Башкы Жаңылыктар “Актив” партиясынын КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндөгү …

“Актив” партиясынын КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндөгү чечимин жокко чыгаруу боюнча БШКга карата доо арызынан сот баш тартты

27-Окт, 2020

27-октябрда Бишкектин административдик соту, “Актив” саясий партиясынын КР Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 10-январында “Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндөгү” 2020-жылдын 24-октябрындагы №263 – чечимин жокко чыгаруу тууралуу административдик доо арызын канааттандыруудан баш тарткан чечим кабыл алды.

“Актив” саясий партиясы өзүнүн талаптарын негиздөөдө мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндөгү чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-беренесинин 1-бөлүгүнүн жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын 48-беренесинин 2-3-4-бөлүктөрүнүн негизинде кабыл алгандыгын билдирет. КР БШКсы 2020-жылдын 24-октябрындагы чечиминде “2020-жылдын 15-октябрында КР Президенти С. Жээнбеков өзүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтото тургандыгы боюнча ачык айтып, өз эрки менен кызматтан кетээрин билдирген. 2020-жылдын 16-октябрында КР Жогорку Кеңеши С. Ш. Жээнбековдун өзүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтото тургандыгы боюнча билдирүүсүн уккандыгын” туура көрсөтөт.

Андан ары БШК “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын 48-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, “Жогорку Кеңеш тарабынан Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо Конституцияда көрсөтүлгөн учурларда, Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган убакыттан бир жумадан кечикпеген мезгилде дайындалып, иштеп жаткан Президенттин ыйгарым укуктары токтогон күндөн тарта 3 ай аралыгында өткөрүлүшү керек. Ушул конституциялык мыйзам тарабынан орнотулган шайлоо аракеттеринин мөөнөтү мындай учурда чейрек бөлүмгө кыскарат” деп көрсөтөт.

Бирок “Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо ушуга ылайык 2021-жылдын 16-январында, дем алыш күнү өтүүсү керектигин” көрсөтүү менен, 2020-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнүн күнүн аныктоодо БШК тарабынан Конституциянын 68-беренесинин 1-бөлүгү бузулган, бул боюнча “Президенттин ыйгарым укуктары токтогон күндөн тарта үч айлык убакытта мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлөт”. Саясий партия мөөнөтүнөн мурда шайлоо 10-январда эмес, 2021-жылдын 15-январында өтүүсү дайындалышы керек деп эсептейт.

Иштин материалдары менен толук таанышып чыгып, тараптардын өкүлдөрүнүн жүйөөлөрүн угуп, берилген далилдерди жыйнап иликтеп көрүп, сот мындай чечимге келди.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, мөөнөтүнөн мурда шайлоо Президент ыйгарым укуктарын токтоткон күндөн үч айдын аралыгында өткөрүлөт. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын 48-беренесинин 2-3-4-бөлүктөрү боюнча, Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурдашайлоо КР Жогорку Кеңеши тарабынан Конституцияда көрсөтүлгөн учурларда, Президенттин ыйгарым укуктары токтогон күндөн бир жумадан кеч эмес убакытта жана  иштеп жаткан Президенттин ыйгарым укуктары токтогон күндөн үч ай аралыгында өткөрүлүшү керек.

Эгер Жогорку Кеңеш шайлоону же болбосо Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоону ушул берененин 1-2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн убакытта дайындабаса, шайлоо же Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды деп эсептелет. Мындай учурларда шайлоону дайындаган күн катары шайлоо мөөнөтүн дайындоо убактысы аяктагандан кийинки күн эсептелет.

Борбордук шайлоо комиссиясы ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кырдаалга дуушар болгон учурда, шайлоо дайындалды деп эсептелгенден эки календарлык күндөн кечикпеген аралыкта ЖМКга шайлоо өткөрүү же Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо  күнүн расмий жарыялайт жана ушул конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде шайлоону өткөрүүгө даярдык көрүп уюштуруу иштерин баштайт.

Айтсак, КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 23-октябрына чейин КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган жок.

Ушуга байланыштуу КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 2021-жылдын 10-январында “Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндө” №263-чечим 2020-жылдын 24-октябрында кабыл алынган.

Ошентип, Борбордук шайлоо комиссиясы Конституциянын жана конституциялык мыйзамдын ченемдерине ылайык аракет кылган.

Жогоруда келтирилгендерди эске алып, сот административдик доо арыздагы талаптарды канааттандыруу үчүн укуктук негиздер жок деген бүтүмгө келген.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү

 

 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>