоо боюнча өз суроолоруна жооп алуу мүмкүнчүлүгү берилип, “Кахут Оюну” суроо-жооп форматында аяктады.
Жүргүзүлүп жаткан шайлоо реформасы, ар бир жарандын шайлоо процессине катышуусунун жана өз тандоосу үчүн жоопкерчилик алуусунун маанилүүлүгү жөнүндө жаш шайлоочуларга маалымат берүү бул иш-чаранын максаты болуп саналат.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргызстандын делегациясы Беларустагы парламенттик шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүгө катышты
КР БШКнын Төрагасынын орун басары А.Г. Бекматов, БШКнын мүчөсү Н.Т. Арипов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары У.З. Ормонов, К.Ш. Баймуратов, КР БШКнын региондордогу атайын өкүлдөрү, ошондой эле КР Тышкы иштер министрлигинин өкүлү эки тараптуу кызматташтыктын алкагында, ошондой эле КМШ жана ШКУнун миссияларынын курамында Беларустун Улуттук Жыйналышынын Өкүлдөр палатасына депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоого эл аралык байкоочу катары катышты.
Добуш берүү үчүн өлкөдө – 5 785, республиканын чегинен тышкары 46 участок түзүлгөн. Учурдагы шайлоого шайлоочулардын тизмелерине 6 млн 880 миң 605 адам киргизилген. Шайлоочулардын 36 пайызга жакыны 12-ноябрдан 17-ноябрга чейинки мезгилде мөөнөтүнөн мурда добуш беришти. Беларустун БШКсынын алдын ала маалыматы боюнча парламенттин депутаттарын шайлоого тизмелерге киргизилген шайлоочулардын жалпы санынын 77,22%ы катышты.
Өкүлдөр палатасындагы 110 орунга 12 партиядан жана бир нече коомдук кыймылдардан 513 талапкер ат салышты. Талапкерлердин жалпы саны 703тү түздү, бирок анын ичинен 131ине каттоодон баш тартылды, дагы 46сы каттоодон кийин катышуудан баш тартышты.
БШКнын маалыматы боюнча шайлоого миңден ашык эл аралык байкоочу катышты.
5-августта Беларусь Республикасынын Президенти А. Лукашенко Парламенттин төмөнкү палатасы – Өкүлдөр палатасына болжолу азыркы Парламенттин мандатынын мөөнөтү аяктаганга чейин бир жыл мурда – 17-ноябрга шайлоо дайындаган. Депутаттар мажоритардык тутум боюнча төрт жылдык мөөнөткө бир турда 110 бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын жетекчилиги жана аппаратынын кызматкерлери шаардын күздөгү жалпы ишембилигине катышты
2019-жылы 16-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жетекчилиги жана аппаратынын кызматкерлери шаардын күздөгү жалпы ишембилигине катышты.
Элебесов көчөсү менен Дорожный чолок көчөсүнүн кесилишиндеги токой тилкесинде тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Ишембиликтин жүрүшүндө кызматкерлер токой тилкесинин аймагындагы таштандыларды жана түшкөн жалбырактарды тазалашты.
Ишембиликке бардык мамлекеттик органдар, министрликтер, ведомстволор, менчиктин бардык түрлөрүндөгү уюмдары, мекемелери, чарба жүргүзүүчү субъектилери, ТБШ, ПДК, ПКК жана Бишкек шаарынын тургундары чыгышты.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунда Жаш жарандын мектебинин үч күндүгү өттү
2019-жылдын 13-ноябрынан 16-ноябрына чейин КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунда Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондусунун (IFES) КРдеги өкүлчүлүгүнүн Жаш жарандын мектебинин күзгү үч күндүгү өттү.
Жаш жарандын мектеби – бул Кыргызстандын жаштарынын өздөрүнүн лидерлик сапаттарын ачуу, ошондой эле биздин коомдун алдында турган көп сандагы социалдык, саясий, гендердик, экономикалык курч проблемаларды талкуулоо жана чечүүнүн жолдорун издөө үчүн жаңы аянт.
Мектептин алкагында КРдеги мамлекеттик түзүлүштүн тутумун, укуктар менен эркиндиктерди ишке ашыруунун механизмдерин окуп-үйрөнүштү, саясаттын жана чечимдерди кабыл алуунун процесстердин маселелерин талкуулашты. Ошондой эле, мектептин катышуучулары өздөрүнүн социалдык долбоорлорун иштеп чыгып, тааныштырышты.
КР БШКнын эксперттери Каныбеков Урмат менен Мурзаев Улан мектептин катышуучуларына шайлоо процесси жана анын катышуучулары, маалыматтык шайлоо тутуму жөнүндө айтып берип, АЭУнун жана шайлоочуларды биометрикалык иденттештирүү жабдыктарын көрсөтүштү.
Жаш жарандын мектебинин аягында сыйлык берүү аземи болуп өттү. Сертификттарды КР БШКнын Төрагасы Н.К. Шайлдабекова тапшырды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Президент Сооронбай Жээнбековдун Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясын 30 жылдыгы менен куттуктоосу
Урматтуу шайлоо комиссияларынын ардагерлери, мүчөлөрү жана кызматкерлери!
Урматтуу бүгүнкү конференциянын катышуучулары!
Быйыл Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын туруктуу негизде иштей баштаганына 30 жыл толот.
Баарыңыздарды ушул маанилүү маараке менен чын дилимден куттуктайм.
Өткөн мезгил аралыгында ар кандай деңгээлдеги шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары зор тажрыйба топтоду.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы жана азыркы курамынын күч-аракети менен инновациялык технологияларды колдонууда, шайлоонун ачык-айкындыгын жана аныктыгын камсыз кылууда Кыргызстан постсоветтик өлкөлөрдүн арасында алдыңкы орунга чыкты.
Жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу, таза, ачык-айкын, адилет, атаандаш шайлоо өткөрүү максатында жаңы модель ишке киргизилди.
Жаңы шайлоо модели боюнча 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо, 2016-жылы референдум, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо өткөрүлдү.
Жаңы технологиялар добуш берүүнү бурмалоону толугу менен жойду.
Бул маанилүү иште БШКнын бардык мезгилдеги курамына кирген мүчөлөрү кесипкөйлүктү жана жоопкерчиликти көрсөттү.
Баарыңыздарга шайлоочулардын атынан терең ыраазылык билдирем!
Урматтуу конференциянын катышуучулары!
Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасынын шайлоо системасы өнүгүүнүн жаңы этабына келди.
Улуттук шайлоо системасын өнүктүрүү, аны максималдуу түрдө демократиялуу жана мыйзамдуу кылуу максатын койдук.
2018-жылы кабыл алынган Шайлоо жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүүнүн стратегиясында шайлоо жол-жоболоруна жогорку стандарттар коюлган, саясий маданиятты көтөрүү, эркин шайлоонун механизмдерин чыңдоо, санарип технологияларды киргизүү каралган.
Жаштардын, улуттардын, аялдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан квотасы сакталышын камсыз кылуу зарыл.
Шайлоонун жүрүшүнө мыйзамсыз кийлигишүүгө, анын ичинде шайлоочуларды сатып алууга же административдик ресурсту колдонууга катуу бөгөт коюлушу керек.
Элдин ишеними болгондо гана шайлоо системасы натыйжалуу болот.
Урматтуу БШК мүчөлөрү, кызматкерлери жана ардагерлери!
Бүгүнкү күндө биздин шайлоо системабызда, ар кандай деңгээлдеги шайлоо комиссияларында дээрлик 25 миң мүчө ак ниети, таза эмгеги менен иштейт.
Сиздердин эмгегиңиздер коомубуз үчүн абдан маанилүү. Мыйзамдарда каралган бардык жол-жоболорду так сактоо, ошондой эле коомубузду жана мамлекетибизди туруктуу демократия жолунда өнүктүрүү сиздердин кесипкөй ишиңиздерге, таза, мыкты инсандык сапатыңыздарга жараша болот.
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы түзүлгөн күнүнүн 30 жылдык юбилейи менен чын дилимден куттуктайм! Баарыңыздарга ийгиликтерди каалайм.
Кененирээк билүү >>
Президент Сооронбай Жээнбеков БШКнын жаңыланган имаратына барды
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, 13-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жаңыланган имаратына барды.
БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова 2018-2020-жылдарга карата Шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу стратегиясына ылайык түзүлгөн Жарандык билим берүү жана шайлоо технологияларынын борборунун ишмердүүлүгү жана менен тааныштырды.
Анын негизги ишмердүүлүгү шайлоо процессине катышуучулардын укуктук маданиятын жогорулатуу жана билим берүү программаларын, семинарларды, лекцияларды, илимий-практикалык конференцияларды, тегерек стол, окутуучу тренингдерди жана башкаларды уюштуруу болуп саналат.
Президент бардык региондордо Борбордун программасын тең жайылтуу үчүн облустардагы жогорку окуу жайлар менен өз ара мамилесин камсыздоо боюнча пландарды колдоду. Борбордун иш-чараларынын бардык жарандарга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо зарылдыгын баса белгилеп, электрондук окутууларды жүргүзүүдө салттуу форматтарды да, заманбап санариптик технологияларды да колдонууга чакырды.
БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жакшыртуу жана шайлоо процессине жаштардын катышуусун жогорулатуу боюнча иштер тууралуу айтып берди.
Мындан тышкары, шайлоодо колдонулуучу жабдыктар жайгаштырылган залды көрүштү. Бул жакта жарандар шайлоо технологияларынын иши менен таанышып, добуш берүү системасын тесттик режимде иштетип көрө алышат.
Ошондой эле аймактык шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү менен онлайн-видеоконференция болуп, алар Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер айылында жана Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айылында өткөн айыл өкмөттөрүн шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө айтып беришти.
Чүй облусунун Москва районунун жана Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун аймактык комиссияларынын өкүлдөрү дагы онлайн-видеоконференцияда алдыда өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго карата даярдыктар тууралуу маалымат беришти.
Президент Сооронбай Жээнбеков БШК мүчөлөрү менен пикир алышууда саясий жана экономикалык тармактарда ачык жана калыс атаандаштык болгондо гана өлкөнү өнүктүрүү мүмкүн экендигин баса белгиледи.
Ал БШКнын башкы милдети бардык деңгээлдеги шайлоолордун ачык-айкындыгын камсыздоо жана шайлоо системасынын платформасын туруктуу түзүү экендигин эске салды.
«Шайлоо системасынын ачык-айкын жана туура иштөөсү БШК мүчөлөрүнүн, аймактык комиссиясынын кызматкерлеринин кесипкөйлүгүнөн жана адамдык сапаттарынан көз каранды», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.
Президент Сооронбай Жээнбеков БШК мүчөлөрүн жана аппарат кызматкерлерин Шайлоо комиссиясынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады.
www.prezident.kg
Кененирээк билүү >>
Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо дайындалды
Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болбой калганына байланыштуу 2019-жылы 13-ноябрда КР БШК жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону 2019-жылдын 27-ноябрына саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындады.
Катталган эки талапкер депутаттардын добуштарынын теӊ санын алып калгандыгына байланыштуу 2019-жылдын 12-ноябрына дайындалган Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болбой калган.
Лейлек АШКга шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу, Түп районунун Түп айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо дайындалды
КР БШКнын 2019-жылдын 13-ноябрындагы токтому менен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу, Түп районунун Түп айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2019-жылдын 2 декабрына (саат 9-00дөн 12-00ге чейин) дайындалды.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 11-ноябрындагы №88 буйругу менен Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Алымов Манас Кадырович “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, б.а. өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
Ысык-Көл облусунун Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 29-октябрындагы №90 буйругу менен Түп айыл өкмөтүнүн башчысы Асакеев Алманбет Иманович “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, б.а. өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкекте аялдардын укуктарын коргоо жана илгерилетүү маселелерин талкуулашты
А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада ЕККУнун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Экономикалык, социалдык жана маданий укуктарды илгерилетүүдө КР Өкмөтүн колдоо” долбоорунун алкагында конференция болуп өттү. Анда аялдардын укуктарын коргоо жана илгерилетүү, ошондой эле КР региондорунда аял лидерлерди жигерлештирүү маселелерин талкуулашты.
Иш-чараны ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен “Аялдарга жардам берүү борбору” коомдук уюму уюштурду. Конференцияга КР БШК Төрагасы Шайлдабекова Н.К., КР ЖК депутататтары Сурабалдиева Э.Ж., Мамашева А.Т., КР Эмгек жана соцөнүктүрүү министринин орун басары Алыбаева Ж.И., Саруу айылдык кеңешинин төрагасы Оморова А.С. катышты.
Катышуучулар жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн 30%дык квота жөнүндө мыйзамды жүзөгө ашыруу, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешине шайлоонун жыйынтыктары, ошондой эле аялдардын саясий укуктары боюнча маселелерди талкуулашты.
Үстүбүдөгү жылы августта аялдар үчүн айылдык кеңештердин депутаттарынын мандаттарынын 30%ынан аз эмесин камсыздоо боюнча “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР Мыйзамы кабыл алынган. Ушуга байланыштуу калктын бардык катмары үчүн жергиликтүү кеңештерде аялдардын 30% өкүлчүлүгүн камсыздоо боюнча Мыйзамдагы жаңы өзгөртүүлөр жана механизмдер жөнүндө кеңири маалыматтык өнөктүктү бүгүнтөдөн баштоо абдан маанилүү. Бул Мыйзам КРде гендердик саясатты ишке ашыруунун ийгиликтүү көрсөткүчү болуп калууга тийиш жана аялдар эркектер менен катар башкаруучу жана саясий кызмат орундарын ээлеш керек.
Учурда “Аялдарга жардам берүү борбору” коомдук уюму аялдардын саясатка катышуусун илгерилетүү боюнча өлкөдө тренингдердин сериясын өткөрө баштады. Окутуу аялдардын укуктары, аялдардын лидерлиги, шайлоо тутуму жана шайлоо процесси боюнча улуттук жана эл аралык мыйзамдар сыяктуу маселелер боюнча өткөрүлүп, 30%дык квота жөнүндө мыйзамды жүзөгө ашыруу механизмдери түшүндүрүлүүдө. Жыйынтыгында 2020-жылдагы шайлоолордо дараметтүү аял депутаттардын маалыматтарынын базасы, ошондой эле жергиликтүү кеңештерге шайлоо боюнча кыйла көп берилүүчү суроолорго жоопторду камтыган эскерткич даярдалат.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 13-ноябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 13 -ноябрь 2019-ж.
Убактысы: 11:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. Ар түрдүү маселелер
Төрага
Кененирээк билүү >>
Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өтпөй калды
2019-жылы 12-ноябрда катталган эки талапкер добуштардын бирдей санын алганына байланыштуу Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өтпөй калды.
Жаңы-Жер айылдык кеңешинде бардыгы 21 депутат бар, алардын баары катышты. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 2 талапкер катталган. “Баарына каршы” позициясы үчүн 1 депутат добуш берди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөсү А.С.Сатыгулов Румыниянын Президентин шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышты
Кыргыз Республикасынын БШКсы менен Румыниянын Туруктуу шайлоо органынын (ТШО) ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын алкагында КР БШК мүчөсү А.С.Сатыгулов Румыниянын Президентин шайлоого байкоо жүргүзүүгө эл аралык байкоочу катары катышты. Румыниянын Президентин шайлоого даярдоонун жүрүшүнө 30дан ашык эл аралык байкоочу байкоо жүргүздү.
Румынияда жалпысынан 18740 жана чет мамлекеттерде - дүйнөнүн 98 өлкөсүндө 838 участоктук шайлоо комиссиялары бар.
Румыниянын ТШОсунун сайтындагы маалымат боюнча шайлоочулардын келүүсү биринчи турда 46,8%ды түздү. Добуш берүүгө 8.68 млн жаран катышты.
Алдын ала маалыматтар боюнча Улуттук-либералдык партиянын лидери – өлкөнүн учурдагы Президенти Клаус Йоханнис 39%, Социал-демократиялык партиянын лидери - Виорике Дэнчилэ 22,5% кыйла көп сандагы добуш алып, экинчи турга чыгышты. Жалпысынан президенттик жарышка 14 талапкер катышты. Президенттик шайлоонун экинчи туру 24-ноябрга пландалган.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылы 12-ноябрда Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
2019-жылы 12-ноябрда Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
9 добуш алган Токонов Багдат Шекербекович Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Кең-Арал айылдык кеңешинде бардыгы 11 депутат бар, добуш берүүгө алардын 9у катышты.
Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 1 талапкер катталган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктоо
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!
Сиздер өлкөнүн жана коомдун, адамдын алга өнүгүшүн, коомдо сөз эркиндигинин жана тең укуктуулуктун, өз ара сыйлашуунун жана тынчтыктын идеалдарын бекемдөөнү элестете албай турган абдан маанилүү жана керектүү иштерди жүргүзүп жатасыздар. Жалпыга маалымдоо каражаттары, демек, Сиздер коомдук пикирди жана маанайды калыптандырууда чечүүчү ролду аткарып келатасыздар. Өлкөбүздө ачык, мыйзамдуу жана адил демократиялык шайлоо тутумун калыптандырууда журналисттердин салымы кыйла маанилүү.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин жигердүү жарандык позициясын, журналистиканын негизги принциптерин – аныктыкты, объективдүүлүктү жана ыкчамдыкты жетекчиликке алып, өз ишин намыстуулук жана абийирдүүлүк менен аткарып жаткан кесипкөй адамдардын эмгегин биз жогору баалайбыз.
Сиздерге чың ден соолук, ишиңиздерге ийгилик, бакубат турмуш жана гүлдөп-өнүгүү каалайбыз!
Урматтоо менен,
БШК Төрагасы Нуржан Шайлдабекова
Кененирээк билүү >>
Чүй облусунун Ак-Суу, Фрунзе, Талас облусунун Бакайыр, Ош облусунун Төлөйкөн жана Жалал-Абад облусунун Көк-Таш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо дайындалды
КР БШКнын 2019-жылдын 4-ноябрындагы токтому менен Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу, Сокулук районунун Фрунзе, Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр, Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн жана Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2019-жылдын 22-ноябрына (саат 9-00дөн 12-00ге чейин) дайындалды.
Чүй облусунун Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 22-октябрындагы №248-р буйругу менен Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбеков Асылбек Нурбекович “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, б.а. өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 24-октябрындагы №354-б буйругу менен Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Омаралиев Руслан Намазалиевич “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, б.а. өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
Талас облусунун Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 29-октябрындагы №60 буйругу менен Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысы Чыналиев Рапил Анарбекович “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, б.а. өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
Ош облусунун Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 30-октябрындагы №215-б буйругу менен Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы Абдукаримов Алмаз Абдылазович “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, б.а. өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 31-октябрындагы №238-б буйругу менен Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Эргешов Рысбек Муратович “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, б.а. өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
30.09.2026
Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
30.09.2026
КР БШКсы бир катар аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктады
30.09.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
29.09.2026
КР БШКнын 2026-жылдын 30-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
29.09.2026
КР БШКда президенттик шайлоого даярдык боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен кеңешме өттү
29.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Индияда шайлоону башкаруу органдарынын потенциалын чыңдоо боюнча эл аралык семинарга катышууда