КР БШКнын 2020-жылдын 25-октябрындагы жыйналышынын күн тартиби

25 октября 2020

                                                                                                                            Өткөрүү датасы: 25-октябрь 2020-ж.

                                                                                                                             Убактысы: 17.00

                                                                                                                             Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

1. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планы жөнүндө

(баяндамачы – Исаков Б.С., шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссиялардын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусунун текстин бекитүү жөнүндө

(баяндамачы – Исаков Б.С., шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)

3. Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жумушчу топторун түзүү жөнүндө

(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти)

4. Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиянын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(баяндамачы – Исаков Б.С., шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)

5. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандатты жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин бекитүү тууралуу

(баяндамачы – Исаков Б.С., шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)

6. Ар түрдүү маселелер