Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Н.А. Нышановдон арыз келип түштү
31.10.2020

БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Н.А. Нышановдон арыз келип түштү

2020-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1961-жылдын 20-мартында туулган, «Лига-Антикризис» КБнин президенти Нышанов Назарбек Айтбековичтен КР БШКга арыз келип түштү. Эске сала кетсек, 2020-жылдын 31-октябрында карата Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын 3 жараныдан Президенттин кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөтүү арызы келип түшкөн (А. Мадумаров, А. Абдылдаев, К. Чороев). КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке өзүн өзү көрсөтүү боюнча эки арыз түштү
31.10.2020

КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке өзүн өзү көрсөтүү боюнча эки арыз түштү

2020-жылдын 31-откябрында Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1968-жылдын 28-апрелинде туулган, ЖЧК «Аурдин» директору Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевичтен  КР БШКга арыз келип түштү. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1981-жылдын 29-сентябрында туулган,“Байыркы көчмөн цивилизациясы” тарыхый-маданий мурасты жана рухту кайра жаратуу” КФнын Башкаруунун төрагасы Чороев Кубан Аманбековичтен арыз келип түштү. Эске сала кетсек, 2020-жылдын 30-октябрында  Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке өзүн өзү көрсөтүү тартибинде өз талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арызы менен 1965-жылдын 9-мартында туулган, «Бутун Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасы Мадумаров Адахан Кимсанбаевич кайрылган. КР БШК Маалыматтык бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
БШК Кыргыз Республикасынын Президентине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктады
31.10.2020

БШК Кыргыз Республикасынын Президентине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктады. Атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелери катары - “РСК Банк” ААК жана “Айыл Банк” белгиленди.  КР Президентине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептери Борбордук шайлоо комиссиясынын уруксаты менен ачылат жана талапкерлердин, саясий партиялардын өз акча каражаттарынан, жарандар менен укуктук жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктарынан мыйзамдардын талаптарына ылайык чектөөлөр жана чек өлчөмдөрү эске алынып, түзүлөт. Мурда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан ченемдик актылардын комплекси кабыл алынган, алар талапкерлердин шайлоо фонддорун каржылоонун айкындуулугун камсыздайт,  шайлоо өнөктүгүнүн убагында талапкерлердин шайлоо фонддорунун акча каражаттарынын келип түшүү булактарын, аларды чыгымдоону милдеттүү түрдө ачыкка чыгарууну, ошондой эле жоопкерчилик ченемдерин карайт. Банк мекемелери жума сайын БШКга талапкердин атайын эсебиндеги каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы тууралу маалымат берип турат. Өз кезегинде талапкерлер БШКга өз шайлоо фонддорун түзүүнүн бардык булактары жана өлчөмдөрү, ошондой эле жүргүзүлгөн бардык чыгымдар тууралу отчетторду берип турат. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону ачык-айкын өткөрүү, ошондой эле шайлоо өнөктүгүн каржылоо тууралу шайлоочуларга өз убагында  маалымат берип туруу максатында БШК расмий сайтындагы “Шайлоо”/“Выборы” жана “Талапкерлер жана партиялар”/“ Кандидаты и партии” деген бөлүктөрдө төмөнкүдөй маалыматтарды жайгаштырат: 1) Жума сайын банк мекемелери: каражаттардын келип түшүү булактары боюнча – талапкердин  шайлоо фондуна качан, ким жана канча каражат төктү, чыгымдоо боюнча – товарлар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн качан, кимге, эмнеге жана канча төлөндү. 2) Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин финансылык отчеттору (Биринчи финансылык отчет – шайлоо күрөөсү төгүлгөндүгүн ырастаган документтерди БШКга берүү менен бир учурда; Экинчи финансылык отчет – добуш берүү күнүнө чейин 7 күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 3-январына чейин); Үчүнчү жыйынтыктоочу финансылык отчет – шайлоодон кийин 7 күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 18-январына чейин). 3) Талапкерлердин БШКнын депозит эсебине төккөн шайлоо күрөөсү тууралу маалымат. Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фонддоруна акча каражаттарынын келип түшүү булактарына, аларды туура эсепке алууну жана пайдаланылышына Көзөмөлдөө-текшерүү тобу контроль жүргүзөт жана финансылык отчетторун текшерет. БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 31-октябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
31.10.2020

2020–ж. 31-октябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2020-жылдын 31-октябры Убактысы: 15:40 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы, Көк-Арт айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы) 2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу  жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кенештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Аламүдүн, Жайыл, Нарын шаардык, Баткен шаардык, Сузак жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы) 3. Ар түрдүү маселелер.
Кененирээк билүү >>
Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын кайра өткөн шайлоо жөнүндө маалымат
30.10.2020

Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын кайра өткөн шайлоо жөнүндө маалымат

2020-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 12-октябрындагы № 251 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна – Садыков Болот Анварбекович, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган 1 талапкер катталган. Кайра шайлоо күнү  Кара-Суу айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 депутаты катышып Б.А. Садыков – 21 добуш алган.
Кененирээк билүү >>
Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын кайра өткөн шайлоо жөнүндө маалымат
30.10.2020

Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын кайра өткөн шайлоо жөнүндө маалымат

2020-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 12-октябрындагы № 251 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна – Ыбышов Каныбек Зарлыкович, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган жана Тажиев Бообек Жолдошбекович, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган 2 талапкер катталган. Тажиев Бообек Жолдошбековичтин талапкерлиги 2020-жылдын 27-октябрында берилген жеке арызынын негизинде алынды.  Кайра шайлоо күнү  Кум-Дөбө айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 17 депутаты катышып К.З. Ыбышов– 16 добуш алган, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын кайра өткөн шайлоо жөнүндө маалымат
30.10.2020

Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын кайра өткөн шайлоо жөнүндө маалымат

2020-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 12-октябрындагы № 251 токтому менен дайындалган Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна – Кааров Батырбек Дыйканбаевич, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган жана Жекшеналиев Талант Баястанович, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган 2 талапкер катталган. Кайра шайлоо күнү   Кара-Таш айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 депутаты катышып Б.Д. Кааров – 14 добуш алган, Т.Б. Жекшеналиев – 6 добуш алган, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.
Кененирээк билүү >>
БШКда донорлордун Координациялык кенеши менен жолугушуу болуп өттү
30.10.2020

БШКда донорлордун Координациялык кенеши менен жолугушуу болуп өттү

30-октябрда БШК төрайымы Н. Шайлдабекова шайлоо процессине көмөк көрсөтүү маселеси боюнча донорлордун Координациялык кеңеши менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга Кыргызстандагы ПРООН жана ЕККУ өкүлдөрү катышты.  Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар алдыда боло турган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу кызматташтык боюнча пландары менен бөлүшүп, ошондой эле КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоонун өтүшүн да талкуулашты.  Жолугушууга катышкандар Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдыктын жана уюштуруунун жүрүшүндө мыйзам бузуулар менен күрөшүүнү күчөтүү, шайлоо процессине катышкандардын эпидемиологиялык коопсуздугун камсыздоо чаралары, ошондой эле КР БШКсы шайлоо мыйзамдарына сунуш кылып жаткан өзгөрүүлөр, атап айтканда өтүү босогосун жана күрөөнү ылдыйлатуу маселелерин талкуулашты.  Н.Шайлдабекова алдыдагы Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча БШКнын иш пландары тууралуу кенен айтып берди.  Боршайкомдун жетекчиси мындан аркы шайлоолорду өткөрүүгө көрсөткөн фундаменталдуу колдоолору жана укуктук системаны түзүүдөгү бир катар өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн салымын белгилеп өттү.   Ноябрдын биринчи декадасында өнөктөштөрдүн колдоосу менен жарандык билим берүү борбору өз ишин баштайт. Ал өз ишмердигинде маалыматтык жана методикалык камсыздоо чараларын күчөтүүгө, шайлоо процессине ишенимди калыбына келтирүүгө, административдик ресурска каршы туруу үчүн укуктук базаны иштеп чыгуу багыт алат.  КР БШК Маалыматтык бөлүмү   
Кененирээк билүү >>
БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу А.К. Мадумаровдон арыз келип түштү
30.10.2020

БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу А.К. Мадумаровдон арыз келип түштү

КР БШК, 2020-жылдын 30-октябрына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке өзүн өзү көрсөтүү жолу менен көрсөтүп жаткандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын жаранынан арыз түшкөндүгү тууралуу маалымдайт. Биринчи болуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке өзүн өзү көрсөтүү тартибинде өз талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арызы менен 1965-жылдын 9-мартында туулган, «Бутун Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасы Мадумаров Адахан Кимсанбаевич  2020-жылдын 30-октябрында кайрылган. КР БШК Маалыматтык бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра өткөн шайлоо жөнүндө маалымат
30.10.2020

Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра өткөн шайлоо жөнүндө маалымат

2020-жылдын 29-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 12-октябрындагы № 250 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Орок  айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Джаныбеков Азат Максатович катталган, талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган. Кара шайлоо күнүОрок  айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 19 депутаты катышып, А.М. Джаныбеков – 18 добуш алган, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген. 
Кененирээк билүү >>
ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги
29.10.2020

ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги

ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги № Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын Шайлоону өткөрүү убактысы Талапкерлердин документтерин кабыл алуу мөөнөтү Талапкерлердин каттоо мөөнөтү 2020-жылдын 26-октябры Кайра шайлоо Ысык-Көл облусу Ысык-Көл району 1 Ананьев айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00гө чейин саат 18:00гө чейин 18.10.2020-ж. саат 18:00гө чейин 21.10.2020-ж. 2020-жылдын 30-октябры Ош облусу Ноокат району 2 Кара-Таш айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 22.10.2020-ж. саат 18:00гө чейин 25.10.2020-ж. 2020-жылдын 30-октябры Нарын облусу Кочкор району 3 Кум-Дөбө айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 22.10.2020-ж. саат 18:00гө чейин 25.10.2020-ж. 4 Кара-Суу айыл өкмөтү саат 15:00дөн 18:00 чейин саат 18:00гө чейин 22.10.2020-ж. саат 18:00гө чейин 25.10.2020-ж. 2020-жылдын 29-октябры Кайра шайлоо Чүй облусу Сокулук району 5 Орок айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 21.10.2020-ж. саат 18:00гө чейин 24.10.2020-ж. 2020-жылдын 4-ноябры Чүй облусу Москва району 6 Александровка айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 27.10.2020-ж. саат 18:00гө чейин 30.10.2020-ж. 2020-жылдын 4-ноябры Талас облусу Бакай-Ата району 7 Ак-Дөбө айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 27.10.2020-ж. саат 18:00гө чейин 30.10.2020-ж. 2020-жылдын 4-ноябры Ош облусу Кайра шайлоо Өзгөн району 8 Ак-Жар айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 27.10.2020-ж. саат 18:00гө чейин 30.10.2020-ж. 2020-жылдын 9-ноябры Нарын облусу Нарын району 9 Учкун айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 01.11.2020-ж. саат 18:00гө чейин 04.11.2020-ж. 2020-жылдын 12-ноябры Нарын облусу Ак-Талаа району 10 Тоголок-Молдо айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 04.11.2020-ж. саат 18:00гө чейин 07.11.2020-ж. 2020-жылдын 13-ноябры Чүй облусу Сокулук  району 11 Новопавловка айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 05.11.2020-ж. саат 18:00гө чейин 08.11.2020-ж. 2020-жылдын 17-ноябры Жалал-Абад облусу 12 Жалал-Абад шаары саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 9.11.2020-ж. саат 18:00гө чейин 12.11.2020-ж.
Кененирээк билүү >>
КР Президентинин кызматына талапкердин шайлоо фондундагы акча каражаттарын топтоонун, түшүү эсебинин жана чыгымдалышынын тартиби жөнүндө Жобо бекитилди
29.10.2020

КР Президентинин кызматына талапкердин шайлоо фондундагы акча каражаттарын топтоонун, түшүү эсебинин жана чыгымдалышынын тартиби жөнүндө Жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 29-октябрдагы жыйынында, КР Президентинин кызматына талапкердин шайлоо фондундагы акча каражаттарын топтоонун, түшүү эсебинин жана чыгымдалышынын тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүүнү токтом кылды. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” КР конституциялык мыйзамынын 41-42-54-беренелерине ылайык жана “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” КР мыйзамынын 7-18-беренелери боюнча КР БШКсы төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таануу чечимин кабыл алды: -Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын КР Президентинин кызматына талапкердин шайлоо фондундагы акча каражаттарын топтоонун, түшүү эсебинин жана чыгымдалышынын тартиби жөнүндөгү” инструкцияны бекитүү жөнүндөгү” 2017-жылдын 14-июнундагы №158-токтому; -Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын КР Президентинин кызматына талапкердин шайлоо фондундагы акча каражаттарын топтоонун, түшүү эсебинин жана чыгымдалышынын тартиби жөнүндөгү” инструкциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” 2017-жылдын 14-июнундагы №158-токтому менен бекитилген 2017-жылдын 28-сентябрындагы №486-токтому. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлер үчүн документтердин формасы жана тизмеги бекитилди
29.10.2020

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлер үчүн документтердин формасы жана тизмеги бекитилди

Бүгүн, 29-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы ѳзүнүн жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону ѳткѳрүүдѳ Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлер берүүчү тѳмѳндѳгү документтердин тизмегин жактыруу боюнча токтом кабыл алды: 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына кѳрсѳтүү ниети жѳнүндѳ талапкердин арызы (Форма №1); Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерди кѳрсѳтүү жѳнүндѳ саясий партиянын съездинин чечими (Форма №2); Саясий партиядан кѳрсѳтүлүүгѳ макулдугу жѳнүндѳ талапкердин арызы (Форма №3); Башка мамлекеттин жарандыгы жоктугу тууралуу маалымат (Форма №4); Чет мамлекеттин жарандыгы бардыгы же болбосо жоктугу (анын ичинде мурдагы жарандыгы, башка жарандыгы) боюнча жеке маалыматтарды иштетүүгѳ жазуу жүзүндѳгү макулдугу (Форма №5); Шайлоолорго катышуудан баш тартуу тууралуу талапкердин арызы (Форма №6); Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер жѳнүндѳ маалымат  (Форма №7); Талапкердин паспортунун кѳчүрмѳсү; Иштеген же окуган жеринен маалым кат; Шайлоо күрѳсүн тѳккѳндүгүн тастыктаган документ. 2. Ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрдү, шайлоо комиссияларындагы ѳкүлдѳрдү, байкоочуларды каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону ѳткѳрүүдѳ Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына талапкерлер берүүчү документтер: Ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрдү каттоо үчүн талапкердин арызы  (Форма №8);  Талапкердин ыйгарым укуктуу ѳкүлү болууга макулдугу жѳнүндѳ адамдын арызы  (Форма №9); Ыйгарым укуктуу ѳкүлдү чакыртып алуу жѳнүндѳ кабарлама   (Форма №10); Ишенимдүү адамды дайындоо жѳнүндѳ талапкердин арызы  (Форма №11); Ишенимдүү адам болууга макулдугу жѳнүндѳ арыз  (Форма №12);  Ишенимдүү адамды чакыртып алуу жѳнүндѳ кабарлама  (Форма №13); Шайлоо комиссиясына ѳкүлүн дайындоо жѳнүндѳ арыз  (Форма №14); Өкүлүн чакыртып алуу жѳнүндѳ кабарлама  (Форма №15); Борбордук шайлоо комиссиясы ѳзүнүн токтому менен Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону ѳткѳрүүдѳ Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлер берүүчү тѳмѳндѳгү документтердин формасын бекитти: Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына кѳрсѳтүү ниети жѳнүндѳ талапкердин арызынын формасы (№1 форма); Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерди кѳрсѳтүү жѳнүндѳ саясий партиянын съездинин чечиминин протоколунун формасы (№2 форма); Саясий партиядан кѳрсѳтүлүүгѳ макулдугу жѳнүндѳ талапкердин арызынын формасы (№3 форма); Башка мамлекеттин жарандыгы жоктугу тууралуу маалыматтын формасы(№ 4 форма); Чет  мамлекеттин жарандыгы бардыгы же болбосо жоктугу (анын ичинде мурдагы жарандыгы, башка жарандыгы) боюнча жеке маалыматтарды иштетүүгѳ жазуу жүзүндѳгү макулдугунун формасы(№ 5 форма); Шайлоолорго катышуудан баш тартуу тууралуу талапкердин арызынын формасы (№ 6 форма); Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер жѳнүндѳ маалыматтын формасы  (№ 7 форма); Белгилей кетсек, 2-пункттун 1, 2, 3, 6, 7-пунктчаларында,  3-пункттун 8, 11, 13, 14, 15-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кагаз түрүндө, ошондой эле машинада окулчу түрдө, анын ичинде “Электрондук талапкер” маалыматтык программасы аркылуу берилет. Ушул токтом менен бекитилген машинада окулчу түрдөгү документтердин формалары талапкерлер жөнүндө шайлоочуларга маалымдоо максатында маалыматтык материалдарды түзүү үчүн, ошондой эле мыйзамдар менен бекитилген ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү тутуму аркылуу талапкерлер жөнүндө маалыматтарды текшерүү үчүн пайдаланылат. Көрсөтүлгөн формалар алынуучу сактагычта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына берилет. Токтом БШК тарабынан “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын                              49, 53-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, кабыл алынды. Документтердин толук тизмеси менен Приложение №1 тиркемесиден таныша аласыз  КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК «Республика - Ата Журт» саясий партиясынын тизмесинен 1 талапкерди чыгарды
29.10.2020

БШК «Республика - Ата Журт» саясий партиясынын тизмесинен 1 талапкерди чыгарды

2020-жылдын 29-октябрындагы отурумунда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «Республика-Ата Журт» саясий партиясы көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Абдуллаев Ахмаджан Закиржановичти чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. «Республика – Ата Журт» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө Абдуллаев Ахмаджан Закиржановичтен БШКга түшкөн арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып, БШК Абдуллаев Ахмаджан Закиржановичти «Республика – Ата Журт» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгарылып, КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы «Республика – Ата Журт» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоо жөнүндө” № 69 чечиминин талапкери Абдуллаев Ахмаджан Закиржановичтин каттоо бөлүгү күчүн жоготту деп деп чечим кылды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 29-октябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
29.10.2020

2020–ж. 29-октябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2020-жылдын 29-октябры Убактысы:14.00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы 1. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы) 2. “Республика – Ата Журт» cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Абдуллаев Ахмаджан Закиржановичти чыгаруу жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы) 3. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Президенттин кызмат ордуна талапкерлер үчүн документтердин тизмеги жана формалары жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы) 4. “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу жөнүндө” Жобо тууралуу (баяндамачы – М.М. Кутбердиева, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) 5. Ар түрдүү маселелер.
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо дайындалды
29.10.2020

Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо дайындалды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 29-октябрындагы жыйынында Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоону дайындады. БШК Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 26-октябрындагы № 519 буйругу менен Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэри Тагаев Мураталы Абдыкадырович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык, шайлоо жөнүндө чечим кабыл алды. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо 2020-жылдын 17-ноябрына дайындалды. Шайлоо саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлөт. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясыга шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен (1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо, бир жолку бет каптарды колдонуу, дезинфекциялоочу эритмелер, спирт камтылган антисептик менен колду тазалоо) менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 288 290 … 483