БШК Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады

26 октября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 26-октябрдагы өз жыйналышында Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады.

Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 21-октябрындагы № 404-Б буйругу менен Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Ысакулов Залкар Максатбекович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 13-ноябрына дайындалды.

Шайлоо саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлөт.

БШК «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын                     2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө»  Жобосуна ылайык шайлоо жөнүндө чечим кабыл алды.

Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы №244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди (1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо, бир жолку бет каптарды пайдалануу, дезэритме, спирти бар антисептик менен колду иштеп чыгуу) сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

КР БШК маалымат бөлүмү