Башкы Жаңылыктар КР БШК Нарын облусунда шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр жана …

КР БШК Нарын облусунда шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр жана кезектеги шайлоолордун графигин эске алуу менен шайлоого даярдануунун актуалдуу маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү ишин өткөрдү

24-Окт, 2019

Үстүбүздөгү жылы 22-октябрда КР БШК Өкмөттүн Нарын облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү менен биргеликте райондордун акимдери, облустун ЖӨБүнүн аткаруу органдарынын башчылары, АШК төрагалары, БШКнын Нарын облусу боюнча атайын өкүлдөрү жана тутумдук администраторлору үчүн маалыматтык-түшүндүрүү ишин өткөрдү.

Кеңешменин катышуучулары шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр жана алдыда – 2020-жылы өтүүчү жергиликтүү кеңештерге жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоолорго байланыштуу зарыл актуалдуу чаралар жөнүндө маалымат алышты.

КР БШКнын Төрагасы Н.К. Шайлдабекова кеңешменин катышуучуларына республикалык жана жергиликтүү деңгээлдеги шайлоолордун графиги тууралуу маалымат берди. Маселен, графикке ылайык 2020-жылы 11-апрелде Нарын облусунда 8 айылдык кеңеште,  2021-жылы Нарын шаардык кеңешти кошо алганда 52 жергиликтүү кеңеште, 2022 жана 2023-жылдары 4 жергиликтүү кеңеште депутаттарды шайлоо өтөт.

Маалымат үчүн: Нарын облусунда бир шаар – Нарын – облустук маанидеги шаар, беш район жана 135 калктуу пункт бар. 64 жергиликтүү кеңеш, анын ичинде 1 шаардык, 63 айылдык кеңеш бар, алардагы мандаттардын жалпы саны 834тү түзөт. Жергиликтүү деңгээлдеги шайлоолор 134 көп мандаттуу округда өтөт. Шайлоону уюштуруу үчүн  5 аймактык, 167 участоктук шайлоо комиссиялары иштейт.

БШКнын Төрагасы Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтарына ылайык шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандардын саны дайыма өсүп келатканын белгиледи: 2 жыл ичинде жалпысынан республика боюнча шайлоочулардын саны 2017-жылдын октябрындагы шайлоочулардын тизмесине карата 300 миңден ашык адамга көбөйдү жана 3 335 718 адамды түздү. Нарын облусунда шайлоочулардын саны бүгүнкүгө карата 197 436 адамды түзөт б.а. 2017-жылга салыштырганда 35,5 миң адамга көбөйдү. Ошону менен бирге биометрикалык каттоодон өтпөгөн, ошол себептүү шайлоочулардын тизмесине кирбей калган жарандардын саны республика боюнча аз эмес жана жарандарды биометрикалык каттоо үчүн натыйжалуу маалыматтык жана уюштуруу чараларын көрүү, ыңгайлуу шарттарды түзүү талап кылынат.

БШКнын Төрагасы мурда – 2017-жылы БШК, Өкмөт, маморгандар жана ЖӨБ органдары тарабынан жер-жерлерде көчөлөрдүн жана калктуу пункттардын аталыштарын инвентарлаштыруу боюнча натыйжалуу чоң иштер жүргүзүлгөнүн, анын негизинде “Даректүү регистр” МТ маалыматтары, ошол сыяктуу эле – шайлоо участокторунун чек аралары жана схемалары жаңыланып, ал өз кезегинде шайлоочулардын тизмелерин түзүүнү жакшыртууга түрткү болгонун эске салды.

Бул чаралар жарандарды биометрикалык каттоодон өткөрүүнүн жол-жоболорун жана шарттарын, биометрикалык паспортторду берүүнү жакшыртуу боюнча жүргүзүлгөн иштер менен бирге 2017-жылдагы шайлоонун алдында 200 миңден ашык жаранды шайлоочулардын тизмесине киргизүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

БШК алдыда 2020-жылы апрелде Нарын облусунда 8 жергиликтүү кеңешке жана 2020-жылы октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоолорду эске алуу менен ошондой ишти алдын ала жүргүзүүнүн маанилүүлүгү жана максатка ылайыктуулугу жөнүндө пикирин билдирди.

Өз тарабынан БШК жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоонун  өтө зарыл ушул маселелери боюнча маморгандар жана ЖӨБ органдары менен өз ара аракеттешүүгө даяр экендигин билдирди. Ошондой эле мыйзамдардагы өзгөртүүлөр, өткөрүлгөн шайлоолордун райондор жана айыл аймактары боюнча статистикасы жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү ишин жүргүзүү БШК тарабынан улантыла бермекчи.

Кеңешмени аяктап жатып, Өкмөттүн Нарын облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Э.А. Алымкулов жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруусу үчүн эң жогорку деңгээлдеги шарттарды түзүү максатында жергиликтүү маморгандардын жана ЖӨБ органдарынын шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи, ошондой эле кезектеги шайлоолорго карата даярдануу мезгилинде көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Маалыматтык-түшүндүрүү ишин жүргүзүү республиканын башка облустарында дагы улантылмакчы.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>