2019-жылы 29-октябрда Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү

29 октября 2019

2019-жылы 29-октябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Экинчи турда 13 добуш алган Искаков Нурлан Табалдиевич Саруу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Саруу айылдык кеңешинде бардыгы 21 депутат бар, добуш берүүгө алардын баары катышты. Шайлоо эки тур менен өттү.

Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 3 талапкер катталган.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү