БШК Жогорку Кеңештин депутатынын ваканттык мандатын Исманов Самат Жекшеналиевичке тапшырды

27 октября 2020

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутатынын ваканттык мандаты болгондуктан, «Республика – Ата Журт» саясий партиясынын катталган талапкерлеринин тизмесиндеги кийинки талапкер Исманов Самат Жекшеналиевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты катары таануу токтомун чыгарды.

БШК токтому менен Исманов Самат Жекшеналиевич КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталып, ага күбөлүк жана төш белги берилди.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү