Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

48 саясий партия БШКга Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу ниети жѳнүндѳ билдиришти
25.10.2020

48 саясий партия БШКга Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу ниети жѳнүндѳ билдиришти

2020-жылдын 24-октябрында саат 29:59га карата Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2020-жылдын 20-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуу ниетин билдиришкен 48 саясий партиядан билдирме келип түштү. тѳмѳндѳгү саясий партиялар беришти: Кыргызстан жашылдар партиясы Бүтүн Кыргызстан Билим Илим Ордосу Мекен Ынтымагы Ата Мекен Ыйман Нуру Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка аскердик локалдуу кагылышуулардын катышуучуларынын саясий партиясы Эл биримдиги Улут Ордо Элдик Кенеш Глас Народа Партия Патриот Актив Молодежная прогрессивная партия Кыргызстана Адилеттүү Кыргызстан Социал-демократтар Өнүгүү Кыргызстан Ордо Республика Ак Шумкар Реформа Республиканская партия Улутман ЛДП НУР Улуу Журт Бүткүл жаштар саясий партиясы Бирге-Вместе Бийлик элге Эл эрки Ак-Санат НДП Кыргызстан Ынтымак ПП Родины и созидания Ак-Шам Бир Бол Кыргызстан Тартип-Порядок Эркин Эл Жаңы Мезгил Замандаш Кыргыз улут ордосу Жаңы-Доор Улуу Кыргызстан Чоң Казат Келечек-Будущее Эркин Кыргызстан Азаттык демократиялык партиясы Эгемен Кыргызстан Народная Патриотическая партия Кыргызстана Народный контроль
Кененирээк билүү >>
БШК Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады
24.10.2020

БШК Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 24-октябрдагы өз жыйналышында Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады. Нарын облусунун Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 19-октябрындагы № 150-б, буйругу менен Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Алмаз Тобокелович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 12-ноябрына дайындалды. Шайлоо саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлөт. БШК «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобого ылайык шайлоо жөнүндө чечим кабыл алды. Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы №244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди (1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо, бир жолку бет каптарды пайдалануу, дезэритме, спирти бар антисептик менен колду иштеп чыгуу) сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
46 саясий партия БШКга Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу ниети жѳнүндѳ билдиришти
24.10.2020

46 саясий партия БШКга Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу ниети жѳнүндѳ билдиришти

2020-жылдын 24-октябрында саат 18:00да Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2020-жылдын 20-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуу ниетин билдиришкен 46 саясий партиядан билдирме келип түштү. тѳмѳндѳгү саясий партиялар беришти: Кыргызстан жашылдар партиясы Бүтүн Кыргызстан Билим Илим Ордосу Мекен Ынтымагы Ата Мекен Ыйман Нуру Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка аскердик локалдуу кагылышуулардын катышуучуларынын саясий партиясы Эл биримдиги Улут Ордо Элдик Кенеш Глас Народа Партия Патриот Актив Молодежная прогрессивная партия Кыргызстана Адилеттүү Кыргызстан Социал-демократтар Өнүгүү Кыргызстан Ордо Республика Ак Шумкар Реформа Республиканская партия Улутман ЛДП НУР Улуу Журт Бүткүл жаштар саясий партиясы Бирге-Вместе Бийлик элге Эл эрки Ак-Санат НДП Кыргызстан Ынтымак ПП Родины и созидания Ак-Шам Бир Бол Кыргызстан Тартип-Порядок Эркин Эл Жаңы Мезгил Замандаш Кыргыз улут ордосу Жаңы-Доор Улуу Кыргызстан Чоң Казат Келечек-Будущее Эркин Кыргызстан Азаттык демократиялык партиясы Эгемен Кыргызстан
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын жыйналышынын күн тартиби
24.10.2020

КР БШКнын жыйналышынын күн тартиби

Өткөрүү датасы: 2020-ж. 24-октябры Убактысы: 15.00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы     1. 2020-жылдын 22-октябрында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын” кабыл алууга байланыштуу “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын №258 токтому тууралуу 2. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндө
24.10.2020

КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбеков 2020-жылы 15-октябрда өзүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткону, өз ыктыяры менен кызматтан кеткени тууралу эл алдында билдирүү жасады. 2020-жылы 16-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши С.Ш. Жээнбековдун өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткону тууралу билдирүүсүн укту. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык мыйзам) 48-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык: “Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо Конституцияда каралган учурларда, иштеп жаткан Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалат жана иштеп жаткан Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып 3 айлык мөөнөттө өткөрүлүшү керек. Бул учурда ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген шайлоо иш-аракеттеринин мөөнөттөрү чейрекке кыскартылат”. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2020-жылдын 23-октябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындаган жок. Конституциялык мыйзамдын 48-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык “эгерде Жогорку Кеңеш Президентти шайлоону же мөөнөтүнөн мурда шайлоону ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө дайындабаган учурда, Президентти шайлоо же мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган болуп эсептелет. Мындай учурларда шайлоону дайындоонун мөөнөтү аяктаган күндөн кийинки күн шайлоонун дайындалган күнү болуп эсептелет”. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо  2020-жылдын 23-октябрында дайындалды деп эсептелет. Конституциялык мыйзамдын 48-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык “Борбордук шайлоо комиссиясы ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыкканда, шайлоону өткөрүү күнү дайындалган болуп эсептелгенден тартып 2 календардык күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарына Президентти шайлоону же мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүнүн күнүн расмий жарыялайт жана ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген мөөнөттө шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурат”. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык “мөөнөтүнөн мурда Президентти шайлоо Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өткөрүлөт”. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо  2021-жылы кошо алганда 16-январга чейин, дем алыш күнү өткөрүлүүгө тийиш. Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68, 106-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 48-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 7, 14, 18-беренелерин жетекчиликке алуу менен, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 48-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо  2020-жылдын 23-октябрында дайындалды деп эсептелет. 2. 2021-жылдын 10-январы, жекшемби Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо датасы деп аныкталсын. 3.  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараты төмөнкүлөрдү бекитүүгө киргизсин: - Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планын; - Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын. 4. Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасынын орун басары А. Бекматовго тапшырылсын.   ТӨРАГА                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА Бишкек ш., 2020-жылдын 24-октябры, №263
Кененирээк билүү >>
37 саясий партия БШКга Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого   катышуу ниети жѳнүндѳ билдиришти
24.10.2020

37 саясий партия БШКга Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу ниети жѳнүндѳ билдиришти

2020-жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2020-жылдын 20-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуу ниетин билдиришкен 37 саясий партиядан билдирме келип түштү. тѳмѳндѳгү саясий партиялар беришти: Кыргызстан жашылдар партиясы Бүтүн Кыргызстан Билим Илим Ордосу Мекен Ынтымагы Ата Мекен Ыйман Нуру Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка аскердик локалдуу   кагылышуулардын катышуучуларынын саясий партиясы  Эл биримдиги  Улут Ордо  Элдик Кенеш  Глас Народа  Партия Патриот  Актив  Молодежная прогрессивная партия Кыргызстана  Адилеттүү Кыргызстан  Социал-демократтар  Өнүгүү Кыргызстан  Ордо  Республика  Ак Шумкар  Реформа  Республиканская партия Улутман  ЛДП НУР  Улуу Журт Бүткүл жаштар саясий партиясы Бирге-Вместе  Бийлик элге Эл эрки Ак-Санат НДП Кыргызстан Ынтымак ПП Родины и созидания Ак-Шам Бир Бол Кыргызстан Тартип-Порядок Эркин Эл Жаны Мезгил
Кененирээк билүү >>
25 саясий партия БШКга Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого   катышуу ниети жѳнүндѳ билдиришти
23.10.2020

25 саясий партия БШКга Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу ниети жѳнүндѳ билдиришти

2020-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2020-жылдын 20-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуу ниетин билдиришкен 25 саясий партиядан билдирме келип түштү. тѳмѳндѳгү саясий партиялар беришти: Кыргызстан жашылдар партиясы Бүтүн Кыргызстан Билим Илим Ордосу Мекен Ынтымагы Ата Мекен Ыйман Нуру Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка аскердик локалдуу   кагылышуулардын катышуучуларынын саясий партиясы  Эл биримдиги  Улут Ордо  Элдик Кенеш  Глас Народа  Партия Патриот  Актив  Молодежная прогрессивная партия Кыргызстана  Адилеттүү Кыргызстан  Социал-демократтар  Өнүгүү Кыргызстан  Ордо  Республика  Ак Шумкар  Реформа  Республиканская партия Улутман  ЛДП НУР  Улуу Журт Бүткүл жаштар саясий партиясы
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
21.10.2020

БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 21-октябрындагы жыйналышында Талас, Кочкор жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин төмөнкү депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү жөнүндө токтом кылды. Талас облусунун Талас районунун Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаты Абдрахманов Жаркынбек Рыскулбековичтин – каза болгондугуна байланыштуу. Мандат фермер Эзембаев Кеңеш Чоконовичке  өткөрүп берилди. Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Мамырбаев Алымбек Бирназаровичтин – депутаттын ыйгарым укуктарын аткарууга айкалышпаган кызмат ордуна дайындалганына байланыштуу жеке арызы боюнча. Мандат фермер Усупбеков Азамат Султанбаевичке  өткөрүп берилди. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Багыш айылдык кеңешинин депутаты Абдумаматов Толкун Аманбаевичтин – каза болгондугуна байланыштуу. Мандат жеке ишкер Кулуев Тынчтыкбек Бактыбековичке өткөрүп берилди. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаты Турганбаев Шеркул Каримбековичтин – жеке арызы боюнча. Мандат жеке ишкер Сулайманкулов Бейшенбек Бакытбековичке өткөрүп берилди. Чечим “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык,                 Талас, Кочкор жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин негизинде кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
БШК Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады
21.10.2020

БШК Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 21-октябрдагы өз жыйналышында  Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады. Нарын облусунун Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 14-октябрындагы № 18 буйругу менен Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы Омуралиев Осмонбек өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 9-ноябрына дайындалды. Шайлоо саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлөт. БШК “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык шайлоо жөнүндө чечим кабыл алды. Нарын аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы №244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди (1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо, бир жолку бет каптарды пайдалануу, дезэритме, спирти бар антисептик менен колду иштеп чыгуу) сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо дайындалды
21.10.2020

Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо дайындалды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 21-октябрындагы жыйналышында Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоону 2020-жылдын 4-ноябрына дайындоо жөнүндө чечим кабыл алды. Шайлоо саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлөт. 2020-жылдын 25-сентябрына дайындалган шайлоого Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысына 4 талапкер катталган, катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыздары келип түшкөнүнө байланыштуу өтпөй калды. БШК “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык кайра шайлоо жөнүндө чечим кабыл алды. Өзгөн  аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы №244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди (1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо, бир жолку бет каптарды пайдалануу, дезэритме, спирти бар антисептик менен колду иштеп чыгуу) сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Жогорку Кеңештин депутатынын ваканттык мандатын Карыбеков Арзыбек Кенжекуловичке тапшырды
21.10.2020

БШК Жогорку Кеңештин депутатынын ваканттык мандатын Карыбеков Арзыбек Кенжекуловичке тапшырды

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутатынын ваканттык мандаты болгондуктан, “Республика – Ата Журт” саясий партиясынын катталган талапкерлеринин тизмесиндеги кийинки талапкер Карыбеков Арзыбек Кенжекулович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты катары таануу токтомун чыгарды. БШК токтому менен Карыбеков Арзыбек Кенжекулович КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталып, ага күбөлүк жана төш белги берилди. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону дайындады
21.10.2020

БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону дайындады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 21-октябрындагы өз жыйналышында жаңы чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону жекшембиге, 2020-жылдын 20-декабрына дайындоо жөнүндө токтом кылды. Жыйналышта БШК мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планын бекитти. Токтом “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 63-беренесинин негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 7, 18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп таануу жөнүндө” токтомун жетекчиликке алуу менен кабыл алынды. БШК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карата төмөнкүдөй токтом кылды: 1) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бекиткен чыгымдардын сметасына ылайык кайра шайлоону өткөрүү үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын бөлүп берсин; 2) кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулуктун, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо жана жарандардын саламаттыгын, укук тартибин жана коомдук коопсуздукту сактоо, анын ичинде шайлоо комиссияларынын жайларын жана добуш берүү үчүн жайларды кайтаруу, алардын өрт коопсуздугун, шайлоо документтерин ташыган транспорт каражаттарын коштоо жана кайтаруу боюнча зарыл чараларды көрсүн; 3) шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык электрондук тутумдардын киберкоопсуздугун, ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү тутуму аркылуу маалыматтарды алмашууну камсыздоодо, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген маалыматтарды берүү процесстерин жүргүзүү үчүн байланыштын үзгүлтүксүз жана коопсуз каналдары менен камсыздоодо, шайлоочулардын тизмесин түзүүдө жана аны Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде актуалдаштырууда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына көмөктөшсүн. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы кайра шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын сакталышын камсыздоо тапшырылды. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек жана Ош шарларынын мэрлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын жетекчилери тиешелүү органдардын жана шайлоо комиссияларынын кайра шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмелерин түзүү, тактоо, уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине көмөктөшүүгө тийиш. КР БШК маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
БШК Сыдыков Бактыбектин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
21.10.2020

БШК Сыдыков Бактыбектин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 21-октябрындагы өз жыйналышында “Республика-Ата Журт” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сыдыков Бактыбектин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. “Республика - Ата Журт” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сыдыков Бактыбек Усеновичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча келип түшкөн жеке арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңешинин депутаты Сыдыков Бактыбектин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Жогорку Кеңештин депутаты Сыдыков Бактыбектин күбөлүгү анык эмес деп табылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2020-жылдын 21-октябрындагы жыйналышынын күн тартиби
21.10.2020

КР БШКнын 2020-жылдын 21-октябрындагы жыйналышынын күн тартиби

                           Өткөрүү датасы: 2020-ж. 21-октябры Убактысы: 10.00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.Ү. Сыдыковдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө (баяндамачы – Исаков Б.С. – шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын м.а.) 2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жөнүндө (баяндамачы – Исаков Б.С. – шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын м.а.) 2.1 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө (баяндамачы – Исаков Б.С. – шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын м.а.) 3. Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо жана Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө (баяндамачы – Исаков Б.С. – шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын м.а.) 4. Талас, Кочкор жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү жөнүндө (баяндамачы – Исаков Б.С. – шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын м.а.) 5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү жөнүндө (баяндамачы – Исаков Б.С. – шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын м.а.) 6. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
БУУнун Башкы Катчысынын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Н.Герман: БУУ Кыргызстандагы шайлоо процессин демократиялаштыруу боюнча колдоосун улантат
20.10.2020

БУУнун Башкы Катчысынын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Н.Герман: БУУ Кыргызстандагы шайлоо процессин демократиялаштыруу боюнча колдоосун улантат

Бүгүн – 2020-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасы Н. Шайлдабекованын БУУнун Башкы Катчысынын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Герман менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга БУУ тутумунун Кыргыз Республикасындагы туруктуу координатору Озонниа Ожиелло жана БУУнун Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен, ошондой эле КР БШК мүчөлөрү дагы катышты.  КР БШК Төрагасынын айтымында өткөн парламенттик шайлоодо эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу аркасында шайлоону даярдоонун жана уюштуруунун бардык этаптарында шайлоо процессинин аныктыгын жана айкындуулугун камсыздоо үчүн бүт укуктук шарттар түзүлдү. Шайлоонун инклюзивдүүлүгүн арттырууга багытталган реформалар жетиштүү деңгээлде ийгиликтүү жүргүзүлдү. “Республиканын шайлоо мыйзамдарына административдик ресурс тууралу түшүнүк биринчи жолу киргизилди, шайлоо процессинин убагында административдик ресурсту пайдалангандык үчүн жоопкерчилик мыйзам менен бекитилди. Мунун баары укук коргоо тутумдары үчүн окутуу тренингдери менен бекемделди, бирок пандемия шартында биз аларды онлайн форматында окутууга аргасыз болдук. Түзүлгөн кырдаалды талдап көрүп, биз өз ара аракеттешүү форматын өзгөртүп, укук коргоо органдары менен кыйла тыкыс мамиле түзүүнү чечтик”, - деди Н. Шайлдабекова. Н. Шайлдабекова Борбордук шайлоо комиссиясы кайра шайлоо дайындалганга чейин  жарандардын кызыкчылыктарын билдирген саясий күчтѳрдүн парламенттеги ѳкүлчүлүгүн кеңейтүү үчүн мыйзам деңгээлинде укуктук шарттарды түзүү маанилүү деп эсептерин белгиледи. Ушуга байланыштуу БШК “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөрдү кыска мөөнөттө карап чыгуу өтүнүчү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрылган. БШК башчысы шайлоону өткөрүүдө жарандардын ден соолугун сактоо маселесине айрыкча көңүл бурулганын белгилеп, өнөктөштөргө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын айтты, ошондой эле укук коргоо органдары,  саясий партиялардын өкүлдөрү, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана ЖМК менен аларды окутууга байланыштуу жолугушууларды өткөрүүгө мындан ары дагы жардам берилээрине ишенерин билдирди. “Германиянын БУУӨП аркылуу колдоосу аркасында биз биринчи жолу мобилдик топтордун чет өлкөлөргө барууларын уюштурдук, алар 35 шаарга барып, мигранттар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында чет өлкөлөрдөгү шайлоочулар эки эсеге көбөйдү. Эгерде шайлоочуларды сатып алуу болбосо, чет өлкөлөрдөгү добуш берүүнүн натыйжасы Кыргызстандын шайлоо тутуму анык шайлоону камсыздай ала тургандыгынын көрсөткүчү болуп саналат.”, - деди Н. Шайлдабекова. БУУнун Башкы Катчысынын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү кайра шайлоону уюштуруу үчүн БУУ ар тараптуу жардам жана колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин ырастады. Н. Герман Кыргызстанда өткөн окуялар саясий процессте жаштардын жана аялдардын ролу маанилүү экендигин көрсөткөндүгүн белгилеп, жаштардын жана аялдардын дараметин өнүктүрүү БУУнун Кыргыз Республикасындагы тутуму үчүн артыкчылыктуу маселелерине кире тургандыгына көңүл бурду. “Биз КР БШКнын ишин абдан жогору баалайбыз. Силер биз үчүн олуттуу жана жоопкерчиликтүү өнөктөшсүңөр. Ортобузда жакшы иштиктүү мамиле жана өз ара түшүнүү бар, ошондуктан пандемияга жана өлкөнүн аймактарында түзүлгөн кырдаалга карабастан, силердин алга жылып, өз ишиңерди чоң мекенчилдик жана кесипкөйлүк менен аткарып жатканыңарды биз баалайбыз. Мен БУУ КР БШКга өзүнө гуманитардык колдоону камтыган жардам берүүсүн улантарына ишендирип кетким келет, ошондой эле күч-аракеттерди топтоп, биригүү, баарын тез жана баш кошуп жасоо зарыл болуп турган азыркы учурда биз силердин ишеничтүү өнөктөшүңөр болуп каларыбызды белгилеп кетейин”, - деди Н. Герман. БУУнун Башкы Катчысынын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү КР Борбордук шайлоо комиссиясынын мындан аркы ишине ийгиликтерди каалады. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги
20.10.2020

ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги

ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги   № Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын Шайлоону өткөрүү убактысы Талапкерлердин документтерин кабыл алуу мөөнөтү Талапкерлердин каттоо мөөнөтү 2020-жылдын 26-октябры Кайра шайлоо Ысык-Көл облусу Ысык-Көл району 1 Ананьев айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00гө чейин саат 18:00гө чейин 18.10.2020-ж. саат 18:00гө чейин 21.10.2020-ж. 2020-жылдын 30-октябры Ош облусу Ноокат району 2 Кара-Таш айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 22.10.2020-ж. саат 18:00гө чейин 25.10.2020-ж. 2020-жылдын 30-октябры Нарын облусу Кочкор району 3 Кум-Дөбө айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 22.10.2020-ж. саат 18:00гө чейин 25.10.2020-ж. 4 Кара-Суу айыл өкмөтү саат 15:00дөн 18:00 чейин саат 18:00гө чейин 22.10.2020-ж. саат 18:00гө чейин 25.10.2020-ж. 2020-жылдын 29-октябры Кайра шайлоо Чүй облусу Сокулук району 5 Орок айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 21.10.2020-ж. саат 18:00гө чейин 24.10.2020-ж. 2020-жылдын 4-ноябры Чүй облусу Москва району 6 Александровка айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 27.10.2020-ж. саат 18:00гө чейин 30.10.2020-ж. 2020-жылдын 4-ноябры Талас облусу Бакай-Ата району 7 Ак-Дөбө айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 27.10.2020-ж. саат 18:00гө чейин 30.10.2020-ж. 2020-жылдын 4-ноябры Ош облусу Кайра шайлоо Өзгөн району 8 Ак-Жар айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 27.10.2020-ж. саат 18:00гө чейин 30.10.2020-ж. 2020-жылдын 9-ноябры Нарын облусу Нарын району 9 Учкун айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 01.11.2020-ж. саат 18:00гө чейин 04.11.2020-ж. 2020-жылдын 12-ноябры Нарын облусу Ак-Талаа району 10 Тоголок-Молдо айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 04.11.2020-ж. саат 18:00гө чейин 07.11.2020-ж.    
Кененирээк билүү >>
1 … 290 292 … 483