Барыктабасов Кайратбек Алымбекович Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
24 октября 2019
2019-жылы 24-октябрда КР БШКнын мүчөлөрү Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Барыктабасов Кайратбек Алымбековичти Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланды деп тааныды.
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 18-октябрда болуп өттү.
Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.
Барыктабасов Кайратбек Алымбекович

Туулган датасы:
07.09.1982-ж.
Жашаган жери:
Нарын облусу, Ат-Башы району, Кара-Суу айылы.
Билими:
Жогорку, Евразия университетин “юриспруденция” адистиги боюнча бүтүргөн (диплом №УВ150344900, каттоо номуру 34/ю 2015-ж. 10-август).
Эмгек жолу:
2013-2015-ж.ж. - Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл өкмөтү, адис;
2016-жылдын декабрь айынан азыркы азыркы күнгө чеин - Кара-Суу айылдык кеңеши, депутат.
Соттуулугу жөнүндө маалымат:
Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык-аналитикалык борбору 2019-ж. 7-октябрда берген маалымкатка ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок.
Мамлекеттик тилди билүүсү жөнүндө маалымат:
28.02.2019-ж. «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин №0002109 сертификаты берилген, мамлекеттик тилди билүү деңгээли – В2.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
