БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

26 октября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 26-октябрындагы жыйналышында Жайыл жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин төмөнкү депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү жөнүндө токтом кылды.

Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты Сыйданов Самат Кубанычбековичтин – жеке арызы боюнча. Мандат убактылуу иштебеген Айткулуев Темирлан Намазбековичке өткөрүп берилди.

Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылдык кеңешинин депутаты Аматов Рахматила Мурзараимовичтин – каза болгондугуна байланыштуу. Мандат адвокат Бакыев Улукбек Хаджимукановичке өткөрүп берилди.

Чечим “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Жайыл жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин негизинде кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү