Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды

24 октября 2019

КР БШКнын 2019-жылдын 24-октябрдагы токтому менен Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылдын 12-ноябрына (саат 9-00дөн 12-00ге чейин) дайындалды.

Баткен облусунун Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2019-жылдын 2-апрелиндеги № 2/3 буйругу менен Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы Эгембердиев Саатбек Искендерович “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү