Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШКнын жумушчу топтору түзүлдү
28.10.2020

КР БШКнын жумушчу топтору түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 25-октябрдагы жыйынында тѳмѳнкүдѳй алты жумушчу топту түзүү жѳнүндѳ чечим кабыл алды: - Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлерден документтерди кабыл алуу боюнча жумушчу тобу; - Кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ; - Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу тобу; - Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу тобу; - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобу; - Ыкчамтаасирэтүүнүнкоординациялыктобу. Топтор «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 24-октябрындагы № 263 токтому менен дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоого жана ѳткѳрүүгѳ байланыштуу тѳмѳндѳгү максаттар да түзүлгѳн: -Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону ѳткѳрүүдѳ жарандардын аң-сезимдүү ѳз эркин билдирүүсүн жанаачык-айкындыкты камсыз кылуу; - талапкерлер үчүн бирдей жана акыйкат шарттарды түзүү; - үгүт жүргүзүүдѳ жарандардын шайлоо укуктарын сактоо; - мамлекеттик органдардын, жергиликтүү ѳзалдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо комиссияларынын, саясий партиялардын жана башка органдар менен уюмдардын аракеттерине (аракетсиздигине) же чечимдерине даттануу мүмкүнчүлүгү; - республикалык бюджеттен бѳлүнгѳн акча каражаттарын максаттуу пайдаланууну конторлдоо, ошондой эле талапкерлердин атайын эсептерин ачуунун, жүргүзүүнүн тартибин  -талапкерлердин шайлоо фонддорунун каражаттары боюнча отчеттулуктун эсебин контролдоо. Ошондой эле КР БШКнын мүчѳлѳрүн тѳмѳндѳгү курамдагы жумушчу топторго бѳлүштүрүү чечилди: -Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлерден документтерди кабыл алуу боюнча жумушчу топко -   Эшимов А.Ж., Джилкичиева Е.Ж., Кадыров Б.С., Осмоналиев К.М.; - Кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топко – Бекматов А. Г., Эшимов А.Ж., Асаналиев А.Т., Баатырова Г.М., Джилкичиева Е.Ж., Джурабаева Г.К., Кадыров Б.С., Осмоналиев К.М., Сатыгулов А.С., Шайназаров Т.У.; - Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин   маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топко – Джурабаева Г.К., Бекматов А. Г., Сатыгулов А.С.; - Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүүдѳ шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топко – Асаналиев А.Т., Баатырова Г.М., Кадыров Б.С.; - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобуна– Баатырова Г.М., Асаналиев А.Т., Джилкичиева Е.Дж.; - Ыкчам таасир этүүнүн координациялык  тобуна– Шайлдабекова Н.К., Джурабаева Г.К., Осмоналиев К.М.
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайра шайлоону жокко чыгаруу жөнүндөгү соттун чечимин БШК мыйзамсыз деп эсептейт
28.10.2020

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайра шайлоону жокко чыгаруу жөнүндөгү соттун чечимин БШК мыйзамсыз деп эсептейт

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарындагы Административдик соттун 2020-жылдын 24-октябрындагы чечимине кассациялык арыз берди. Бишкектеги Административдик соттун 2020-жылдын 24-октябрындагы (А. Эшалиев судья) чечими менен, “Актив” саясый партиясынын жана “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” коомдук бирикмесинин арыздары канааттандырылып, Борбордук шайлоо комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды кайра шайлоону дайындоо жөнүндөгү” 2020-жылдын 21-октябрындагы №258-токтому мыйзамсыз деп табылып, жокко чыгарылган. Өз кезегинде Борбордук шайлоо комиссиясы биринчи инстанциядагы соттун мындай чечимин мыйзамсыз, негизсиз деп таап, төмөнкү негиздер боюнча жокко чыгарылышы керек деп эсептейт. Бишкектеги Административдик сот, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды кайра шайлоону дайындоо жөнүндөгү” 2020-жылдын 21-октябрындагы №258-токтомун негиздөөдө Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” КР конституциялык мыйзамынын 38-жана 63-беренелерин, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын “2020-жылдын 4-октябрына дайындалган КР ЖК депутаттарын шайлоодогу добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын жараксыз деп таануу жөнүндөгү” 2020-жылдын 6-октябрындагы №249-токтомун келтиргендигин көрсөткөн.   Биринчи инстанциядагы сот №249-токтом Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону дайындоо үчүн негиз катары кабыл алынбайт деп эсептейт, анткени ушул токтом менен өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы мыйзамдуу жол менен жараксыз деп таанылган эмес. Ошол эле учурда биринчи инстанциядагы судьянын пикири боюнча, конституциялык мыйзамдын 38-жана 63-беренелери койгон талаптар Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аткарылган эмес, бул судьянын ою боюнча конституциялык мыйзамдын 12-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-6-пункттары койгон мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк принциптерине каршы келет. Бирок соттун чечиминен мыйзамдын келтирилген ченемдери кандайча бузулгандыгы жана Борбордук шайлоо комиссиясы кандай аракеттери менен мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк принциптерин бузгандыгы белгисиз жана түшүнүксүз. Ошентип, соттун ушундай бүтүмү мыйзам ченемдерине негизделген эмес, бул туура эмес жана негизсиз. Даттанылып жаткан чечимде биринчи инстанциядагы сот Борбордук шайлоо комиссиясынын №249-токтому КР ЖК депутаттарын кайра шайлоону дайындоо үчүн негиз боло албастыгын көрсөтөт, анткени ушул токтом менен өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы мыйзамдуу жол менен жараксыз деп таанылган эмес. Бирок ошол эле учурда сот тарабынан төмөнкү жагдайлар эске алынып изилденген эмес. 2020-жылдын 6-октябрында №249-токтом менен 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган КР ЖК депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Ушул эле учурда административдик доочулардын бири – “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” коомдук бирикмеси №249-токтомду жараксыз деп табуу жөнүндө мурда сотко кайрылган. 2020-жылдын 9-октябрында Бишкектеги Административдик соту (А. Эшалиев деген ошол эле судья) “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” коомдук бирикмесинин талаптарын канааттандыруудан баш тарткан. Ошентип, КР ЖК депутаттарын кайра шайлоону дайындоодо ушул №249-токтом толук юридикалык күчү бар акт болуп калган. Мындан тышкары, сот жыйынынын жүрүшүндө КР БШК өкүлү 2020-жылдын 21-октябрында Борбордук шайлоо комиссиясы КР ЖК депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө чечим кабыл алгандыгы тууралуу түшүндүрмө берген. Бирок бул жүйөөгө сот көңүл бурбаган, ага тиешелүү укуктук баа берилген эмес, ал Административдик соттун чечиминде андан бетер чагылдырылган эмес. Өз чечиминин мотивировка берүүчү бөлүмүндө биринчи инстанциядагы сот муну көрсөткөн, 2020-жылдын 22-октябрындагы №1 “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын айрым ченемдеринин аракеттерин токтотуу жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 1-беренесине ылайык, конституциялык мыйзамдын 38-63-беренелеринин аракеттери токтотулган. Бул жерде “Ченемдик-укуктук актылар жөнүндөгү” мыйзамдын көрсөтүлгөн ченемдерин атайылап бурмалап чечмелөө болуп жатат. Мисалы, сот шилтеме жасаган ченем адатта жаңы мыйзамды кабыл алып жатканда колдонулуп жана ушуга байланыштуу  мурда кабыл алынган мыйзам өз аракетин токтотот. Ал эми айтылып жаткан учурда ар түрдүү ченемдик – укуктук актылар – КР БШКнын токтому жана конституциялык мыйзам тууралуу кеп болуп жатат. Ушундай кырдаалда сот изилдей турган негизги маселе, 2020-жылдын 22-октябрында кабыл алынган 38-жана 63-беренелердин аракеттерин токтотуу жөнүндөгү конституциялык мыйзамдын убакыттардагы аракетинин маселеси болуш керек эле. Келтирилген маселе “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” КР мыйзамынын 9-беренесинин 5-бөлүгү менен жөнгө салынып, ага ылайык ченемдик-укуктук актынын аракети ал ишке киргиче пайда болгон мамилелерге карата таратылбайт. БШКнын кайра шайлоону дайындоо жөнүндөгү токтом формасындагы чечими 2020-жылдын 21-октябрында кабыл алынса, ал эми “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын айрым ченемдеринин аракеттерин токтотуу жөнүндө” КР конституциялык мыйзамы КР Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 22-октябрында кабыл алынган. Бирок бул жагдай сот тарабынан изилденген эмес, ага тиешелүү укуктук баа берилген эмес. Кыргыз Республикасынын Административдик-процессуалдык кодексинин 172-беренесин бузуу менен 2020-жылдын 24-октябрында Административдик соттун чечимин чыгарууда сот тарабынан материалдык укуктун ченемдери сакталган эмес, чечимде Борбордук шайлоо комиссиясынын жүйөөлөрү чагылдырылбаган. Көрсөтүлгөн жагдайлар соттук актынын мыйзамсыздыгына жана негиздүү эмес экендигине күбө болуп турат. Кыргыз Республикасынын Административдик-процессуалдык кодексинин 262-беренесине ылайык, укуктун ченемдерин туура эмес колдонуу же олуттуу бузуу, ошондой эле сот актысынын негиздүү эместиги жокко чыгарууга же соттук актыларды кассациялык жол менен өзгөртүүгө негиз болуп саналат. Жогоруда келтирилгендерди эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясы, Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 12-43-60-61-беренелеринин негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 3-беренеси боюнча, Кыргыз Республикасынын Административдик-процессуалдык кодексинин 31-124-172-262-беренелерин жетекчиликке алуу менен, 2020-жылдын 24-октябрындагы Административдик соттун чечимин жокко чыгарууну жана “Актив” саясый партиясынын, “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” коомдук бирикмесинин административдик доолорун канааттандыруудан баш тартууну суранат. КР БШК Маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
“Актив” партиясынын КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндөгү чечимин жокко чыгаруу боюнча БШКга карата доо арызынан сот баш тартты
27.10.2020

“Актив” партиясынын КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндөгү чечимин жокко чыгаруу боюнча БШКга карата доо арызынан сот баш тартты

27-октябрда Бишкектин административдик соту, “Актив” саясий партиясынын КР Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 10-январында “Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндөгү” 2020-жылдын 24-октябрындагы №263 – чечимин жокко чыгаруу тууралуу административдик доо арызын канааттандыруудан баш тарткан чечим кабыл алды. “Актив” саясий партиясы өзүнүн талаптарын негиздөөдө мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндөгү чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-беренесинин 1-бөлүгүнүн жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын 48-беренесинин 2-3-4-бөлүктөрүнүн негизинде кабыл алгандыгын билдирет. КР БШКсы 2020-жылдын 24-октябрындагы чечиминде “2020-жылдын 15-октябрында КР Президенти С. Жээнбеков өзүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтото тургандыгы боюнча ачык айтып, өз эрки менен кызматтан кетээрин билдирген. 2020-жылдын 16-октябрында КР Жогорку Кеңеши С. Ш. Жээнбековдун өзүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтото тургандыгы боюнча билдирүүсүн уккандыгын” туура көрсөтөт. Андан ары БШК “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын 48-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, “Жогорку Кеңеш тарабынан Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо Конституцияда көрсөтүлгөн учурларда, Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган убакыттан бир жумадан кечикпеген мезгилде дайындалып, иштеп жаткан Президенттин ыйгарым укуктары токтогон күндөн тарта 3 ай аралыгында өткөрүлүшү керек. Ушул конституциялык мыйзам тарабынан орнотулган шайлоо аракеттеринин мөөнөтү мындай учурда чейрек бөлүмгө кыскарат” деп көрсөтөт. Бирок “Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо ушуга ылайык 2021-жылдын 16-январында, дем алыш күнү өтүүсү керектигин” көрсөтүү менен, 2020-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнүн күнүн аныктоодо БШК тарабынан Конституциянын 68-беренесинин 1-бөлүгү бузулган, бул боюнча “Президенттин ыйгарым укуктары токтогон күндөн тарта үч айлык убакытта мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлөт”. Саясий партия мөөнөтүнөн мурда шайлоо 10-январда эмес, 2021-жылдын 15-январында өтүүсү дайындалышы керек деп эсептейт. Иштин материалдары менен толук таанышып чыгып, тараптардын өкүлдөрүнүн жүйөөлөрүн угуп, берилген далилдерди жыйнап иликтеп көрүп, сот мындай чечимге келди. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, мөөнөтүнөн мурда шайлоо Президент ыйгарым укуктарын токтоткон күндөн үч айдын аралыгында өткөрүлөт. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын 48-беренесинин 2-3-4-бөлүктөрү боюнча, Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурдашайлоо КР Жогорку Кеңеши тарабынан Конституцияда көрсөтүлгөн учурларда, Президенттин ыйгарым укуктары токтогон күндөн бир жумадан кеч эмес убакытта жана  иштеп жаткан Президенттин ыйгарым укуктары токтогон күндөн үч ай аралыгында өткөрүлүшү керек. Эгер Жогорку Кеңеш шайлоону же болбосо Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоону ушул берененин 1-2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн убакытта дайындабаса, шайлоо же Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды деп эсептелет. Мындай учурларда шайлоону дайындаган күн катары шайлоо мөөнөтүн дайындоо убактысы аяктагандан кийинки күн эсептелет. Борбордук шайлоо комиссиясы ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кырдаалга дуушар болгон учурда, шайлоо дайындалды деп эсептелгенден эки календарлык күндөн кечикпеген аралыкта ЖМКга шайлоо өткөрүү же Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо  күнүн расмий жарыялайт жана ушул конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде шайлоону өткөрүүгө даярдык көрүп уюштуруу иштерин баштайт. Айтсак, КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 23-октябрына чейин КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган жок. Ушуга байланыштуу КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 2021-жылдын 10-январында “Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндө” №263-чечим 2020-жылдын 24-октябрында кабыл алынган. Ошентип, Борбордук шайлоо комиссиясы Конституциянын жана конституциялык мыйзамдын ченемдерине ылайык аракет кылган. Жогоруда келтирилгендерди эске алып, сот административдик доо арыздагы талаптарды канааттандыруу үчүн укуктук негиздер жок деген бүтүмгө келген. КР БШК Маалыматтык бөлүмү      
Кененирээк билүү >>
БШК Жогорку Кеңештин депутатынын ваканттык мандатын Урумкалиева Чинара Чалагызовнага тапшырды
27.10.2020

БШК Жогорку Кеңештин депутатынын ваканттык мандатын Урумкалиева Чинара Чалагызовнага тапшырды

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутатынын ваканттык мандаты болгондуктан, «КСДП» саясий партиясынын катталган талапкерлеринин тизмесиндеги кийинки талапкер Урумкалиева Чинара Чалагызовна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты катары таануу токтомун чыгарды. БШК токтому менен Урумкалиева Чинара Чалагызовна КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталып, ага күбөлүк жана төш белги берилди. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Жогорку Кеңештин депутатынын ваканттык мандатын Исманов Самат Жекшеналиевичке тапшырды
27.10.2020

БШК Жогорку Кеңештин депутатынын ваканттык мандатын Исманов Самат Жекшеналиевичке тапшырды

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутатынын ваканттык мандаты болгондуктан, «Республика – Ата Журт» саясий партиясынын катталган талапкерлеринин тизмесиндеги кийинки талапкер Исманов Самат Жекшеналиевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты катары таануу токтомун чыгарды. БШК токтому менен Исманов Самат Жекшеналиевич КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталып, ага күбөлүк жана төш белги берилди. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Сурабалдиева Эльвиранын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
27.10.2020

БШК Сурабалдиева Эльвиранын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 27-октябрындагы өз жыйналышында «КСДП» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековнанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту «КСДП» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековнанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча келип түшкөн жеке арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңешинин депутаты Сурабалдиева Эльвиранын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Жогорку Кеңештин депутаты Сурабалдиева Эльвиранын күбөлүгү анык эмес деп табылды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Зулушев Курманкулдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
27.10.2020

БШК Зулушев Курманкулдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 16-октябрындагы өз жыйналышында «Республика-Ата Журт» парламенттик фракциясынан                                   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Зулушев Курманкул Токторалыевичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. «Республика-Ата Журт» парламенттик фракциясынан                                   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Зулушев Курманкул Токторалыевич Кыргыз Республикасынын Президентинин                     2020-жылдын 21-октябрындагы ПЖ№ 14 жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору болуп дайындалган. Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен коошпогон ишке өтүүсүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1,3-пункттарына, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1, 6-пункттарына, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө», Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1,3-пункттарына, 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңешинин депутаты Зулушев Курманкулдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Жогорку Кеңештин депутаты Зулушев Курманкулдун күбөлүгү анык эмес деп табылды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 27-октябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
27.10.2020

2020–ж. 27-октябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2020-жылдын 27октябры Убактысы: 17:30 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Т. Зулушевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө» (баяндамачы – Б.С.Исаков, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн эксперти) 2. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Ж. Сурабалдиеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө» (баяндамачы – Б.С.Исаков, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн эксперти) 3. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө» (баяндамачы – Б.С.Исаков, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн эксперти). 4. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
БШК «Республика - Ата Журт» саясий партиясынын тизмесинен 1 талапкерди чыгарды
26.10.2020

БШК «Республика - Ата Журт» саясий партиясынын тизмесинен 1 талапкерди чыгарды

2020-жылдын 26-октябрындагы отурумунда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «Республика-Ата Журт» саясий партиясы көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Молдокулов Курманбек Токторовичти чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. «Республика-Ата Журт» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө Молдокулов Курманбек Токторовичтен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына түшкөн арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып, БШК Молдокулов Курманбек Токторович «Республика-Ата Журт» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгарылып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы «Республика-Ата Журт» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоо жөнүндө»  № 69 чечиминин талапкер Молдокулов Курманбек Токторовичти каттоо бөлүгү күчүн жоготту деп чечим кылды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
26.10.2020

БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 26-октябрындагы жыйналышында Жайыл жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин төмөнкү депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү жөнүндө токтом кылды. Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты Сыйданов Самат Кубанычбековичтин – жеке арызы боюнча. Мандат убактылуу иштебеген Айткулуев Темирлан Намазбековичке өткөрүп берилди. Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылдык кеңешинин депутаты Аматов Рахматила Мурзараимовичтин – каза болгондугуна байланыштуу. Мандат адвокат Бакыев Улукбек Хаджимукановичке өткөрүп берилди. Чечим “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Жайыл жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин негизинде кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Өзгөн АШКнын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди
26.10.2020

Өзгөн АШКнын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 26-октябрындагы отурумунда Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ч.Н. Джумабаеванын комиссиянын курамынан чыгаруу боюнча арызынын, Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 22-октябрындагы сунушунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,14, 18,19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын21-1-беренесинин1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын18-октябрындагы № 375токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык Өзгөн АШКнын резервинен чыгарылды. БШК жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Джумабаева Чинара Нурдиновнаны, “Кыргызстан”саясий партиясынан көрсөтүлгөн Тобокелов Каныбек Бектемировичти комиссиянын курамынан чыгарып, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Токушова Нургул Жолчубаевнаны жана Тохтахунова Алима Джумабаевнаны резервден комиссиянын курамына киргизилсин деп чечим кабыл алды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады
26.10.2020

БШК Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 26-октябрдагы өз жыйналышында Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады. Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 21-октябрындагы № 404-Б буйругу менен Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Ысакулов Залкар Максатбекович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 13-ноябрына дайындалды. Шайлоо саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлөт. БШК «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын                     2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө»  Жобосуна ылайык шайлоо жөнүндө чечим кабыл алды. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы №244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди (1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо, бир жолку бет каптарды пайдалануу, дезэритме, спирти бар антисептик менен колду иштеп чыгуу) сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2020-жылдын 26-октябрындагы жыйналышынын күн тартиби
26.10.2020

КР БШКнын 2020-жылдын 26-октябрындагы жыйналышынын күн тартиби

                                                                                              Өткөрүү датасы: 26-октябрь 2020-ж.                                                                                               Убактысы: 17.40                                                                                               Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1.  2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө (баяндамачы –Дюшембаева Г., пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмдүн башчысы) 2. Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө (баяндамачы –Исаков Б.С., шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн эксперти) 3. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы –Исаков Б.С., шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн эксперти) 4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуужана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Жайыл жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы –Исаков Б.С., шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн эксперти) 5. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
Тогуз-Торо АШКнын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди
25.10.2020

Тогуз-Торо АШКнын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 25-октябрындагы отурумунда Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды. Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Сапарбек уулу Адилбектин арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 14, 18, 19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык Тогуз-Торо АШКнын резервинен чыгарылды. АШКнын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Тойгонбай уулу Билимбай резервден комиссиянын курамына киргизилди.
Кененирээк билүү >>
БШК Момбеков айылдык кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
25.10.2020

БШК Момбеков айылдык кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 25 -октябрындагы жыйынында аймактык шайлоо комиссиясынын төмөндөгү жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, ваканттык депутаттык мандатты шайланган депутаттан кийин келе жаткан талапкерге берүү чечимин бекитти. Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Момбеков айылдык кенешинен - Осмонов Муратбек Тургуналиевич жеке арызына байланыштуу бошотуп, мандат жеке ишкер Калмуратов Жаныбек Аттокуровичке берилди. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясы “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 20-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” КР мыйзамынын 3-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жөнүндө” КР мыйзамынын 52-беренесине ылайык чечим кабыл алган. Боршайком Ноокен ТШКнын чечимин “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 6-7-18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” КР мыйзамынын 3-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жөнүндө” КР мыйзамынын 52-беренесине ылайык бекитти. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2020-жылдын 25-октябрындагы жыйналышынын күн тартиби
25.10.2020

КР БШКнын 2020-жылдын 25-октябрындагы жыйналышынын күн тартиби

                                                                                                                            Өткөрүү датасы: 25-октябрь 2020-ж.                                                                                                                              Убактысы: 17.00                                                                                                                              Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планы жөнүндө (баяндамачы – Исаков Б.С., шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.) 2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссиялардын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусунун текстин бекитүү жөнүндө (баяндамачы – Исаков Б.С., шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.) 3. Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жумушчу топторун түзүү жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти) 4. Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиянын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Исаков Б.С., шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.) 5. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандатты жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Исаков Б.С., шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.) 6. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
1 … 289 291 … 483