БШК Момбеков айылдык кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

25 октября 2020

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 25 -октябрындагы жыйынында аймактык шайлоо комиссиясынын төмөндөгү жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, ваканттык депутаттык мандатты шайланган депутаттан кийин келе жаткан талапкерге берүү чечимин бекитти.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Момбеков айылдык кенешинен - Осмонов Муратбек Тургуналиевич жеке арызына байланыштуу бошотуп, мандат жеке ишкер Калмуратов Жаныбек Аттокуровичке берилди.

Ноокен аймактык шайлоо комиссиясы “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 20-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” КР мыйзамынын 3-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жөнүндө” КР мыйзамынын 52-беренесине ылайык чечим кабыл алган.

Боршайком Ноокен ТШКнын чечимин “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 6-7-18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” КР мыйзамынын 3-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жөнүндө” КР мыйзамынын 52-беренесине ылайык бекитти.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү