Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды

24 октября 2019

КР БШКнын 2019-жылдын 24-октябрдагы токтому менен Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылдын 12-ноябрына (саат 9-00дөн 12-00ге чейин) дайындалды.

Талас облусунун Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 9-октябрындагы № Б-16/VI буйругу менен Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Укеев Марлис Нуркасымович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү