Усупов Эркинбек Джумабекович Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

24 октября 2019

2019-жылы 24-октябрда КР БШКнын мүчөлөрү Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Усупов Эркинбек Джумабековичти Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланды деп тааныды.

Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 18-октябрда болуп өттү.

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.

Усупов Эркинбек Джумабекович

Туулган датасы:

22.08.1980-ж.

Жашаган жери:

Чүй облусу, Ысык-Ата району, Ивановка айылы.

Билими:

Жогорку, Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университетин “жол кыймылын уюштуруу” адистиги боюнча бүтүргөн (диплом №ЕВ70754, каттоо номуру №6132, 2003-ж. 30-июнь).

Эмгек жолу:

2008-2012-ж.ж. - Ысык-Ата районунун Ивановка айылдык кеңеши, депутат;
2012-2016-ж.ж. Ысык-Ата районунун Ивановка айылдык кеңеши, депутат;
2016-2019-ж.ж. - Ысык-Ата районунун Ивановка айылдык кеңеши, депутат;
02.09.2019 г. - Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтү, башчынын орун басары.

Соттуулугу жөнүндө маалымат:

Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык-аналитикалык борбору 2019-ж. 9-октябрда берген маалымкатка ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок.

Мамлекеттик тилди билүүсү жөнүндө маалымат:

28.02.2019-ж. «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин №0002161 сертификаты берилген, мамлекеттик тилди билүү деңгээли – В2.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү