Башкы Жаңылыктар КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы …

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.

Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.

Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын бөлүм башчысы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланды
01-Окт, 2026

КР БШКнын бөлүм башчысы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланды

30-сентябрда Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу КР БШКнын шайлоо жабдыктарын эксплуатациялоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Тоокеев Максатбек Асыкбекович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланды.КР БШКнын жамааты Максатбек Асыкбековичти аталган сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы мамлекеттик ишмердүүлүгүнө зор ийгиликтерди, жаңы жетишкендиктерди каалайт. 
Кененирээк билүү >>
Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
30-Сен, 2026

Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 11-июлундагы № 35 “Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын, Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:- 5556 шайлоо участогунун дареги Ош шаары, Т. Кулатов көчөсү, 8/1, Ош шаарындагы азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттын имараты дарегинен Ош шаары, Көкүм-Бий көчөсү, 13, № 70 балдар бакчасынын имараты дарегине;- № 5311 шайлоо участогунун дареги Ош шаары, Ж. Раимбеков көчөсү, 106а, № 67 “Мөл Булак” балдар бакчасынын имараты дарегинен Ош шаары, Ж. Раимбеков көчөсү, 22а, № 2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имараты дарегине;- № 5464 шайлоо участогунун дареги Ош шаары, Нагорная көчөсү, 1а, Ош шаарынын мэриясынын жарандарды тейлөө боюнча муниципалдык ишканасынын имараты дарегинен Ош шаары, Ирригатор көчөсү, 1, № 70 орто мектептин имараты дарегине;- № 5246 шайлоо участогунун дареги Ош шаары, Төлөйкөн айыл аймагы, Кыргызстан айылы, М. Бегиев көчөсү, 35, Кыргызстан айылдык кеңсесинин имараты дарегинен Төлөйкөн айыл аймагы, Кыргызстан айылы, К. Мырзаев көчөсү, 40, О. Курбанбаев атындагы орто мектептин имараты дарегине.- № 2092 шайлоо участогунун дареги Жалал-Абад облусу, Манас шаары, Токтогул көчөсү, 7, темир жол бекетинин имараты дарегинен Манас шаары, Токтогул көчөсү, 6, № 6 жалпы билим берүү мектебинин имараты дарегине;- № 2413 шайлоо участогунун дареги Жалал-Абад облусу, Манас шаары, Т. Байзаков проспекти, 171, эски автобекеттин имараты дарегинен Манас шаары, Б. Ботобаев көчөсү, 24, Г. Бакирова атындагы жалпы билим берүү мектебинин жаңы имараты дарегине;- № 5115 шайлоо участогунун дареги Ош облусу, Өзгөн району, Мырза-Аке айыл аймагы, Мырза-Аке айылы, М. Нурбаев көчөсү, 40, маданият үйүнүн имараты дарегинен Мырза-Аке айыл аймагы, Мырза-Аке айылы, К. Жумалиев көчөсү, 17, К. Раимбеков атындагы орто мектептин имараты дарегине өзгөртүлдү.    Ош, Манас жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына киргизилген өзгөртүүлөр, анын ичинде тиешелүү шайлоо участокторунун чек аралары жана жайгашкан жерлери өзгөргөндүгү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы бир катар аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктады
30-Сен, 2026

КР БШКсы бир катар аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 30-сентябрда өзүнүн жыйынында Баткен, Кадамжай, Кызыл-Кыя, Араван, Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа, Ак-Талаа, Жумгал, Ат-Башы, Нарын, Нарын шаардык, Талас, Бакай-Ата, Айтматов, Манас, Кант, Панфилов, Москва жана Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин тиркемелерге ылайык толуктоо жөнүндө токтом кабыл алды. Саясий партиялар Жергиликтүү кенеш
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
30-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Бүгүн, 30-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында Москва, Панфилов, Каракол, Ат-Башы жана Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.          • Москва районунун Миң-Булак айылдык кеңешинин депутаты Колоева Бактыгүл Раимбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Пашунько Татьяна Сергеевнага өткөрүлүп берилди;   *        Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Осмоналиев Жеңиш Калыбековичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Егембердиев Урмат Каратаевичке (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык партиясынан) өткөрүлүп берилди;   •       Каракол шаардык кеңешинин депутаттары Омуркулов Бактыбек Конокбековичтин жана Торобеков Азамат Нурлановичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Казакбаев Кайрат Аныварбековичке жана Сагынбек уулу Эрланга (“Ынтымак” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;•   Ат-Башы районунун Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаты Муратова Жасмина Муратовнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;*        Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттары Иманбеков Бактыярдын   жана Сыдыков Кенжебек Бакасовичтин (“Жаштар” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Оморкулов Улан Тынарбековичке жана Тургуналиев Замирбек Бактыбековичке (“Жаштар” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>