Өзгөн АШКнын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди

26 октября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 26-октябрындагы отурумунда Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ч.Н. Джумабаеванын комиссиянын курамынан чыгаруу боюнча арызынын, Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 22-октябрындагы сунушунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,14, 18,19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын21-1-беренесинин1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын18-октябрындагы № 375токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык Өзгөн АШКнын резервинен чыгарылды.

БШК жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Джумабаева Чинара Нурдиновнаны, “Кыргызстан”саясий партиясынан көрсөтүлгөн Тобокелов Каныбек Бектемировичти комиссиянын курамынан чыгарып, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Токушова Нургул Жолчубаевнаны жана Тохтахунова Алима Джумабаевнаны резервден комиссиянын курамына киргизилсин деп чечим кабыл алды.

КР БШК маалымат бөлүмү